Андронов маданияты: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап: 1-сап:
{{Маданий-тарыхый жалпылык
| Тема = [[Коло доору]]
| Аталышы = Андронов маданияты
| Мурун болгон-маданият = <big><big>←</big></big>[[Ям маданияты|Ямдык]] <br /><big><big>←</big></big>[[Афанасьев маданияты|Афанасьев]]
| Кийин болгон-маданият = [[Сруб маданий-тарыхый жалпылык|Сруб]]<big><big>→</big></big> <br />[[Карасук маданияты|Карасук]]<big><big>→</big></big>
| Регион =
| Иллюстрациялоо = [[Файл:Indo-Iranian origins.png|thumb|250px|]]
| Курамындагы маданияттар = [[Синташта|Синташта]], Алакөл, Фёдоров
| Даталоосу = [[б. з. ч. XVII кылым|б. з. ч. XVII]]—[[б. з. ч. IX кылым|б. з. ч. IX кылым]]
| Жайылган аймактары = [[Түштүк Урал]], [[Батыш Сибирь]], [[Орто Азия|Орто Азиянын]] батыш бөлүгү
| Этникалык таандыгы = [[арийлер]]
| Чарба тиби =
| Негизги изилдөөчүлөрү = [[Теплоухов, Сергей Александрович|С. А. Теплоухов]], [[Сальников, Константин Владимирович|К. В. Сальников]], [[Зданович, Геннадий Борисович|Г. Б. Зданович]]
| Уикискладдагы категория = Andronovo culture
}}

'''Андронов маданияты (маданий-тарыхый жалпылык)''' — [[Коло доору|коло дооруна]] таандык б. з. ч. XVII—IX кылымдардагы [[Батыш Сибирь|Батыш Сибирди]], [[Орто Азия|Орто Азиянын]] батыш бөлүгүн, [[Түштүк Урал|Түштүк Уралды]] кучагына алган өз ара жакын [[археологиялык маданият|археологиялык маданияттар]] тобунун жалпы аталышы.

== Ачылыш тарыхы ==
Аталышы [[Ачинск]]ке жакын [[Андроново (Краснояр крайы)|Андроново]] айылынан, [[1914-жыл]]ы [[Тугаринов, Аркадий Яковлевич|А. Я. Тугаринов]] тарабынан алгачкы өлүк көмүү жерлери табылган жерден улам келип чыгат.

Андронов маданияты [[1927-жыл]]ы [[ССР Союзу|советтик]] [[археолог]] [[Теплоухов, Сергей Александрович|С. А. Теплоухов]] тарабынан белгиленген эле. Изилдөөлөрдү ошондой эле археолог [[Сальников, Константин Владимирович|К. В. Сальников]] жүргүзүп, [[1948-жыл]]ы андронов маданиятынын эстеликтеринин биринчи классификациясын сунуштаган. Ал үч хронологиялык этапты; фёдоров, алакөл жана замараев дегендерди бөлүп чыгарган.

Учурда андронов маданиятынын курамында аз өлчөм боюнча 4 тууган маданияттар берилет:
* '''Синташта-Петровка-Аркаим''' ([[Түштүк Урал]], түндүк [[Казакстан]], б. з. ч. 2200—1600,
** [[Челябин областы|Челябин областындагы]] б. з. ч. 1800 деп даталанган [[Синташта]] коргону;
** Ошол эле Челябин областындагы б. з. ч. 1700 деп даталанган [[Аркаим]] турак-жайы;
* '''Алакөл''' (б. з. ч. 2100—1400), [[Амударыя]] менен [[Сырдарыя]] аралыгындагы райондо, [[Кызылкум]] чөлү;
** чыгыш Казакстандагы '''Алексеевка''' (б. з. ч. 1300—1100), [[Түркмения|Туркмениядагы]] VI к. [[Намазга-Тепе]]нин таасири
** [[Тюмен областы|Тюмен областынын]] түштүгүндөгү '''[[Ингал өрөөнү]]'''; мында алакөл, фёдоров жана [[Саргат маданияты|саргат]] маданияттарынын эстеликтери бирин-бири ырааттуу түрдө алмаштырганы белгилүү<ref>''Спицына Л.'' [http://www.poisknews.ru/2006/12/22/zov_vekov.html Зов веков]</ref><ref>''Матвеев А.'' [http://www.sbras.ru/win/elbib/hbc/article.phtml?nid=80&id=14 Снова об Ингальской долине]</ref>
* '''Фёдорово''' (б. з. ч. 1500—1300), Түштүк Сибирде (биринчи жолу [[кремация]] жана [[от культу]] кезиккен);
** '''Бешкент району — Вахш''' ([[Тажикстан]]), б. з. ч. 1000—800.


