Мухаммед Хайдар: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 6 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q3080648 (translate me)
1-сап: 1-сап:
'''МУХАММЕД ХАЙДАР, Мырза Мухаммед Хайдар ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөн''' (Куреган, Гураган) дуглат (1499/1500, [[Ташкент]] ш.–1551, [[Кашмир аймагы]], [[Индия]]) – саясий ишмер, тарыхчы. Көпчүлүк изилдөөлөрдө Мырза Хайдар дуглат же Хайдар-мырза катары да белгилүү болуп, өзү Айаз деген адабий псевдонимди (тахаллус) колдонгон. Ата-теги Моголстан ж-а Чыгыш Түркстандын тарыхында маанилүү роль ойногон моголдордун дуулат уруусунан чыккан белгилүү эмирлер болгон. Мис., могол хандарына кылган артыкча кызматы үчүн Кашкар аймагы (к. Манглай Субе) түпкү аталарынын бири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийген. Кийинки атасы Пуладчи (Буладжи) өз колу м-н Туглук Тимурду, дагы бир атасы Худайдад Моголстандын тагына алты хан отургузса, М. Х-дын үчүнчү атасы Сайид Али Улугбектин кол башчысын Кашкардан кууп чыгып, аны узак убакыт бою бийлеп турган. Чоң атасы Мухаммед Хайдар мырза да бир топ жылдар Кашкарды бийлеген, бирок 1480-ж. аны жакын тууганы Абу-Бакрга тарттырып жиберип, өзү Юнус хандын кол алдына кеткен. Өз атасы Мухаммед Хусейн жашынан Султан Махмуд хан м-н чогуу тарбияланып, кийин Орто-Төбөнү башкарган ж-а шейбанилер Ташкентти алганда, Кара-Тегин, андан Кабулга качып, Бабур шахка каршы козголоңго катышууга үлгүргөн. Кийин Ферганга кайтып, ал жерден Мухаммед Шейбанинин буйругу м-н өлтүрүлгөн. Мындай шартта 9 жаштагы М. Х-дын башына да коркунуч туулуп, атасынын нөөкөрү (Маулан Мухаммед) аны 1509-ж. Бадахшанга, андан Бабурдун алдына жеткирген. Ал жерде бир нече жыл жүрүп, жүрүштөргө катышып, эрдиктерди көрсөткөн. 1512-ж. Анжияндагы Султан Саиддин алдына келип, өмүр аягына чейин ага кызмат кылган. Абд ар-Рашид хандын тарбиячысы болгон ж-а кол башчы катары Бадахшан, Тибет ж. б. жерге жасалган жортуулдарга катышкан. Султан Саид хан өлгөндөн кийин (1533) такка отурган Абд ар-Рашид дуулаттарга катуу кысым көрсөтүп, биринчилерден М. Х-дын аталаш агасы Сайид Мухаммед мырзанын башын алдырган. Ушуга байланыштуу М. Х. аденгенде Бадахшан, андан Лахорго качып, Бабурдун уулу Камран мырзага кызмат кылган. 1539–40-ж. Агра ш-ндагы Хумаюнга (1530–1556) келип, анын жардамы м-н 1541-ж. Кашмирди каратып, 1551-ж. ушул жердеги тоолук уруулар м-н болгон уруштун биринде байкоостон өз жаачысы тарабынан каза болгон. Өз эскерүүлөрү ж. б. тарыхый эмгектерге таянып, 1541–47-ж. эки бөлүмдөн («дептер») турган фарсы тилиндеги [[Тарих-и Рашиди|«Тарих-и Рашиди»]] деген эмгегин жазган. Иш жүзүндө бул эмгек бийликтен ажыраган М. Х-дын Рашид ханга кайрылып, түпкү аталарынан (монгол урууларынын ичиндеги дуулаттар) бери Чыңгыз хандын тукумуна адал кызмат кылып, колдоп, бир нечесин такка отургузганын, алардын бийлигин башка хандардан ж-а жерг. уруулардан коргоп келгенин эскерип отурат. Анда автор кыргыздар катышкан көптөгөн окуяларды да баян кылган. Мындан тышкары анын «Жахан наме» деген поэмасы сакталып калган.

Ад.: Бартольд В. В. Хайдар-мирза. Соч. Т. VIII. М., 1973; Мухаммед Хайдар Дулати, Тарих-и Рашиди. А., 1999; Абусейитова М. Х., Баранова Ю. Г. Писменные источники по истории и культуре Казахстана и Центральной Азии в XIII-XVIII вв. А., 2001.

