Силлогизм: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы) +*[[Философ... |
м r2.7.3) (робот кошту: uk:Силогізм |
||
57-сап: | 57-сап: | ||
[[sv:Syllogism]] |
[[sv:Syllogism]] |
||
[[tl:Silogismo]] |
[[tl:Silogismo]] |
||
[[uk:Силогізм]] |
|||
[[vi:Tam đoạn luận]] |
[[vi:Tam đoạn luận]] |
||
[[zh:直言三段论]] |
[[zh:直言三段论]] |
12 январь 2013, саат 08:47 учурдагы нуска
Силлогизм (грек. sollogismos – эсептеп, санап чыгуу), эки ойдон үчүнчүсүн – корутундуну чыгаруучу логикалык дедуктивдүү (жалпыдан жекеге келүүчү) ой корутундусу.
Сиоллогизмдин негизги жобосу катары төмөнкү төрт тыянак алынат:
- жалпы ырастоочу («Бардык S – бул Р»),
- жалпы тануучу («Бир да S – бул Р эмес»),
- жеке ырастоочу («Айрым S – бул Р»),
- жеке тануучу («Айрым S – бул Р эмес»).
Мында – S (субъект) – сөз болуп жаткан нерсе, Р (предикат) – сөз болуп жаткан нерсенин белгиси. Туура түзүлгөн Силлогизм үч терминден турат:
- 1) кичине термин (S) – корутундунун субъектиси;
- 2) чоң термин (Р) – корутундунун предикаты;
- 3) орто термин (М) – эки ойго катышып, корутундуга катышпайт.
Силлогизмде үч гана термин болуш керек, төртүнчүсү – ашыкча. Мисалы: «Бир да кит (М) – бул балык (Р) эмес; бардык киттер (М) балыктар түрүнө (S) кирет; Демек, айрым балык түрүндөгүлөр (S) – бул балык (Р) эмес». Силлогизмдин аксиомасы: «Жалпыда ырасталган (танылган) нерсе салыштырмалуу түрдө анын жеке бөлүкчүлөрүндө да ырасталат (танылат)».
Колдонулган адабияттар
- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8