Шоколад: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап: 1-сап:
[[File:choco1.jpg|thumb|left]]
[[File:choco1.jpg|thumb|right ]]
'''Шоколад''' — какао даны кошулуп жасалган кондитердик продукт. Шоколадды курамына жараша ачуу , сүттүү жана ак шоколад деп бөлүшөт. Диабеттик да түрлөрү бар. Ошондой эле, шоколад азыктарында жыт күчөткүч кошумчалар :([[кофе]], спирт, коньяк, ванилин, [[калемпир]]), азык кошумчалар: ([[мейиз]], жаңгак, вафли, [[цукат]]) же туурамжылар (начинка) болушу мүмкүн.
==Шоколаддын тарыхы==

Шоколаддын аталышы – [[ацтек]]тердин ([[Мексика]]дагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн чыккан. Мекени – Борбордук жана [[Түштүк Америка]]. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.

==Шоколаддын түрлөрү==
Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони [[Испания]]нын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

==Түрлөрү==
Шоколад курамына карата төмөнкүдөй бөлүнөт:

Шоколад курамына карата төмөнкүдөй бөлүнөт:

''Ачуу шоколад'' – Какаонун өлчөмү кант пудрасына караганда көбүрөөк болот. Буга какао майы да кошулат.

''Ачуу шоколад'' – Какаонун өлчөмү кант пудрасына караганда көбүрөөк болот. Буга какао майы да кошулат.

''Ак шоколад'' – Кант пудрасына какао майы гана кошулат (какао кошулбайт).

''Ак шоколад'' – Кант пудрасына какао майы гана кошулат (какао кошулбайт).

''Сүттүү шоколад'' – Какао, кант пудрасы менен кошо кургак сүт (же коюлтулган сүт) көбүрөөк өлчөмдө кошулат.

''Сүттүү шоколад'' – Какао, кант пудрасы менен кошо кургак сүт (же коюлтулган сүт) көбүрөөк өлчөмдө кошулат.

''Диабеттик шоколад'' – Какао, какао майы жана кант пудрасынын ордуна кантты алмаштыруучу сорбит, ксилит, маннит же изомальт кошулат.

''Диабеттик шоколад'' – Какао, какао майы жана кант пудрасынын ордуна кантты алмаштыруучу сорбит, ксилит, маннит же изомальт кошулуп жасалып, [[кант диабети]] менен ооруган адамдарга сунушталат.

''Майда тешиктүү (пористый)шоколад'' – Десерттик шоколад массасынан жасалат. Суюк түрүндө атайын вакуум идиштерге салып, 40 градус ысык температурада 4 саат кармаганда көбүкчөлөрү чоңоюп, майда тешиктүү болуп калат.

''Упа түрүндөгү шоколад'' – Кант пудрасы менен упаланган какао кошулган түрү. Айрым учурда сүт азыгы кошулат.

''Упа түрүндөгү шоколад'' – Кант пудрасы менен упаланган какао кошулган түрү. Айрым учурда сүт азыгы кошулат.

Негизи, какаого жер жаңгак, бадам, мейиз, имбирь жана башкаларды кошуп даамдуу, өзгөчө шоколаддарды да жасоого болот.

Айткандай, какаого жер жаңгак, бадам, мейиз, имбирь жана башкаларды кошуп даамдуу, өзгөчө шоколаддарды да жасоого болот.

==Шоколаддын тарыхы==
Шоколаддын аталышы – [[ацтек]]тердин ([[Мексика]]дагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн чыккан. Мекени – Борбордук жана [[Түштүк Америка]]. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.

Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони [[Испания]]нын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

==Туура тандоо==
==Туура тандоо==
• Чыгарылган датасына көңүл бөлүңүз! Консерванттар аз кошулган жакшы шоколад жарым жылга чейин гана өз сапатын жоготпойт. Ичинде атайын суюктугу (мисалы, коньяк) бар шоколаддарды 4 айга, ал эми ичине мөмө-жемиш салынгандарды 60 күнгө гана сактоого болот.

17 июнь 2013, саат 09:06 учурдагы нуска

Шоколад — какао даны кошулуп жасалган кондитердик продукт. Шоколадды курамына жараша ачуу , сүттүү жана ак шоколад деп бөлүшөт. Диабеттик да түрлөрү бар. Ошондой эле, шоколад азыктарында жыт күчөткүч кошумчалар :(кофе, спирт, коньяк, ванилин, калемпир), азык кошумчалар: (мейиз, жаңгак, вафли, цукат) же туурамжылар (начинка) болушу мүмкүн.

