Асман денгээлинен 3 метр бийиктикте: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
22-сап: 22-сап:
| Киреше =
| Киреше =
}}
}}
Асман деңгээлинен үч метрге бийик ([[испан тили|исп]]. Tres metros sobre el cielo) — 2010-жылдагы Фернандо Гонсалес Молин режиссерунун испан кинотасмасы. «Асман деңгээлинен үч метр» деген Федерико Моччианын романы боюнча ушундай эле аттагы [[Италия|Италияда]] тартылган кинотасманын ремейки. Башкы ролдордо [[Вальверде, Мария|Мария Вальверде]] жана [[Касас, Марио|Марио Касас]]. Испанияда киреге берилгенде, 2,5 миллион доллардан ашкан. 2012-жылынын кулжа айынын 22де бул кинотасманын экинчи бөлүгү чыккан «Мен сени каалп атам» (Россияда жана Кырыгызстанда 2012-жылы теке айынын 5).<br />
Асман деңгээлинен үч метрге бийик ([[испан тили|исп]]. Tres metros sobre el cielo) — 2010-жылдагы Фернандо Гонсалес Молин режиссерунун испан кинотасмасы. «Асман деңгээлинен үч метр» деген Федерико Моччианын романы боюнча ушундай эле аттагы [[Италия|Италияда]] тартылган кинотасманын ремейки. Башкы ролдордо [[Вальверде, Мария|Мария Вальверде]] жана [[Касас, Марио|Марио Касас]]. Испанияда киреге берилгенде, 2,5 миллион доллардан ашкан. 2012-жылынын кулжа айынын 22де бул кинотасманын экинчи бөлүгү чыккан «Мен сени каалп жатам» (Россияда жана Кырыгызстанда 2012-жылы теке айынын 5).<br />
== Сюжети ==
== Сюжети ==
Хьюго Оливерага же Ачеге, өзүн өзү атагандай, түрмө камагына түшүү коркунучу бар, себеби ал кишиге кол салуу жана ырайымсыздык менен сабаганы үчүн шартту соттолгон. Анын жашоосу бүтүндөй тура эмес багытта кетүүдө, бирок кокустан тыгылышта Баби аттуу кызды көрөт жана аны тамашалап, "түрү суук" (fea) деп чакырат («солдат» орусча официалдык чектөөдө). Өзүнө кылынган мындай "назарды" Баби баалабайт-ошону менен жаңжал бүтөт.<br />
Хьюго Оливерага же Ачеге, өзүн өзү атагандай, түрмө камагына түшүү коркунучу бар, себеби ал кишиге кол салуу жана ырайымсыздык менен сабаганы үчүн шартту соттолгон. Анын жашоосу бүтүндөй тура эмес багытта кетүүдө, бирок кокустан тыгылышта Баби аттуу кызды көрөт жана аны тамашалап, "түрү суук" (fea) деп чакырат («солдат» орусча официалдык чектөөдө). Өзүнө кылынган мындай "назарды" Баби баалабайт-ошону менен жаңжал бүтөт.<br />

16 октябрь 2013, саат 11:21 учурдагы нуска

Асман денгээлинен 3 метр бийиктикте
Режиссеру Фернандо Гонсалес Молина
Жазуучу Федерико Моччиа
Сценарийи Рамон Салазар, Федерико Моччиа
Оператору Дэниэл Аранио
Негизинде "Tre metri sopra il cielo" романы
Тартылгандар Мария Вальверде, Марио Касас, Марина Салас, Альваро Сервантес
Музыкасы Манель Сантистебан
Студия AB production
Узактыгы 123 мүнөт
Өлкөсү Испания
Тили Испан тили
Бюджети 2 500 000 евро

Асман деңгээлинен үч метрге бийик (исп. Tres metros sobre el cielo) — 2010-жылдагы Фернандо Гонсалес Молин режиссерунун испан кинотасмасы. «Асман деңгээлинен үч метр» деген Федерико Моччианын романы боюнча ушундай эле аттагы Италияда тартылган кинотасманын ремейки. Башкы ролдордо Мария Вальверде жана Марио Касас. Испанияда киреге берилгенде, 2,5 миллион доллардан ашкан. 2012-жылынын кулжа айынын 22де бул кинотасманын экинчи бөлүгү чыккан «Мен сени каалп жатам» (Россияда жана Кырыгызстанда 2012-жылы теке айынын 5).

