Шеримбек Шаршеев: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
30-сап: 30-сап:

'''Шаршеев, Шеримбек'''– [[театр]] [[артист]]и, [[драматург]], [[режиссер]], [[уюшуруу]]чу.

'''Шаршеев, Шеримбек'''– [[театр]] [[артист]]и, [[драматург]], [[режиссер]], [[уюшуруу]]чу.

=Өмүрү жана чыгармачылыгы==
==Өмүрү жана чыгармачылыгы==
Орто мектепти Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айлынан орусча бүтүргөн.

Орто мектепти Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айлынан орусча бүтүргөн.

Орто мектепти аяктагандан кийин Шеримбек Москва шаарындагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна тапшырат. Аталган окуу жайын 1972-жылы курдаштары [[Токтобаев Мукамбет|Мукамбет Токтобаев]], [[Байдөбөтов Дүйшөнбек|Дүйшөнбек Байдөбөтов]], [[Абдыкалыков Акылбек|Акылбек Абдыкалыков]], [[Мамбетова Назира|Назира Мамбетова]], [[Каниметова Гүлайым|Гүлайым Каниметова]], [[Ажыбекова Гүлсайра|Гүлсайра Ажыбекова]], [[Алышпаев Марат|Марат Алышпаев]], [[Супатаева Шайырбүбү|Шайырбүбү Супатаева]], [[Дүйшөнкулов Шаршен|Шаршен Дүйшөнкулов]], [[Кыдырмаев Шайымбек|Шайымбек Кыдырмаев]] ж.б.менен бүтүрүп чыгып, Ош шаарында жаңыдан ачылган кыргыз драма театрында артист болуп иштей баштайт.

Орто мектепти аяктагандан кийин Шеримбек Москва шаарындагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна тапшырат. Аталган окуу жайын 1972-жылы курдаштары [[Токтобаев, Муканбет|Мукамбет Токтобаев]], [[Байдөбөтов, Дүйшөнбек|Дүйшөнбек Байдөбөтов]], [[Абдыкалыков, Акылбек|Акылбек Абдыкалыков]], [[Мамбетова, Насира|Назира Мамбетова]], [[Каниметова, Гүлайым|Гүлайым Каниметова]], [[Ажыбекова, Гүлсайра|Гүлсайра Ажыбекова]], [[Алышпаев, Марат|Марат Алышпаев]], [[Сыдыкбаева, Жамийла|Жамийла Сыдыкбаева]], [[Супатаева, Шайырбүбү|Шайырбүбү Супатаева]], [[Дүйшөнкулов, Шаршен|Шаршен Дүйшөнкулов]], [[Кыдырмаев, Шайымбек|Шайымбек Кыдырмаев]] ж.б.менен бүтүрүп чыгып, Ош шаарында жаңыдан ачылган кыргыз драма театрында артист болуп иштей баштайт.

1973-жылы Шеримбек Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кирет. Бул театрда 1974 жылга чейин эмгектенген соң, ал Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин аппаратына инспектор болуп кызматка алынат.

1973-жылы Шеримбек Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кирет. Бул театрда 1974 жылга чейин эмгектенген соң, ал Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин аппаратына инспектор болуп кызматка алынат.

Кыргыз ССРинин маданият министрлигинде иштеген тогуз жылга толбогон мезгилдин аралыгында Ш. Шаршеев катардагы инспектордон искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилигинин кызматына чейин көтөрүлөт.

Кыргыз ССРинин маданият министрлигинде иштеген тогуз жылга толбогон мезгилдин аралыгында Ш. Шаршеев катардагы инспектордон искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилигинин кызматына чейин көтөрүлөт.

23 декабрь 2013, саат 04:44 учурдагы нуска

Шаршеев, Шеримбек
Файл:Шаршеев Шеримбек.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Шаршеев, Шеримбек
Туулган жылы: 1948-жыл, 30-июнь
Өлгөн жылы: 1998-жыл, 7-июнь
Туулган жери: Талап айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлгөн жери: Каракол шаары, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр артисти, драматург, режиссер, уюшуруучу
Наамдары:
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1972-жылдан баштап 1998-жылга чейин
Театр: Ош облустук кыргыз драма театры, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры, Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы драма театры

Шаршеев, Шеримбектеатр артисти, драматург, режиссер, уюшуруучу.

