Айнек: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
2-сап: 2-сап:


==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6 {{no iwiki}}
[[Категория: Химия]]
[[Категория: Химия]]

24 январь 2014, саат 02:08 учурдагы нуска

Айнек – балкып эриген эритиндини өтө муздатуудан алынган катуу аморфтук орг. эмес материал. Өнөр жайларда негизи 10 жана андан көп компоненттен турган системадан алынат. Алар бир нече түргө бөлүнөт. Силикаттык А. – негизги компоненти – SiO2. Минералдык к-талар, радиация, темп-ра (100оС чейин) таасирине туруктуу. Көп компоненттүү силикаттык А. негизи Na2O-CaO-SiO2 системасынан жана AI2O3, MgO кошундусунан турат. Курамы алынуу темп-расына жараша болот. Тыгзд. 2,2-2,8 г/см3, катуулугу (минералогиялык шкала б-ча) 4,5-7,5; темп-рага туруктуулугу 180-1000оС. Бораттык А. негизги компоненти B2O3. Na2O-B2O3-SiO2 жана Na2O-AI2O3-SiO2 системаларынын негизинде алынган бир силикаттык А. жогорку темп-рага туруктуу А. - пирекс кеңири колдонулат (жумшаруу t 820оC). К-танын таасирине турактуу. Фосфаттык А-тин негизги компоненти P2O5. Темп-ранын, HF таасирине туруктуу. Фторберилаттык А. - негизи MF-M2-AI2F3-BeF2 системасынан турат. M жана М щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары. Булар рентген жана g нурларынын, F2, HF – таасирине туруктуу. Халькогенид А. - негизи Ge-As-X,P-Ge-X, Ge-S-X, X-S, Se, Te системасынан турат. Жарым өткөргүчтүк касиетке ээ. А. формага келтирүү үчүн престөө, үйлөтүү, чоюу, прокаттоо ыкмалары колдонулат. Кварц А.- 2000оС жогорку темп-рада жаратылыш кварцын же синтездик SiO2 электр мештеринде эритүүдөн алынат. Өнөр жай А-теринин жумшаруу темп-расы курамына жараша 400-600оС. А-тин курамына NiO, Fe2O3, Ag, Ce2O3 кошулса сары; Сr2O3, CuO, Pr2O3- жашыл; СuO, CoO-көк; NiO,Mn2O3,Nd2O3- кызгылт көк; CoO, MnO, Se, Er2O3- кызгылт; Fe2O3, FeS, Ti2O3, Bi2S3-күрөң; Au, Cu, CdS, CdSe (микрокристаллдары) – кызгылт, кызыл түскө ээ болот. А-тин курамында кээ бир өтмө металлдардын, сейрек жер металлдарынын, уран жана башка иондору болсо А. люминесценттүүлүккө ээ. Ал эми K2O-BaO-SiO2 системасынан жана Nd бирикмесинен турса, лазер үчүн активдүү материал болот. А. курулушта, түтүк даярдоо, медицина, хим. лаб., ядролук реакторлор, оптикалык приборлор, рентген түтүктөрүн, айнек-цемент, айнек-эмаль, глазурь өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар