Кыдыкеева, Бакен: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
122-сап: 122-сап:


==Интернеттик шилтемелер==
==Интернеттик шилтемелер==
</references>
<references/>
[http://www.kino-teatr.ru/kino/acter/sov/28489/bio/]
[http://www.kino-teatr.ru/kino/acter/sov/28489/bio/]
[http://www.unesco.t1c.ru/index.php?id=287]
[http://www.unesco.t1c.ru/index.php?id=287]

10 апрель 2013, саат 06:52 учурдагы нуска

Кыдыкеева Бакен
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Бакен Кыдыкеева
Туулган жылы: 20-октябрь 1923-жыл
Туулган жери: Төкөлдөш айылы, (азыркы Бишкек шаары), Кыргызстан
Өлгөн жылы: 30-декабрь 1993-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр артисти, киноактриса
Наамдары:

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Кыдыкеева Бакен - СССРдин эл артисти, Кыргыз совет театр жана киноартисти.

Өмүр баяны

Бакен Кыдыкеева, 1923-жылы, 20-октябрда Төкөлдөш айылында, азыркы Бишкек шаары туулган – 1993-жылы 30-декабрда, Бишкекте жол кырсыгынан көз жумган.
Борбор Азия элдеринен чыккан улуу таланттардын алдыңкы катарында турган улуу актриса.Мугалимдин үй-бүлөсүнөн тарбия алган.
Чыгармачылык жолун 1936-жылы Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган.
1941-жылы Каракол драма театрында, 1942-43-жылдары Нарын театрында, 1944-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист. 1990-1993-жылдары Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрында (ТЮЗ) иштеген.
Ысымы Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ)берилген (2000-жыл).
Токмок шаарында эстелиги коюлган.
Чүй облусу республиканын театрларынын мыкты актрисаларынын эмгектери үчүн Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык уюштурган.
Драматург Ж.Кулмамбетов Бакен Кыдыкеева жөнүндө "Талант жана тагдыр" деген драма жазып, ал 2004-жылы Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрында (ТЮЗ) коюлган. [1]. [1][2] [3]

Чыгармачылыгы

Б.Кыдыкеева кыргыздын легендарлуу актрисасы. Ал 20-кылымдагы кыргыз улуттук театры менен киносунун карылгачтарынын катарына кирет. Алгачкы ролу испан драматургу Лопе де Веганын "Койлуу булак" баатырдык драмасындагы Лауренсиянын ролу менен кыргыз көрүүчүлөрүнө дароо таанылган. Б.Кыдыкеева трагедияны, драманы, комедияны бирдей деңгээлде ойной билген универсал талант. Айрыкча психологиялык образдардын өтө кылдат устасы. Кыргыз театры менен киносунун өтө ак сөөк таланты.

Кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун аткарып, кыргыз элин СССРге жана дүйнөгө тааныткан.

Театрдагы негизги ролдору

Файл:Народный артист СССР Бакен Кыдыкеева.jpg
Бакен Кыдыкеева
  • Лауренсия (Лопе де Вега, "Койлуу булак")
  • Бермет ("Саринжи-Бөкөй", К.Эшмамбетов)
  • Гүлайым ("Көкүл", О.Сарбагышев)
  • Жесси (К. Симонов, «Орус маселеси»)
  • Ульяна Громова (А. Фадеев, «Жаш Гвардия»)
  • Дездемона (У. Шекспир, «Отелло»)
  • Какей("Кайгылуу Какей", М.Токобаев)
  • Си Эр ("Ак чач кыз", Хе Цзинь менен Чжин динь Инь)
  • Мастан кемпир ("Болот менен Тынар", А. Көбөгөнов)
  • Бегайым ("Каныбек", К.Жантөшев)
  • Майсалбүбү (Т.Абдумомунов, "Тар капчыгай")
  • Катерина (А. Островский, «Добул»)
  • Фань И ("Тайфун", Цао Юй)
  • Комола ("Ганг дарыясынын кызы", Р. Тагор)
  • Варвара (М. Горький, «Егор Булычев жана башкалар»)
  • Лариса (А. Островский, «Сепсиз кыз»)
  • Айганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»)
  • Мария Антоновна(Н. Гоголь, «Текшерүүчү»)
  • Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»)
  • Айганыш (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»)
  • Анна Каренина (Л. Толстой, «Анна Каренина»)
  • Любовь Яровая (К. Тренёв, «Любовь Яровая»)
  • Софья ("Акылдан азап", А.Грибоедов)
  • Гонерилья (У. Шекспир, «Король Лир»)
  • Мария Александровна ("Үй-бүлө", И. Попов)
  • Айымбача (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт»)
  • Жамал ("Мүрөктүн суусу", А.Дыйканбаев)
  • Апал (Т. Абдумомунов, «Жарыктык карыларым»)
  • Долорес эне ("Эне", К.Чапек)
  • Ханыша ("Алманзордун сыйкырдуу шакектери", Тамара Габбе)
  • Комиссар ("Оптимисттик трагедия", Вс.Вишневский)
  • Каныкей ("Манастын уулу Семетей", Ж.Садыков) жана башкалар.
  • Режиссёр катары А. Осмоновдун «Махабат» спектаклин койгон (1974).

Киноролдору

  • Салтанат ("Салтанат")
  • Бурма («Токтогул»)
  • Райхан («Ашууда»)
  • Азиз эне ("Тайгак кечүү")
  • Кара катын («Биринчи мугалим»)
  • Толгонай ("Саманчынын жолу")
  • Клея ("Эзоп", телефильм)
  • Жайдар («Жаныбарым Гүлсарым»)
  • Хадыша ("Караш-Караш окуясы")
  • Сейил ("Көчө")
  • Комиссар Аминова («Революциянын атчандары»)
  • Хадичахон ("Жолугушуу жана ажырашуу")
  • Асылкан («Көздүн кареги»)

Мамлекеттик сыйлыктары

Колдонулган адабият

Кыргыз совет эниклопедиясы, Фрунзе, 1977, 2-том.
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

  • Авас Сырымбетов. Бакен Кыдыкеева (монография), Фрунзе, "Кыргызстан", 1976 -жыл.
  • Жаныш Кулмамбетов. Улуу актриса унутта калабы? (макала), Кыргыз Туусу, 13.10.1993-жыл.
  • Жаныш Кулмамбетов. Бакен - кыргыз элинин сыймыгы (макала), Кутбилим, 08.03.2000-жыл.
  • Жаныш Кулмамбетов. Бакен Кыдыкеева (макала), "Замандаш" журналы, №3,2012.
  • Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү(монография), Бишкек, Бийиктик, 2009. ISBN 978-9967-13-540-6.
  • Е.Иванова.Бакен Кыдыкеева (монография), Москва, Искусство, 1980.

Интернеттик шилтемелер

  1. Жаныш Кулмамбетов. Новая литература Кыргызстана. Талант жана тагдыр (2007).

[4] [5] [6] [7] [8] [9] [10] › Книги [11] [12] [13] [14] [15] [16] [17] [18] [19] [20] [21] [22] [23] [24] ... [25] [26] [27] [28] [29] [30]