Баротерапия: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук
м r2.7.3) (робот кошту: kk:Баротерапия
23-сап: 23-сап:
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Дарыгерлик]]


[[kk:Баротерапия]]
[[ru:Баротерапия]]
[[ru:Баротерапия]]

28 февраль 2013, саат 06:24 учурдагы нуска

Баротерапия — дарылоо максатында төмөнкү же жогорку атмосфера басымын колдонуу. Ал атайын жабдылган барокамерада жүргүзүлөт. Жалпы баротерапияда кычкылтек, кычкылтеги бар аба же башка газ аралашмаларынын жогорку же төмөнкү басымын пайда кылып, бир же бир нече оорулууну барокамерага жаткырат. Кийинки кезде чыккан барокамераларда атмосфералык басымдан башка, температураны, абанын нымдуулугун, ошондой эле оң жана терс иондордун өлчөмүн жөнгө салууга болот.

Колдонуу

Декомпрессиялык ооруларды дарылоодо — абанын жогорку басымындагы баротерапия, көк жөтөл, бронх астмасын дарылоодо абанын төмөнкү басымындагы баротерапия колдонулат. Гипертония оорусунун башталышында, жүрөктүн ишемия оорусун жана ичеги-карындын кээ бир ооруларын дарылоо биатрондо жүргүзүлөт. Анда атмосфера басымы абанын нымдуулугу жана андагы кычкылтектин өлчөмү тиешелүү түзүлүштө болот.

Дарылоонун убактысы

Оорулуулар биатронго узак убакытка (14—20 күн) жаткырылат, аларга атайын шлюз жана сүйлөшө турган түзүлүш аркылуу тамак берилип, байланыш жүргүзүлөт. Жергиликтүү баротерапия эндартериит[1], миалгия (булчуң сезгенип ооруганда), невралгия жана башка ооруларда жасалат. Жалпы баротерапиянын бир түрү жогорку басымдагы кычкылтек менен дарылоо. Басымы 2—3 атм болгон кычкылтек менен дем алганда, өпкөдө анын парциалдык басымы өтө жогорулап, кан плазмасында кычкылтектин эригичтиги күчөп, организмдин ткандары ага толук камсыз болот. Жалпы баротерапиянын ушундай ыкмасын «гипербаралык оксигенация[2] Барокамералардын терапиялык блогунда жогорку басым астында эндартериит, жүрөктүн ишемия оорусу, карын менен он эки эли ичегинин жарасы, көздүн торчо кабыгынын ишемиясы менен жабыркагандар дарыланат. Изилдөөчү камерада жүрөк-кан тамыр жана өпкөнүн иштеши начарлаганда жана башка оорулууларга интенсивдүү терапия жана реанцмация жүргүзүлөт. Жасалма кан айландыруу менен жасалган операциядан келип чыккан мээнин аба эмболиясында жогорку басым (6—7 атм) жакшы таасир берет. Гипербаралык оксигенация газ гангренасында да жакшы натыйжа берет.

Барокамерадагы дарылоо

Биздин өлкөдө кычкылтек толтурулган бир орундуу «ОКА» барокамерасы чыгарылат. Баротерапияны дарылоо мекемесинде атайын даярдыктан өткөн догдур жүргүзөт.

Дарылоого болбогон оорулар

Жалпы баротерапия кан агуу коркунучу бар ооруларда, гемофилия, өпкөнүн кургак учугунда жүргүзүлбөйт.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер

  1. Эндартериит
  2. Гипербарическая оксигенация