Садырбаев, Дооронбек: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
22-сап: 22-сап:
|'''Ишмердүүлүгү:''' || [[жазуучу, кинорежиссер]]
|'''Ишмердүүлүгү:''' || [[жазуучу, кинорежиссер]]
|- <br>
|- <br>




'''Садырбаев, Дооронбек''' (13-февраль, [[1939]] - [[28 май]] [[2008]]) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008) ыйгарылган. <br>
'''Садырбаев, Дооронбек''' (13-февраль, [[1939]] - [[28 май]] [[2008]]) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008) ыйгарылган. <br>

28 февраль 2014, саат 19:07 учурдагы нуска


Садырбаев, Дооронбек (13-февраль, 1939 - 28 май2008) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008) ыйгарылган.

Өмүрүнүн кыскача таржымакалы

Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда)1939-жылы 13-февралда туулган. Аны урматтап "Доке" деп кайрылышаар эле. Анын классташтарынын бири кыргыздын коомдук ишмерлеринин бири Абдуразак Султанов болгонун Доке өзү эскергени бар. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирген. Ал жерде ынтымактуу окушкан, себеби: ар улуттун өкүлдөрү окуган. Мектеп жашында ал жакшы окуган жана орус-өзбек тилдерин жакшы өздөштүргөн. Ошентип 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка окууга тапшырган. Академик Иса Ахунбаев сыяктуу илимпоздордун дарсын уккан. 1958-жылы Москвадагы Кыргызстандын маданиятынын он күндүгүнө (декадасына) студенттик хордун өкүлү катары катышкан. Болочокку жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен да мединститута окуп жүрүп таанышкан.

Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.

Эмгек жолу

Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрү менен "ооруп" калган. 4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган. Дубляжда (тасмаларды которууда) Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "лөктөрдүн" үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн. Ал режиссердук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган. Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган. Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.

Пост-советтик коомдук ишмердиги

1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган.

Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду.

Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти.


Депутаттык ишмердиги. Өмүрүнүн акыркы мезгили

1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон.

Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон.

Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган.

21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.

2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири - мурдагы элчи, мурдагы тышкы иштер министри жана өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева болгон).

2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлерден болгон.

2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан.

Анын ооруга чалдыккан себебин мурдагы К.Бакиевдин режимин кескин сындаган ишмердиги менен байланыштырган жоромолдор бар.

Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Эс тутум

Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектеги мурдагы Бах көчөсүнө берилген.

2008-жылы ага (өлгөндөн кийин) Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Эмгектеринин котормолору

Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган.

Кыргыз акыны Алыкул Осмонов туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан.

1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган.


Интернеттеги шилтемелер


Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Садырбаев, Дооронбек
Туулган жылы: 1939-жыл, 13-Бирдин айы (февралда).
Туулган жери: Апыртан айылы, Жалал-Абат,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Каза болгон жылы: 28-май, 2008-жыл (69 жашында)
Каза болгон жери: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, кинорежиссер