Сюжети

Хьюго Оливерага же Ачеге, өзүн өзү атагандай, түрмө камагына түшүү коркунучу бар, себеби ал кишиге кол салуу жана ырайымсыздык менен сабаганы үчүн шартту соттолгон. Анын жашоосу бүтүндөй тура эмес багытта кетүүдө, бирок кокустан тыгылышта Баби аттуу кызды көрөт жана аны тамашалап, "түрү суук" (fea) деп чакырат («солдат» орусча официалдык чектөөдө). Өзүнө кылынган мындай "назарды" Баби баалабайт-ошону менен жаңжал бүтөт.
Аче өзүнүн мотоциклдер, жарыштар, кыздар, ичимдиктер жана жаштык козголоңчулук менен толгон жашоосуна кайтат. Аче достору менен кечки зооко чакыруусуз келет, ал жерден ал кайра Бабини көрөт. Ошо жерден сөз менен уруш чыгат, натыйжада ызы-чуу болуп, кожоюндардын үйү талкаланат. Бабинин мурунку жигити аны үйүнө жеткизип баратканда, байкерлер тобу-Аченин достору, аларга кол салышат. Аягы мурунку жигити качып кетет, Баби болсо, жагымсыз Аче менен үйүнө кайтышка аргасыз болот. Бабинин дос кызы-Катина Аченин эң жакын Поло аттуу досу менен суйлошуп калат. Ошондон улам Баби өзүнүн башынан өткөрбөгөн кырдаалдарда так Аче менен бирге болот-көчө жарыштары, полиция кызматкерлеринен качуу. Бара-бара Бабини багындыруу Аче үчүн кызыктуу оюн болуп, өзүн сүйдүргөнгө аракет жазап атып, ал өзү да ага сүйүү сезимдерин сезе баштайт.
Кечирээк анын каршылыгынын жана козголоңчулугунун себеби-Аченин апасынын бейопалыгы жана анын үй-бүлөдөн кетүүсү, анын ойношун сабагандыгы үчүн ал соттолгондугу билинет.
Бабини апасы ар түрдүү жол менен өзүнүн кызын оңбогон баладан коруйт, бирок жаштардын сезимдери күн сайын өсөт. Баби так Ачени өзүнүн биринчи жигити кылаарын чечет, алар чогу романтикалык түн өткөрүшөт. Так ошондон кийин Аче көксөгөн сөздөрдү, ал бактылуу экенин "А мен андан бетер бактылуумун...асман деңгээлинен да үч метрге бийигирээк" деп айтат. Бирок мунун баары Аченин достору Бабинин үйүнө дуулдап кирпи барышканда, мурунку сүйлөшкөн кызы үй-бүлөлүк жасалганы уурдап алганда, дагы Баби Аче анын мугалимин коркутканын билгенде кыйрайт. Баби алар убактылуу кезикпей турушаарын чечет.
Бабинин 18-жаштыгына, Аче бүт шектерин четке кагып, анын туулган күнүнө ресторанга келет. Бул жомок да Бабинин кошунасы анын көйнөгүнө вино төгүп алганда, Аче аны менен согуша кеткенде, Катинанын чалуусу бузат.
Поло, ошол эле убакта болуп аткан жарышта каза болот. Аченин жашоосу ачуулукка, сыздоого, канга толгон, анын баарын Баби көргүсү келбей калгандыктан, Баби Аче менен мамилесин үзүүнү чечет.
Баби апасынын сунушу боюнча кошунасы менен жолуга баштайт. Аче досунун жоктугуна кайгырып, сүйүктүүсү менен мамилесин кайра калыбына келтирүү аракетин көрөт, бирок аны бөлөк менен көрүп, ал эми эчнерсени кайтара албайт экенин түшүнөт. Аче өзүнүн Алекс аттуу байкесине чет өлкөгө барып иштээрин айтат. Баби экөө бактылуу болгон кумжээкте, Аче бала кездеринде экөө ушу эле кумжээкте жолуккандарын эстейт. Аягында биз Аченин үнүн угабыз :«Сен эч качан өткөндү кайтара албайсың, өкүнүчтүү, кээбир нерселер өмүрүңдө бир эле жолу болот экен. Сен канча аркет кылбасан да, сен ошо сезимдерди кайра сезе албайсың, сен эч качан кайра асман деңгээлинен үч метрге бийигирээк көтөрүлө албайсың... »

Ролдордо

Актер Ролу
Марио Касас Хьюго «Аче» Оливера
Мария Вальверде Баби
Альваро Сервантес Поло
Марина Салас Катина
Андреа Дуро Мара
Луис Эстебанес Чино
Марта Мартин Сильвия
Нереа Камачо Дани
Диего Мартин Алекс
Марсель Боррас Чико
Назарет Арасил Ное Торрес
Пабло Риверо Густаво
Клара Сегура Ла Форга

Саундтректер

  1. Forever Young — Alphaville
  2. J’aime Tes Genoux — Adanowsky
  3. Motorway — Anni B Sweet
  4. Capturing Images — Anni B Sweet
  5. Something’s Triggered — Cecilia Krull
  6. La Tormenta de Arena — Dorian
  7. Girl — Johny Price
  8. The Cleaner — Johny Price
  9. Perfect Combination — L.A.
  10. Stop the Clocks — L.A.
  11. Perdiendo El Tiempo — Napoleon Solo
  12. A Ras Del Cielo — Pol 3.14
  13. Avida Dollars — The Unfinished Sympathy
  14. Loverdome — The X
  15. The Glow — The X
  16. Hummingbird — Thee Brandy Hips

Сыйлыктар

  • 2011 - жылы мыкты адаптацияланган сценарийге Гойя сыйлыгына коюлган.
  • 2011-жылы Марио Касас латынамерикалык сынчыларынын "Жаңы мыкты актер" сыйлыгында эрмектөө тармагынын лауреаты болгон. Ошондой эле Fotogramas de Plata «Мыкты актер» сыйлыгынын ээси.

Шилтемелер

  1. Обзор международного бокс-офиса (02.12—05.12). www.kinopoisk.ru. Архивировано из первоисточника 31 августа 2012. Проверено 14 ноября 2011.
  2. Три метра над уровнем неба. Я тебя хочу: Премьера
  3. Номинанты премии «Гойя»
  4. Bardem, García Bernal y Bollaín, recibirán premio de cronistas neoyorquinos
  5. Premios ACE
  6. Awards for Три метра над уровнем неба. www.imdb.com. Архивировано из первоисточника 31 августа 2012. Проверено 14 ноября 2011.