Берилиштерди кысуу: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-* Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ...
м робот өчүрдү: en:Data Compression (strong connection between (2) ky:Берилиштерди кысуу and w:Data compression)
21-сап: 21-сап:
[[Category:Илим]]
[[Category:Илим]]
[[ru: Сжатие данных]]
[[ru: Сжатие данных]]
[[en: Data Compression]]

2 август 2013, саат 09:14 учурдагы нуска

Берилиштерди кысуу (тыгыздоо) (Data Compression-Сжатие данных). Дискте чоң көлөмдүү берилиштерди сактоонун бир жолу берилиштерди кысуу деп аталган сактоо. Кысууда берилиштерди сактоо талаптары кыскарат, себеби кайталануучу коддор берилиштердин моделдери менен алмаштырылат. Кысуу коэффициенти демейде берилиштердин оригиналынын көлөмүнүн кысылган берилиштердин өлчөмүнө болгон катышы менен аныкталат. Берилиштер кысылганда кайталанган коддордун моделдери жадыбалга катталат. Кысылган берилиштерди баштапкы абалына алып келүүдө ушул жадыбалдагы коддор колдонулат. Жогоруда баяндалган кысуунун бир тиби жоготуусуз кысуу деп аталат, себеби кысуу процесси эч бир маалымат жоготпой аткарылат. Жоготуусуз кысуулар тексттик жана сандык берилиштер менен жакшы иштейт. Мындай берилиштерди кысууда жоготуу болбойт. Жоготуусуз кысуу аткарылганда кысуу коэффициенти орточо алганда 2ден 1ге чейинки (берилиштердин өл-чөмү 50%ке кыскарат) мааниге барабар. Кысуунун башка методу жоготуу менен кысуу деп аталып, кысуу коэффициенти жогору болот ( 200 дөн 1ге чейин), бирок бул метод берилиштерди жоготууга алып келет. Жоготуу менен кысуу методдору демейде аудио жана видео сигналдарын кысууда колдонулат. Видео жана ау-дио сигналдарын кысуу жоготуу менен аткарылат, мында алардын сапаты начарлабайт.

Кошумча маалымат


Колдонулган адабияттар