[[az:Mirzə Heydər Duqlat]]
[[en:Mirza Muhammad Haidar Dughlat]]
[[fr:Mirza Haidar]]
[[kk:Мұхаммед Хайдар Дулати]]
[[ru:Мирза Мухаммад Хайдар]]
[[tr:Mirza Muhammet Haydar Duğlat]]

11 март 2013, саат 10:18 учурдагы нуска

МУХАММЕД ХАЙДАР, Мырза Мухаммед Хайдар ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөн (Куреган, Гураган) дуглат (1499/1500, Ташкент ш.–1551, Кашмир аймагы, Индия) – саясий ишмер, тарыхчы. Көпчүлүк изилдөөлөрдө Мырза Хайдар дуглат же Хайдар-мырза катары да белгилүү болуп, өзү Айаз деген адабий псевдонимди (тахаллус) колдонгон. Ата-теги Моголстан ж-а Чыгыш Түркстандын тарыхында маанилүү роль ойногон моголдордун дуулат уруусунан чыккан белгилүү эмирлер болгон. Мис., могол хандарына кылган артыкча кызматы үчүн Кашкар аймагы (к. Манглай Субе) түпкү аталарынын бири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийген. Кийинки атасы Пуладчи (Буладжи) өз колу м-н Туглук Тимурду, дагы бир атасы Худайдад Моголстандын тагына алты хан отургузса, М. Х-дын үчүнчү атасы Сайид Али Улугбектин кол башчысын Кашкардан кууп чыгып, аны узак убакыт бою бийлеп турган. Чоң атасы Мухаммед Хайдар мырза да бир топ жылдар Кашкарды бийлеген, бирок 1480-ж. аны жакын тууганы Абу-Бакрга тарттырып жиберип, өзү Юнус хандын кол алдына кеткен. Өз атасы Мухаммед Хусейн жашынан Султан Махмуд хан м-н чогуу тарбияланып, кийин Орто-Төбөнү башкарган ж-а шейбанилер Ташкентти алганда, Кара-Тегин, андан Кабулга качып, Бабур шахка каршы козголоңго катышууга үлгүргөн. Кийин Ферганга кайтып, ал жерден Мухаммед Шейбанинин буйругу м-н өлтүрүлгөн. Мындай шартта 9 жаштагы М. Х-дын башына да коркунуч туулуп, атасынын нөөкөрү (Маулан Мухаммед) аны 1509-ж. Бадахшанга, андан Бабурдун алдына жеткирген. Ал жерде бир нече жыл жүрүп, жүрүштөргө катышып, эрдиктерди көрсөткөн. 1512-ж. Анжияндагы Султан Саиддин алдына келип, өмүр аягына чейин ага кызмат кылган. Абд ар-Рашид хандын тарбиячысы болгон ж-а кол башчы катары Бадахшан, Тибет ж. б. жерге жасалган жортуулдарга катышкан. Султан Саид хан өлгөндөн кийин (1533) такка отурган Абд ар-Рашид дуулаттарга катуу кысым көрсөтүп, биринчилерден М. Х-дын аталаш агасы Сайид Мухаммед мырзанын башын алдырган. Ушуга байланыштуу М. Х. аденгенде Бадахшан, андан Лахорго качып, Бабурдун уулу Камран мырзага кызмат кылган. 1539–40-ж. Агра ш-ндагы Хумаюнга (1530–1556) келип, анын жардамы м-н 1541-ж. Кашмирди каратып, 1551-ж. ушул жердеги тоолук уруулар м-н болгон уруштун биринде байкоостон өз жаачысы тарабынан каза болгон. Өз эскерүүлөрү ж. б. тарыхый эмгектерге таянып, 1541–47-ж. эки бөлүмдөн («дептер») турган фарсы тилиндеги «Тарих-и Рашиди» деген эмгегин жазган. Иш жүзүндө бул эмгек бийликтен ажыраган М. Х-дын Рашид ханга кайрылып, түпкү аталарынан (монгол урууларынын ичиндеги дуулаттар) бери Чыңгыз хандын тукумуна адал кызмат кылып, колдоп, бир нечесин такка отургузганын, алардын бийлигин башка хандардан ж-а жерг. уруулардан коргоп келгенин эскерип отурат. Анда автор кыргыздар катышкан көптөгөн окуяларды да баян кылган. Мындан тышкары анын «Жахан наме» деген поэмасы сакталып калган. Ад.: Бартольд В. В. Хайдар-мирза. Соч. Т. VIII. М., 1973; Мухаммед Хайдар Дулати, Тарих-и Рашиди. А., 1999; Абусейитова М. Х., Баранова Ю. Г. Писменные источники по истории и культуре Казахстана и Центральной Азии в XIII-XVIII вв. А., 2001.