Шоколаддын түрлөрү

Шоколад курамына карата төмөнкүдөй бөлүнөт:
Ачуу шоколад – Какаонун өлчөмү кант пудрасына караганда көбүрөөк болот. Буга какао майы да кошулат.
Ак шоколад – Кант пудрасына какао майы гана кошулат (какао кошулбайт).
Сүттүү шоколад – Какао, кант пудрасы менен кошо кургак сүт (же коюлтулган сүт) көбүрөөк өлчөмдө кошулат.
Диабеттик шоколад – Какао, какао майы жана кант пудрасынын ордуна кантты алмаштыруучу сорбит, ксилит, маннит же изомальт кошулуп жасалып, кант диабети менен ооруган адамдарга сунушталат.
Майда тешиктүү (пористый)шоколад – Десерттик шоколад массасынан жасалат. Суюк түрүндө атайын вакуум идиштерге салып, 40 градус ысык температурада 4 саат кармаганда көбүкчөлөрү чоңоюп, майда тешиктүү болуп калат.
Упа түрүндөгү шоколад – Кант пудрасы менен упаланган какао кошулган түрү. Айрым учурда сүт азыгы кошулат.
Айткандай, какаого жер жаңгак, бадам, мейиз, имбирь жана башкаларды кошуп даамдуу, өзгөчө шоколаддарды да жасоого болот.

Шоколаддын тарыхы

Шоколаддын аталышы – ацтектердин (Мексикадагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн чыккан. Мекени – Борбордук жана Түштүк Америка. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.
Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

Туура тандоо

• Чыгарылган датасына көңүл бөлүңүз! Консерванттар аз кошулган жакшы шоколад жарым жылга чейин гана өз сапатын жоготпойт. Ичинде атайын суюктугу (мисалы, коньяк) бар шоколаддарды 4 айга, ал эми ичине мөмө-жемиш салынгандарды 60 күнгө гана сактоого болот.
• Дүкөндө коюлган жерине маани бериңиз. Шоколад башка жытты өзүнө сиңирип алуу касиетине ээ. Эгер анын жанында самын, айна же косметикалык каражаттар турса, башка дүкөндөн алганыңыз оң.
• Курамы менен таанышып чыгыңыз. Какао же какао майы бар болсо, бул чыныгы шоколад. Анын ордунда өсүмдүк майы колдонулса, анда бул таттууну шоколад деп айтуу кыйын.
• Шоколадды сактоонун оптималдуу температурасы 18 градус. Андыктан муздаткычта сакталган болсо, албай эле койгонуңуз оң.

Пайдасы

• Жүрөк, кан тамыр ооруларынын алдын алат. Инфаркт, инсульт ооруларында пайдалуу. Анткени шоколаддагы биологиялык кошулмалар аспириндин ролун аткарат. Башкача айтканда, кандын коюланып, кан тамырда уюп калбашын шарттайт.
• «Бакыт гормону» болгон серотонинди көбөйтөт. Депрессияны айдап, маанайды жакшыртат.
• Курамында кальций болгондуктан, тишти жана башка сөөктөрдү бекемдейт.
• Курамындагы фосфор менен магний мээни азыктандырып, клеткаларды жаңылантат.
• Шоколаддын курамындагы какао майы терини серпилгич кылып жашартат, андыктан сулуулук салондорунда колдонулуп, денеге жабылат. Какао майы ошондой эле денедеги кесилип, тилинип калган жерди тез айыктырат.
• Аялдардын айызы келгендеги оорутууну басаңдатат.
• Сексуалдуулукту күчөтөт.

Зыяны

• Бетке безеткинин чыгышын шарттайт.
• Көп жегенде уйкусуздукту жаратышы мүмкүн.
• Шоколадды көп өлчөмдө жесе семиртет. Бир күндүк норма 25 граммдан ашпаш керек.
• Таттууга көз карандылыкты пайда кылат.
• Айрымдарда аллергияны жаратышы ыктымал.

Кызыктуу фактылар

• 13-сентябрда эл аралык шоколад күнү белгиленет.
Германиянын Кёлн, Орусиянын Покров, Бельгиянын Брюгге шаарларында шоколад музейлери, Покров шаарында шоколаддын урматына тургузулган айкел бар.
АКШда ичинде оюнчук катылган шоколад жумурткаларды – «Киндер-сюрприздерди»сатып алууга мүмкүн эмес. Анткени ал өлкөдө «жегенге мүмкүн болбой турган нерселерди азыктын ичине салууга болбойт» деген мыйзам бар.
Япониялык окуучулар арасында сынак астында «Kit-Kat» шоколадын жемей ырымы бар. Себеби ал «китто кацу» (сөзсүз жеңишке жетүү) деген сөзгө уйкаш.
• "Гиннесстин рекорддор китебинде" Улуу Британияда даярдалып, салмагы 6 тоннага жакын шоколад катталган (5 792,5 килограмм).

Маалымат булагы

“Super инфо” гезити, №533 18-24-январь, 2013-жыл

Интернеттеги шилтемелер

Супер Инфо гезити