Смит, Жеймс Эдвард: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот кошту: ja:ジェームズ・エドワード・スミス
м Bot: Migrating 15 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q458004 (translate me)
71-сап: 71-сап:
[[Category:Биология]]
[[Category:Биология]]
[[Category:Окумуштуулар]]
[[Category:Окумуштуулар]]

[[az:Ceyms Edvard Smit]]
[[ca:James Edward Smith]]
[[de:James Edward Smith (Botaniker)]]
[[en:James Edward Smith]]
[[es:James Edward Smith]]
[[fr:James Edward Smith]]
[[id:James Edward Smith]]
[[it:James Edward Smith]]
[[ja:ジェームズ・エドワード・スミス]]
[[la:Iacobus Eduardus Smith]]
[[pl:James Edward Smith]]
[[pt:James Edward Smith]]
[[ru:Смит, Джеймс Эдвард]]
[[sv:James Edward Smith]]
[[zh:詹姆斯·爱德华·史密斯]]

11 март 2013, саат 10:20 учурдагы нуска

Лондондогу Линней коомунун президенти
Сэр Джеймс Эдвард (Джемс-Эдвард) Смит
Ысымы: Сэр Джеймс Эдвард (Джемс-Эдвард) Смит
Туулган жылы: 2.12.1759
Туулган жери: Норвич, Англия
Каза богон жылы: 17.3.1828
Жарандуулугу: Улуу Британия
Илимий чөйрөсү: Ботаника
Илимий жетекчиси: Джон Эрнст Уокер, Джозеф Блэк

Сэр Джеймс Эдвард (Джемс-Эдвард) Смит (2-декабря 1759, Норвич, Англия17-март 1828) — англиялык ботаник, Лондондогу Линней коомунун негиздөөчүсү.

Өсүмдүктөрдүн систематикасы тууралуу жазуулары менен белгилүү болгон, алардын ичинен Улуу Британиянын флорасы негизги орунда турат.

Илимге карай жол

1780-жылдары химияны профессор Джозеф Блэктен, ал эми табят таанууну профессора Джон Уокерден Эдинбург университетинен билим ала баштаган.

1783-жылы Смит окуусун андан ары тереңдетүү максатында Лондонго келет. Ал жерден Смит Джозеф Банкс менень таанышып достошот, ал кезде Джозеф Банкска Карл Линнейдин уулу Карл Линней кичүү көз жумгандан кийин, анын атасынын кол жазмаларын жана гербарийлерин сатып алуу сунушу түшкөн, бирок Банкс аны четке каккан. Ал эми Смит болсо баардык коллекцияны 1 000 фунт стерлингге сатып алган. Коллекция Лондонго 1784-жылы алынып келинген, ал эми 1786-жылы Смит Падышалык коомдун мүчөсү катары кабыл алынган.

1786 жана 1788 - жылдары Смит өзүнүн Чоң саякатын баштаган, ал саякатта ал, Нидерланды, Францияда, Италияда жана Швейцарияда болуп, ал жактагы ботаниктер менен таанышып, гербарий чогултуп келеген.

1788-жылы, Смит Лондондогу Линней коомун түзүп, өмүрүнүн акыоына чейин анын президенти болгон.

1796-жылы ал Линнейдин коллекциясы менен бирге Норвичке көчүп келет. Анын китепканасы жана ботаникалык коллекциясы бүткүл европага таанылыт, ал коллекцияларга баардык континенттен көпсүлүк энтомологдор жана ботаниктер кызыгып келишкен.

Смит өмүрүнүн калган отуз жылын ботаника боюнча макалаларга жана китептерге арнап келген.

Анын негизги эмгектери болуп - Flora Britannica жана Английская флора (англ.|The English Flora, 4 тому, 1824—1828).

Смит Джон Сибторп баштаган, он сегизинчи кылымдын негизги ботаникалык чыгарылышы болгон 7 томдон турган Flora Graeca басып чыгарган.

Смит басмакананын ээси жана ботаникалык иллюстратор Джеймс Соуэрбай менен тыгыз байланышта болуп, анын сүрөттөрүнө ботаникалык мүнөздөмө берип келген[1]. Англиядагы өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү мурда коозчулукка гана пайдаланылып келинген, бирок бакчылыкка жана табийгый тарыхка болгон кызыгуу да көп болгон, алар көпчүлүк илимий окуулардын башаты болуп келген Жаңы Голландиянын флорасынын үлгүсү жана Англия ботаникасы 36 томдон турган эмгек.

1797-жылы Смит американын курт-кумурскалары тууралуу Джорджиянын чанда кездешүүчү жарган канаттуу курт-кумурскалары деген аталыштагы биринчи китепти жарыкка чыгарган (The Natural History of the Rarer Lepidopterous Insects of Georgia)[2]. Ал китепте Джон Эбботтун сүрөттөрү жана эскерүүлөрү, ошондой жле жаңы түрлөрдүн мүнөздөмөлөрү Эбботтун сүрөттөрүнүн негизинде Смие аркылуу чагылдырылган.

Смиттин Уильям Роскоу менен достугу, анын 1806-1817-жылдыр аралыгында Смиттин гербарийлеринин борбору болгон Ливерпуль ботаникалык багына Ройлго гербарийлерди толуктоо үчүн 5 000 өсүмдүк жиберүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн[3].

Смиттин өлүмүнөн кийин Линнейдин жана Смиттин өзүнүн гербарийлер коллекциясы Линней коому тарабынан 3 150 фунтка бааланып сатылып алынган.

Epilobium parviflorum Schreb. English botany; or, coloured figures of British plants by James Edward Smith. London, C.E. Sowerby, 1836 китебиндеги ботаникалык иллюстрация

Илимий эмгектери

  • Linneaeus, Carl von. Disquisitio de sexu plantarum. — A dissertation on the sexes of plants translated from the Latin of Linnaeus by James Edward Smith. London: Printed for the author, and sold by George Nicol. 1786
  • Icones pictae plantarum rariorum descriptionibus et observationibus illustratae /Auctore J.E. Smith, M.D. Fasc. 1-3. London, 1790-93
  • The natural history of the rarer lepidopterous insects of Georgia :including their systematic characters, the particulars of their several metamorphoses, and the plants on which they feed. Collected from the observation of Mr. John Abbot, many years resident in that country /by James Edward Smith, London : Printed by T. Bensley, for J. Edwards [etc.] 1797.
  • English Botany: Or, Coloured Figures of British Plants, with their Essential Characters, Synonyms and Places of Growth. Published and illustrated by James Sowerby[4][5]

Колдонулган адабияттар

  • Margot Walker, Sir James Edward Smith, 1759-1828. London: 1988.
  • Mark Lawley, JAMES EDWARD SMITH (1759-1828). pdf англисче

Шилтемелер

  1. Ал кездеги башка сүрөтчүрөдөн айырмаланып, Джеймс жалаң гана окумуштуулар менен иштешкен. [1]
  2. Botanicus.org — a freely accessible, Web-based encyclopedia of historic botanical literature
  3. Liverpool museums — Botany at World Museum Liverpool
  4. Мүнөздөмөлөр Смит тарабынын түзүлгөн; Эмгек 1813-жылдан баштап бөлүк-бөлүк катары басып чыгарылган. 36 томдон жана Улуу Британиянын өсүмдүктөрүнүн 2 592 колго тартылган таблица жана сүрөттөрдөн турат.
  5. [2] Эмгектин текстик бөлүгү Mineralogical Record, volume 26, July-August, 1995. тарабынын басылып чыккан