Антисептика: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
2-сап: 2-сап:
== Антисептика ==
== Антисептика ==
'''Антисептика''' — жараатка түшкөн бактерияларга каршы, ошондой эле дарылоого.
'''Антисептика''' — жараатка түшкөн бактерияларга каршы, ошондой эле дарылоого.

== Асептика ==
== Асептика ==
'''Асептика''' — жараатка бактерия түшүрбөй алдын алууга багытталган.
'''Асептика''' — жараатка бактерия түшүрбөй алдын алууга багытталган.

21 март 2014, саат 16:41 учурдагы нуска

Антесептика,(лат. anti — каршы, septicus — чирүү) — жараатты таңууда жана аны тазалоодо, керектелүүчү нерселерди зыянсыздандыруу чаралар комплекси.

Антисептика

Антисептика — жараатка түшкөн бактерияларга каршы, ошондой эле дарылоого.

Асептика

Асептика — жараатка бактерия түшүрбөй алдын алууга багытталган. Антисептика пайда болгонго чейин хирургиялык дарылоодо өтө көп кабылдоолор болуп, операциядан кийинки тилме, гангрена, сепсис көп кезиккен. Мындай кабылдоолордун кесепетинен кээ бир ооруканаларда хирургиялык операциялар убактылуу токтотулган. Ал убакта мындай инфекциялык кабылдоолорду микробдор пайда кыларын билишкен эмес, кабылдоо кандайдыр бир оору пайда кылуучу «миазмдан» болот деп түшүнүшкөн.

Миазм

«Миазмды» хирургдардын өздөрү жуктуруп жатканы ойго да келген эмес; операция жана таңуу убагында гигиеналык эрежелер бузулган. Инфекциялык кабылдоолордун себебин ошол убакта венгриялык акушер И. Земмельвейс жана орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүнүшкөн. Н. И. Пирогов «миазм» сезгенген жараатта пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жарааттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жараатын, ошондой эле таңгыч материалдарды булгарын айткан. И. Земмельвейс төрөттөн кийинки сепсистин козгогучу төрөт үйүнүн абасынан эмес, төрөтүп жаткандардын колунан жугарын эске алып, колду жана аспаптарды хлор акиташынын эритмеси менен тазалоону сунуш кылган. Мындан кийин бул оору кескин азайган.

Л. Пастер далилдөөсү

1863-ж. француз микробиологу Л. Пастер ачуу жана ириңдөө микроорганизмдердин тиричилик аракетинен болорун далилдеген. Англис хирург Д. Листер Пастердин изилдөөлөрүнүн жана өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деген жыйынтыкка келип, аларга каршы антисептика деп аталган, теориялык негизделген чараларды сунуш кылган (1867).

Бактерицид

Бактерициддик (микробго каршы) каражат катары карбол кислотасы колдонулган. Анын эритмеси менен аспаптар, операция алдында хирургдун колу тазаланган, күчтүү чачыраткыч менен операция бөлмөсүнө чачыратылган. Бул метод өтө натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол кислотасы микробду өлтүргөнү менен уу болгондуктан, жарааттын ткандарын өлтүргөн, аны менен дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Бара-бара уусу аз антисептик каражаттар табылып, микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору иштелип чыкты.

Э. Бергман методу

Микроорганизмдер жогорку температурада өлөрүн изилдөөлөр далилдеген. Немец хирургу Э. Бергман зыянсыздандыруунун асептика деп аталган жаңы методун иштеп чыккан. Операцияда же таңууда пайдаланылуучу материал тирүү микроорганизмден тазаланышы, башкача айтканда кайнатылып, ысык аба, буу жана башка жиберилип стерилдениши тийиш. Хирургдун колу көбүнчө химиялык каражаттар менен стерилденет (к. Стерилдөө). Азыркы антисептикалык каражаттарды колдонуп, кээ бир ириңдетүүчү микробдор пайда кылган ооруларды операция жасабай эле айыктырууга болот. Терини кесип, тыттырып алганда, ал жерге, мисалы, йоддун спирттеги эритмесин сыйпап, жакшылан таңса андагы бактериялар өлүп, жараат тырыгы жок айыгат.

Биринчи жардам асептикага

Ошондуктан биринчи жардам берүүдө асептика эрежелерин сактоо зарыл. Үйдө стерилденген таңуучу материал (даки, салфетка, кебез жана башка), бинт болууга тийиш. Жардам көрсөтүүчү киши колду самындап жууп, атыр же спирт менен сүртүп туруп таңгакты ачуу керек. Пинцетти колдонордон мурда 10 мин. кайнап жаткан сууга салып коюлат. Таңгакты ачканда стерилденген салфетканы пинцет менен учунан кармап, жараатка жабылчу жерине кол тийгизбей жарааттын тегерегин йоддун спирттеги эритмеси менен тазалап туруп таңуу талап кылынат. Эгерде стерилдүү таңгыч материал жок болсо, үтүктөлгөн чүпүрөктү пайдаланса болот.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8