Сооронбаева, Зуура: нускалардын айырмасы

Википедия дан
No edit summary
м Umut moved page Сооронбаева Зуура to Сооронбаева, Зуура without leaving a redirect
(Айырма жок)

13 ноябрь 2013, саат 11:47 учурдагы нуска

Сооронбаева Зуура - жазуучу, акын, драматург, актриса, журналист.

Зуура Сооронбаева Ак-суу районундагы Жол-Колот айылында 1924-жылы 15-августта туулган.
1940-жылы орто мектепти бүтүп, эмгек жолун «Ысык-Көл правдасы» газетинин редакциясында секретарь-машинистка болуп иштөөдөн баштаган.
1959–1974-жж. район аралык «Коммунисттик эмгек» гезитинде кабарчы,
1974–1979-жж. кайрадан «Ысык-Көл правдасы» гезитинде кабарчы болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Менин айылым» деген ат менен 1960-жылы жарык көргөн. Ал бир нече прозалык чыгармаларды жаратып, алар-дын арасынан 1971-жылы жарык көргөн «Астра гүлү» повести орус тилин-де 1979-жылы «Осенние цветы» деген ат менен басылып чыккан.
З.Сооронбаева драматургия жанрында да бир нече пьесаларды жазган. Мисалы «Эркек колукту», «Сынган мазар», «Байлык жана махабат», «Өрттүү таң». Анын «Сынган мазар» пьесасы казак тилине которулуп, «Илдет» деген ат менен Абай атындагы Жамбул театрында коюлган. З.Сооронбаева бир катар роман, повесть, аңгемелердин жана эсселердин автору.
«Чоочун киши» романынын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.
1953-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1954-жылдан СССР Жа-зуучулар союзунун мүчөсү.
1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери»,
1995-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген наамдар берилген.
«1941–1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн»,
«1941–1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгы», «Жеңиштин 40 жылдыгы», «Эмгек ардагери» медалдары менен, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Менин айлым: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 72 б.

Достук: Ырлар. поэмалар. – Кыргызстан, 1966. – 99 б.

Жетимдер: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 124 б.

Астра гүлү: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 239 б.

Ак чач аял: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 207 б.

Жапайы розалар: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, – 197 б.

Андрей: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 184 6.

Астра гүлү: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 400 б.

Тоолор билет: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 111 б.

Эс алчы, апа: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 12 б.

Чоочун киши: Роман. – Ф.: Адабият, 1988. – 1–2-китеп. – 700 б.

Ленинграддан келген кат: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1989.

Арман: Роман. – Б.: Бийиктик. 2002. – 528 б.

Махабат баяны: Аңгемелер жыйнагы. – Бийиктик, 2004. – 32 б.

Орус тилинде

Осенние цветы: Рассказы, повести. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 192 с.

ПЬЕСАЛАРЫ

Эркек колукту (комедия). К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмтеатры. 1986.

Сынган мазар (трагедия). К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмтеатры. 1989.

Илдет («Сынган мазар»). Абай атындагы Жамбыл драмтеатры. 1992г.

Байлык жана махабат. К.Жантөшев атындагы Ысыккөл драмтеатры. 2001.

Өрттүү таң. М.Рыскулов атындагы Нарын драмтеатры. 2001.