[[Файл:Indo-Iranian origins.png|thumb|250px|]]
[[Файл:Indo-Iranian origins.png|thumb|250px|]]
'''Андронов маданияты.'''Бул маданияттын алыскы түштүк-батыш менен байланышы болгону байкалат; мында кечээ жакында эле кечирээк мезгилге таандык болгон окшош типтеги маданият табылган жана ал б.з.ч. доорлордо 1500—1000-жыл бою өнүгүп отурган.
'''Андронов маданияты.'''Бул маданияттын алыскы түштүк-батыш менен байланышы болгону байкалат; мында кечээ жакында эле кечирээк мезгилге таандык болгон окшош типтеги маданият табылган жана ал б.з.ч. доорлордо 1500—1000-жыл бою өнүгүп отурган.

21 январь 2013, саат 07:27 учурдагы нуска

Калып:Маданий-тарыхый жалпылык

Андронов маданияты (маданий-тарыхый жалпылык)коло дооруна таандык б. з. ч. XVII—IX кылымдардагы Батыш Сибирди, Орто Азиянын батыш бөлүгүн, Түштүк Уралды кучагына алган өз ара жакын археологиялык маданияттар тобунун жалпы аталышы.

Ачылыш тарыхы

Аталышы Ачинскке жакын Андроново айылынан, 1914-жылы А. Я. Тугаринов тарабынан алгачкы өлүк көмүү жерлери табылган жерден улам келип чыгат.

Андронов маданияты 1927-жылы советтик археолог С. А. Теплоухов тарабынан белгиленген эле. Изилдөөлөрдү ошондой эле археолог К. В. Сальников жүргүзүп, 1948-жылы андронов маданиятынын эстеликтеринин биринчи классификациясын сунуштаган. Ал үч хронологиялык этапты; фёдоров, алакөл жана замараев дегендерди бөлүп чыгарган.

Учурда андронов маданиятынын курамында аз өлчөм боюнча 4 тууган маданияттар берилет:


Андронов маданияты.Бул маданияттын алыскы түштүк-батыш менен байланышы болгону байкалат; мында кечээ жакында эле кечирээк мезгилге таандык болгон окшош типтеги маданият табылган жана ал б.з.ч. доорлордо 1500—1000-жыл бою өнүгүп отурган.

Сөз байыркы минусиндиктер дин чарбасынын жана социалдык түзүлүшүнүн өнүгүшүнүн кийинки этаптары жөнүндө, андронов маданияты деп аталган маданият жөнүндө болуп жатат. Бул маданият ушул типтеги эстеликтер биринчи жолут абылган Минусин крайынын Ачинск районундагы Андронов кыштагынын аты менен аталган.

Андронов маданиятынын бейиттери сыртынан караганда мурдагы өткөн мезгилдеги бейиттердин тиби менен бир кыйла окшош келет. Мында да бейиттин айланасы тегерете же төртбурчтук түрүндө таш менен курчалган. Кээде бейиттин үстүндө анчалык бийик эмес топурак үйүлгөн. Көрүстөндөрдүн ар биринде 12 бейит бар. Анчалык терең эмес казанактын ички беттери жыгач же таштакталар менен бекемделген.

Андронов көрүстөндөрү афанасьевдикине караганда биркыйла өнүккөн маданият экендиги жөнүндө кабарлайт. Мындаформалары ар түрдүүболгон, сапатыжакшыкарапакөңүлдү бурат; алар үчбурчтук, ромб, фестон, меандр ж.б. түрүндөгү ар түрдүү оймо-чиймелер менен кооздолгон идиштердин формалары да башкача. Эгерде афанасьев идиштеринин түбү шиштигийкелип, оттун күлүнө тереңирээк батырып коюуга ылайыкталса, андронов идиштеринин түбү жалпак келип, турак-жайдын таманынын түз экенинен жана ал жайтуруктуу жашоого ылайыкталганынан кабар берет.<

Адамдар эми жездин ордуна колону эритип алууну үйрөнүшкөн. Колонун сапатынын акырындык менен жакшырышы кооздук үчүн жасалгаларды жасоо менен катар, эмгек куралдарын да куюп жасап алууга мүмкүндүк берген. Адамдар эми колодон жоо-жарактарды (миздүүбалталар, бычактар же канжарлар, тешкич, найзалардынучтары) жана эмгек куралдарын — шибеге, орокжасашкан. Эрити пкуюу металл буюмдарды жасоонун негизги ыгы болуп калган, ал эми чыңоо ыгы болсо шаймандын мизин, учтарын чыгарууга жана курчутууга гана пайдаланылган. Химиялык жол менен колонун курамын талдоо, казылып алынган таштан жасалган куюу формалары жана буюмдардын түрлөрүнүн көптүгү, ошондой эле, жез, коло жана алтын алуу үчүн жер алдындагы кен казып алынган терең жайлар металлургия өндүрүшүнүн өнүккөнүнөн кабар берет.

