Ботулизм: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот кошту: lij:Botulismo
м Bot: Migrating 38 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q154865 (translate me)
23-сап: 23-сап:
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Бактериялар]]
[[Категория:Бактериялар]]

[[ar:تسمم سجقي]]
[[bg:Ботулизъм]]
[[ca:Botulisme]]
[[cs:Botulismus]]
[[de:Botulismus]]
[[dv:ކާނާ ވިހަވުން (ބޮޗޫލިޒަމް)]]
[[en:Botulism]]
[[eo:Botulismo]]
[[es:Botulismo]]
[[et:Botulism]]
[[eu:Botulismo]]
[[fa:بوتولیسم]]
[[fi:Botulismi]]
[[fo:Botulisma]]
[[fr:Botulisme]]
[[gl:Botulismo]]
[[he:בוטוליזם]]
[[hr:Botulizam]]
[[hu:Botulizmus]]
[[hy:Բոտուլիզմ]]
[[it:Botulismo]]
[[ka:ბოტულიზმი]]
[[kk:Ботулизм]]
[[ko:보툴리누스 중독]]
[[lij:Botulismo]]
[[nl:Botulisme]]
[[no:Botulisme]]
[[pl:Zatrucie jadem kiełbasianym]]
[[pt:Botulismo]]
[[ro:Botulism]]
[[ru:Ботулизм]]
[[simple:Botulism]]
[[sl:Botulizem]]
[[sr:Ботулизам]]
[[sv:Botulism]]
[[ta:பாட்டுலைனியம்]]
[[tr:Botulizm]]
[[uk:Ботулізм]]

11 март 2013, саат 11:32 учурдагы нуска

Ботулизм

Ботулизм ( лат. botulus — Чучук) — ботулис микробунун уусу (токсиндери) менен бузулган тамак-аштан уулануу.

Ботулизмдин таралышы

Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеңири таралган. Споралары 5 саат бою кайнатуудан да өлбөйт, тышкы чөйрөдө бир нече жылдар бою сакталат. Алар топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиштерге, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп. алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет, ал жерде көбөйөт да, заң менен кайра чыгат. Киши ботулис таякчалары же токсиндери менен булганган тамак-ашты жегенден, көбүнчө сүрсүгөн эттен, балыктан, консервадан, айрыкча үй шартында гигиеналык талаптар сакталбай жасалган тамак-аштан ууланат. Уу ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат.

Оорудун негизги белгилери

Адатта оору булганган тамакты жегенден 12—24 сааттан кийин капысынан башталат, башы айланып, ооруйт, алсырайт, ичи ооруп, кусат, оозу кургап, суусайт, уйкусу качат. Бир нече сааттан же 1—2 күндөн кийин оорулуу жакшы көрбөй, көзүнө чыбыр ала көрүнөт, көз жапкактары салаңдайт, кареги чоңоёт. Андан кийин жутуу кыйындап, тили булдуруктайт, үнү каргылданат же такыр чыкпай калат. Дем алуу да начарлашы мүмкүн (деми кыстыгып, аба жетпегенсип, муунат).

Ботулизм— өмүргө өтө коркунуч келтирген дарт, ошондуктан анын алгачкы белгиси байкалар замат ооруканага жаткыруу зарыл. Негизги дарылоо чарасы — ботулизмге каршы кан сары суусун кечиктирбей куюу. Ооруну узакка дарылоо талап кылынат. Оорулуу көпкө чейин жумушка жараксыз болот. Көздүн көрүүсү көптө барып калыбына келет.

Оорудун алдын алуу

Ботулизмдин алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда, анын ичинде үй шартында консервалоодо санитария-гигиеналык эрежелердин так сакталышына түздөн-түз байланыштуу. Үй шартында жашылчаларды туздаган дурус. Ошондой эле консерва, колбаса, ышталган тамакты туура сактоо максатка ылайык (к. Тамак-аш сактоо).

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 Калып:Link FA