Безетки: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2) (робот кошту: lij:Acne өзгөрттү: sv:Acne
м Bot: Migrating 63 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q79928 (translate me)
26-сап: 26-сап:
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Дарыгерлик]]

[[ace:Muën]]
[[ar:عد شائع]]
[[bg:Акне]]
[[bjn:Jariawat]]
[[ca:Acne]]
[[ckb:زیبکە]]
[[cs:Akné]]
[[da:Akne]]
[[de:Akne]]
[[el:Ακμή]]
[[en:Acne vulgaris]]
[[eo:Aknohaŭto]]
[[es:Acné]]
[[et:Akne]]
[[fa:آکنه]]
[[fi:Akne]]
[[fo:Akne]]
[[fr:Acné]]
[[gl:Acne]]
[[he:אקנה]]
[[hr:Akne]]
[[ia:Acne]]
[[id:Jerawat]]
[[io:Akneo]]
[[it:Acne]]
[[ja:ニキビ]]
[[jv:Kukul]]
[[ka:აკნე]]
[[kk:Безеу]]
[[ko:여드름]]
[[ku:Akne]]
[[la:Acne]]
[[lij:Acne]]
[[lt:Spuogas]]
[[lv:Pinnes]]
[[ml:മുഖക്കുരു]]
[[ms:Jerawat]]
[[nl:Acne]]
[[nn:Akne]]
[[no:Akne]]
[[pl:Trądzik młodzieńczy]]
[[ps:ځوانکې]]
[[pt:Acne]]
[[qu:Muchhi]]
[[ro:Acnee]]
[[ru:Акне]]
[[rw:Ibiheri byo mu maso]]
[[sh:Akne]]
[[simple:Acne]]
[[sk:Akné]]
[[sl:Akne]]
[[sr:Акне]]
[[su:Jarawat]]
[[sv:Acne]]
[[ta:ஆக்னே வல்காரிஸ்]]
[[te:మొటిమ]]
[[th:สิว]]
[[tl:Akne]]
[[tr:Akne]]
[[uk:Акне]]
[[vi:Mụn]]
[[zh:粉刺]]
[[zh-yue:暗瘡]]

2 апрель 2013, саат 19:32 учурдагы нуска

Безетки ( греr. άκμή) — май бездеринин сезгениши.

Безеткинин өнүгүшү

Май бездеринин функциясы күчөп, секретинин составы өзгөрүүсүнөн себорея өнүгөт. Майлуу тешикчеси көп териде (бет, төш, жон) бозомтук кара тактар — тыгындар пайда болот.

Безетки

Аны сыкканда кара баш «курттай» болуп чыгат. Чогулган тери майларында ириңдетүүчү микробдор жакшы көбөйөт; анын тегереги сезгенип, түйүнчөлөр, ириңчелер түрүндөгү кадимки безетки пайда болот. Аны дарылабаса сезгенүү күчөп, ооруйт, ириңдейт, айыкканда так калышы мүмкүн. Кадимки безетки өспүрүм балдар, кыздарда көп жолугат, 30—35 жашка келгенде азаят.

Безетки сымал бүдүрлөр минерал майлар, нефть продуктулар, кара май менен иштеген жумушчуларда да кезигет (кесип безеткиси). Кээ бир учурда безетки сымал бүдүрлөр бром жана иод дарыларын узак убакыт колдонууда пайда болот.

Алдын алуу жолдору

Безеткини догдур - дерматолог же косметолог дарылайт. Оорулуу үчүн туура тамактануунун мааниси чоң. Майлуу, ундан жасалган, таттуу жана өткүр тамакты, алкоголь ичкиликтерин, кофе, ачуу чай ичүүгө болбойт. Кара нан кайнатылган эт, балык (майсыз), жашылча, кара күрүч боткосу, быштак, айран, алма жана башка А, В, С витаминдүү тамак-аш, ошондой эле витамини көп азык ачыткысы пайдалуу. Өтө ысык жана ашыкча тамак ичүү туура эмес. Убагы менен заңдап, эгерде ич катып калса, догдур сунуш кылган ич алдырма дарыларды колдонуу керек. Организмди чыңоо, спортко катышуу, таза абада сейилдөө, сууга түшүү, аба жана күн ванналары сунуш кылынат. Терини күтө билүү зарыл: бетти самын (Лесное, Глицериновое, Миндальное, Борнотимоловое, Камфорное) менен а дегенде ысык, андан кийин муздак суу менен жууйт. Беде жалбырагынын же ромашка гүлүнүн ысык кайнатмасы менен жууса да болот.

Безетки көп жерди самындын көбүгү сиңирилген тампон менен сүртүү (жумасына 1 жолу), күнүнө 2—3 жолу теринин майын азайтуучу жана дезинфекциялоочу каражатты, мисалы, календуланын ачытмасын (1 стакан сууга 1 — 2 аш кашык), нашатырь спиртинин 1%түү эритмесин жана тамак содасынын 2%түү эритмесин, лимон, бадыраң жана кулпунай ширесин, майлуу тери үчүн лосьонду. (Утро, Старт, Финиш жана башка) пайдалануу сунуш кылынат. Эгерде безетки денеде болсо, жуунар алдында самын сүйкөп коюп, 10—15 минутадан кийин ысык суу менен жуунуш керек. Косметикалык кабинетте терини тазалап, сезгенүүгө каршы дарылайт (к. Косметика). Безеткини өз алыдsнча сыгууга, ар кандай косметикалык бет майларды сүйкөнүүгө болбойт, себеби ал тыгындын пайда болушуна түрткү болот.

Кызыл безетки

Кызыл безетки көбүнчө орто жаштагы жана улгайган кишилерде көп кезигет. Ичеги-карын жолунун оорулары (гастрит, колит, холецистит жана башка), алкоголь ичкиликтерин ичүү, териге узак убакыт өтө ысык же сууктун таасир этүүсү бул ооруга түрткү берүүчү фактор болуп эсептелет. Мурун, бет, ээкте кызарып, ачык кызыл түйүнчө жана ириңчелер пайда болот.

Безеткини дарылоо

Дарылоо догдурдун сунушу менен жүргүзүлөт. Күндө көп болбой жана күн нурунан сактоочу бет майды (Луч жана башка) сүйкөп, бетти шамалдан сактоо керек. Алдын алууда безеткиге түрткү болуучу ооруларды өз убагында дарылоо, терини күтө билүү чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8