Мал чарбачылыгы менен кетмен колдонулган дыйканчылыктын андан ары өнүгүшү андронов тибин деги маданияттагы өтө маанилүү нерсе болуп саналат. Археологдор тарабынан казылган бардык бейиттерде жалаң гана үй жаныбарларынын — койдун, өгүздүн, жылкынын сөөктөрүнүн табылганы мал чарбачылыгынын өнүккөнүн айгинелейт. Ушул мезгилге таандык болгон конуштарда үй жаныбарларынын сөөгү жапайы жаныбарлардыкын акараганда алда канча көптүк кылат. Жапайы жаныбарларды нтабылган сөөктөрү мурдагы мезгилге салыштырганда экинчи пландат урган болсо да, мергенчиликтин сакталып калганынан кабар берет. Үй жаныбарлары адамдарга эт тамак - аштарын гана бербестен, жүн да берген; адамдар ал жүндөн кездеме токууну да үйрөнүшкөн, буга бир бейиттен табылган жүн кездемеден жасалган анчалык чоң эмес тумак күбө боло алат.

Андронов маданияты доорунда адамдын отурукташуусунун өнүккөнү бейит курулуштарынын мүнөзү менен гана эмес, ошондой эле изилденген конуш жайларынын өзгөчөлүгү менен да далилденип отурат; бул болсо дыйканчылыктын пайда болушу менен шартталып, мал чарбасынын муктаждыгынан улам — жем-чөп даярдоого байланыштуу өсүпчыкканы шексиз; буга жера йдоочу куралдарга караганда сан жагынан алдаканча көп болгон ороктун кеңири тараганы далил. Жер айдоочу куралдардан конуштардын биринен (Александровка кыштагы) табылган сөөк кетмендер гана белгилүү.

Бул мезгилдеги социалдык мамилелердин өнүгүшү патриархалдык мамилелердин анда наркы өнүгүшү жана чыңалышы менен коштолгон. Мындагы мүнөздүү нерсе, жалгыздап көмүлгөн эркектердин бейиттери дээрлик жок болуп калган эле. Өз алдынча патриархалдык үй-бүлөнүн пайда болушу мүлк жагындагы теңсиздиктин башталышынан көрүнүп, айрым бейиттердеги буюм-тайындардын ар түрдүүлүгүнөн да байкалыптурат. Эми биркыйла бай жана жарды бейиттер пайда боло баштаган. Согуштар мал чарбачылыгынын өнүгүшүнүн жана байлыктын көбөйүшүнүн түздөн- түз натыйжасы болгон, ал жоо-жарактын жаңы түрлөрүн талап кылган. Жоо-жарактар эмгек куралдарынан ачык айырмаланып, алар жакшы жана кылдаттык менен жасалып, кооздоло баштаган.

Андронов маданиятынын өзгөчөлүгү анын өтө кеңири жайылгандыгында, мындай жайылуу алмашуунун өнүгүп жаткандыгынын гана эмес, бүткүл мурдагы тарыхый процесстин да натыйжасы десе болот.

Эмнеси болсо да, биз эми Енисейден тартып батышка, Хорезмге чейин тараган маданиятты көрүп отурабыз. Ошондой болсо да, белгилеп кете турган нерсе, Хорезм маданияты түштүк сибирдик маданиятка жакыныраак келет. Андронов маданиятынын эстеликтери Обдо, Алтайда, борбордук жана чыгыш Казахстанда жана да, акырында, Арал деңизинин бойлорунда жолугат. Андронов тибиндеги буюмдар Түндүк Тянь-Шандын этектеринде, Ысык-Көлдө жана Сокулук суусунун алабында табылган.

Енисейдин андронов маданияты мына ушул зор аймактагы бирдиктүү маданий комплекстин эң четки чыгыш варианты болупсаналат. Енисейдин түштүгүрөөк жана чыгышыраак тарабында бул маданияттын издери али күнгө чейин табылганжок. Андронов маданияты тараган бардык аймактарда жергиликтүү айырмачылыктар бар экени байкалат, алсак, Алтай жана Минусин крайынын маданияты бири-бирине жакын, ал эми коло маданиятынын казакстандык варианты булардан айырмаланып турат. Хорезмдин таза багьян маданиятынын да өзүнчө жергиликтүү белгилери бар. Коло маданиятынын Кыргызстандагы эстелик-тери кокустан табылган эстеликтерден жана бир кенчтен турат, ошондой болсо да, түндүк Кыргызстан колосунун өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар экендигин айтууга болот. А түгүл ушул айтылган аймактын чектеринде да биркыйла алыскы жерлерден, атап айтканда, Чыгыш Европада жаралган эстеликтердин бар экенин байкайбыз. Буларга сеймин тибиндеги деп аталган келттер (тешкичтер) (Ока); кооздук жасалгалардын айрым түрлөрү жана д.у.с. таандык.

Енисейден тартып Уралга чейинки аймакта өнүккөн кеңири маданияттын өзөзгөчөлүгү бар бир бөлүгүн түзгөн жана ал мал чарбачылыгынын калыптанышына байланыштуу пайда болгон; бул мал чарбачылыгыдый канчылык жана аңчылык менен айкалышып, патриархалдык үй-бүлөнүн жана этностук жактан бир тектүү эмес болсо да, эң болбоду дегенде мал чарбачылыгы менен кесиптенген жакын урууларды бириктирген алгачкы уруулук союздардын түзүлүшүнө негиз болгон.

  1. Спицына Л. Зов веков
  2. Матвеев А. Снова об Ингальской долине