Өмүрү жана чыгармачылыгы

Орто мектепти Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айлынан орусча бүтүргөн.
Орто мектепти аяктагандан кийин Шеримбек Москва шаарындагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна тапшырат. Аталган окуу жайын 1972-жылы курдаштары Мукамбет Токтобаев, Дүйшөнбек Байдөбөтов, Акылбек Абдыкалыков, Назира Мамбетова, Гүлайым Каниметова, Гүлсайра Ажыбекова, Марат Алышпаев, Жамийла Сыдыкбаева, Шайырбүбү Супатаева, Шаршен Дүйшөнкулов, Шайымбек Кыдырмаев ж.б.менен бүтүрүп чыгып, Ош шаарында жаңыдан ачылган кыргыз драма театрында артист болуп иштей баштайт.
1973-жылы Шеримбек Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кирет. Бул театрда 1974 жылга чейин эмгектенген соң, ал Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин аппаратына инспектор болуп кызматка алынат.
Кыргыз ССРинин маданият министрлигинде иштеген тогуз жылга толбогон мезгилдин аралыгында Ш. Шаршеев катардагы инспектордон искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилигинин кызматына чейин көтөрүлөт.
1983-жылы Ш. Шаршеев өз демилгеси менен кайрадан ачылган Ысык-Көл драма театрына директор болуп дайындалат. Бул театрда эки жыл эмгектенип, жаш коллективди бир нукка салып койгондон кийин, маданият министрлиги аны 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик циркине башкы директор кылып дайындайт.
Циркте Ш. Шаршеев сегиз айча иштеген соң, маданият министрлиги аны ошол эле 1985-жылы Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрына директорлукка которот.
1986-жылы Ш. Шаршеевдин демилгеси менен Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Москва шаарына чыгармачылык гастролго баруу мүмкүнчүлүгүн алат. Театрдын Москва шаарындагы гастролу өтө ийгиликтүү өтөт. Айрыкча режиссер Искендер Рыскулов койгон спектаклдер борбордук адистердин жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыйт.
Гастроль ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып, кыргыз көрүүчүлөрүнө театрдынчыгармачылык отчетун берет.
Ш. Шаршеев Кыргыз мамлекттик академиялык драма театрынын Москвадага, андан соң республиканын ичиндеги гастролун ийгиликтүү өткөргөндөн кийин, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаарынын Биринчи май райондук комитети, театрдын ичиндеги интригандардын, көрө албастардын шыбыроосу менен аны ээлеген ордунан бошотууну Кыргыз ССРинин маданият министрлигинен катуу талап этет. Маданият министрлиги партиялык жетекчиликтин талабын эки кылбастан туруп, Ш.Шаршеевди Ысык-Көл театрына катардагы артист кылып жиберет.
1988-жылы жаңыдан түзүлгөн Кыргыз ССРинин театр ишмелер союзунун жетекчилиги, партиянын чечимине карабастан, Ш.Шаршеевди аталган уюмдун Театр фондун уюштурууга жана түзүүгө чакырат.
Ш.Шаршеев Театр фондун ийгиликтүү уюштуруп, нукка салгандан кийин 1988-жылдын жай мезгили аяктап калган учурда Ысык-Көл театрынын коллективи аны кайрадан директорлук кызматка чакырып туруп алышкандыктан, ал экинчи ирээт көл кылаасындагы театрга жетекчи болуп кетет.
Ошол эле жылдын күзүндө Кыргыз ССРинин театр ишмерлер союзу аны “Айтматов жана театр” эларалык фестивалын өткөрүп берүүгө чакырат. Ш. Шаршеев аталган фестивалды өтө жогорку уюуштуруучулук деңгээлде өткөрөт. Фестиваль чоң абройго ээ болот.
Анын уюштуруучулук жөндөмүнүн өтө жогору экени бааланып, бир жагынан КПССтин (Советтер Союзунун коммунисттик партиясы) үстөмдүгү СССРдин Конституциясынан алынып, коммунисттердин диктаты биротоло жоюлган соң, 1991-жылы Ш. Шаршеев Кыргыз Республикасынын маданият министринин 1-орун басары болуп дайындалат.
1994-жылдан тартып Ш.Шаршеев “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо” мамлекеттик башкы дирекциясынын башкы директорлугуна дайындалат.
Аталган кызматта Ш.Шаршеевдин уюштуруучулук жөндөмү айрыкча көрүнөт: “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо” эларалык аземи өтө жогорку деңгээлде ишке ашырылганына бүтүндөй Кыргызстандын коомчулугу күбө болгон.

Ш. Шаршеев эгер жетекчилик жагына өтпөгөндө өз учурунда эле сөзсүз таланттуу чыгармачыл инсан катары жумурай журтка таанылмак. Анын театрда ойногон ролдору, жазган драмалары буга толук далил боло алат.

Театрдагы негизги ролдору

• Тони (Карел Чапек, “Эне”)
• Зинзивер (Тамара Габбе, “Альманзордун сыйкырдуу шакектери”)
• Незнамов (А.Н.Островский, “Күнөөсүз күнөөлүлөр”)

Пьесалары

• Алиман энемдин жомоктору (Жанар куш)
• Ак чүкө и Куу чүкө
• Сказ об озере Исык
• Обретение
• Цвет рубина

Наамдары жана сыйлыктары

Колдонулган адабияттар

• Манас” энциклопедиясы. Бишкек, 1995-жыл.
• Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театры.Фрузе, “Кыргызстан”, 1978-жыл.

Интернет шилтемелер