WebMoney: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап: 1-сап:
[Файл:Webmoney.jpg|THumb|right|Web money белгиси]
[[Файл:Webmoney.jpg|THumb|right|Web money белгиси]]
'''Электрондук акча же WebMoney''' - интернеттеги төлөм-акы системасы, башкача айтканда маалымат желесиндеги акча бирдиги болуп саналат. Бул түшүнүк интернетте алгач [[АКШ|АКШда]] пайда болуп, 1998-жылдан баштап бүт дүйнөгө жайыла баштаган.
'''Электрондук акча же WebMoney''' - интернеттеги төлөм-акы системасы, башкача айтканда маалымат желесиндеги акча бирдиги болуп саналат. Бул түшүнүк интернетте алгач [[АКШ|АКШда]] пайда болуп, 1998-жылдан баштап бүт дүйнөгө жайыла баштаган.



13 май 2013, саат 10:12 учурдагы нуска

Web money белгиси
Web money белгиси

Электрондук акча же WebMoney - интернеттеги төлөм-акы системасы, башкача айтканда маалымат желесиндеги акча бирдиги болуп саналат. Бул түшүнүк интернетте алгач АКШда пайда болуп, 1998-жылдан баштап бүт дүйнөгө жайыла баштаган.

Учурда Web Money менен электрондук касиетке ээ болгон бардык маалыматты, атап айтсак китептерди, музыка, фильм, ар кыл программаларды сатып алса болот. Ошол эле учурда сатса дагы болот. Мындан сырткары электрондук акчаны атайын алмашуу жайларында кадимки акчага айландырса болот же кадимки акчага да Веб Мани сатып алса болот.

Интернетте Web Money, же акча табуу үчүн эмне кылуу керек? Ыкмасы жеңил эле. Интернет өзү маалыматтан тургандыктан, кызыктуу жана керектүү маалыматтарды дүйнөлүк желеде сатса болот. Мисалы, кызыктуу бир дил баянын жазсаңыз, аны интернеттеги кайсы бир сайтка коюп, сатып алуучу издесеңиз болот. Эгер кызыкдар адамдар табылса, ал сизге электрондук акча жөнөтүп, дил баяныңызды сатып алат. Сиз бул акчаны өзүңүздүн электрондук эсебиңизге сактап коесуз, же атайын борборлордон кадимки акчага айландырып алсаңыз болот.

Кыргызстанда

Кыргызстанда дагы интернет аркылуу акча табуу ыкмасы жанданып бара жатат. Бул туурасында Бишкектеги электрондук акчаларды кадимки акчага алмаштыруучу Exchange.kg борборунун директору Антон Кирсанов билдирет. Анын айтымында Кыргызстанда Web Money колдонгон интернет колдонуучулар аз да болсо бар.

-Анчалык көп эмес. Болжол менен миңден ашык Web Money колдонуучулары бар. Алардын көбү компьютерге отуруп алып сайт жазагандар, кандайдыр бир макалалар, же тексттерди жазгандар... Жалпысынан интернетте акча тапкандар башкаларга ар кыл кызматтарды сунуштагандар болуп саналат.

Антон Кирсанов, жыл өткөн сайын кайсы бир кызмат үчүн төлөм акы төлөөдө Web Money нин мааниси көтөрүлүп бара жатканын да белгилейт.

-Мына карасаңар... Жакында Бишкекте болуп өткөн талап-тоноочулуктан улам төлөм кыла турган терминалдар иштебей калды. А бирок, интернет аркылуу Web Money менен телефон акысын, жылуулук, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү төлөө мүмкүн болуп жатты. Натыйжада үйдө отуруп алып эле керектүү төлөмдөрдү төлөөгө болот.

Ал эми Кыргызстанда Namba.kg сайтынын кызматкери Александр Туманов дагы интернетте акча табуунун көп ыкмасы бар экендигин белгилейт.

-Интернетте акча табуунун жолдору толтура. Болгону сизге жаккан түрүн тандап алышыңыз керек. Өзүмдүн тажрыйбама карасам, электрондук акча табуу бул миф эмес. Натыйжада жакшы эле интернетте жакшы эле акча тапса болот.

Ошол эле учурда көпчүлүк адистер интернетте акча маселесинде сак болуу керектигин белгилейт. Анткени интернетте алдап төлөм эсептерине уруу кылган колдонуучулар бар экендигин эскертишет.

Интернет