Ультра үн: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук
м r2.7.1) (робот кошту: sr:Ultrazvuk
54-сап: 54-сап:
[[sk:Ultrazvuk]]
[[sk:Ultrazvuk]]
[[sl:Ultrazvok]]
[[sl:Ultrazvok]]
[[sr:Ultrazvuk]]
[[sv:Ultraljud]]
[[sv:Ultraljud]]
[[ta:மீயொலி]]
[[ta:மீயொலி]]

23 декабрь 2012, саат 21:18 учурдагы нуска

Ультра үн
Дарылоо

Ультра үнгаз, суюктук жана катуу нерселердеги жыштыгы 20 кгцтен ашкан механикалык термелүүлөр.
Мындай термелүүлөр шамалдын, шаркыратманын, деңиздин шуулдашынан байкалат. Ошондой эле мотор, станоктор, ракета кыймылдаткычтар иштегенде пайда болот. Кишинин кулагы аны укпайт. Айрым жаныбарлар аны сезет жана өздөрү да чыгарат.

Пайдасы

Ультра үн айрым ооруну дарылоодо кеңири колдонулат. Мында электр тогу кварц же барий титанатынан жасалган пластинкага өтөт. Пластинка электр талаасы таасир эткенде өзүнүн көлөмүн өзгөртөт (кичиреет жана чоңоёт). Анын кыймылы тиймек аркылуу ткандарга өтөт. Ультра үн менен дарылоочу аппарат өзүнчө үкөктө орнотулган өзгөрүлмө токтун генераторунан жана денеге тийгизүүчү башчадан турат. Анын учуна кварц пластинкасы жабыштырылат. Аппараттын учу менен дененин ортосунда аба болсо үн термелүүлөр өтпөйт. Ошондуктан аппараттын учу менен дене ортосунда абасыз чөйрө (май, суу) болууга тийиш. Ал үчүн дененин тиешелүү бөлүктөрүнө вазелин сыйпалып, аппараттын учу денеге абдан тыгыз кармалат. Ультра үн менен дененин жабыркаган жерине же рефлекс зоналарына гана таасир этүү керек. Дарылоо 10—12 жолу жүргүзүлүп, ар бир процедура 5 —10 мин. созулат. Ультра үн менен дарылаганда организмдин ткандарында татаал процесс жүрөт. Анда ткандын бөлүкчөлөрү жогорку жыштыктагы термелүүлөргө учурап, ткань аралыгында жылуулук көп чыгып, майда кан тамырлар кеңейип, кан жүрүү, биохимиялык реакциялардын өтүшү күчөйт, нерв учтары дүүлүгөт. Ультра үн ооруну басаңдатуучу, спазмга, сезгенүүгө каршы таасир берет, кан жана лимфа айланууну күчөтөт. Ультра үн менен дарылоо четки нервдердин, булчуңдардын, муундардын, теринин сезгенүү ооруларында, карын жарасында, бронх астмасында, өнөкөт тонзиллитте, аялдын жыныс органдарынын өнөкөт ооруларында жана башкалар колдонулат. Ошондой эле ар кандай ооруларга (мисалы, шишик, өт таштары жана башкалар) диагноз коюуда, стоматологияда бормашинанын ордуна пайдаланылат. Боюнда бар аялдарга, кан кеткенде, күчөгөн атеросклероздо, мээде кан айлануу бузулганда, миокарддын инфаркты менен ооругандарга, гипертония оорусунун 2—3-стадиясында, кан, шишик ооруларында ультра үн менен дарылоого болбойт. Айрым кишилерде алгачкы процедуралардан кийин чарчагансып, уйку келип, баш айланат. Мындай учурда врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8