Жайлоо: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 36 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q30121 (translate me)
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап: 1-сап:
'''Жайлоо''' – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат. Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте орун алган, мисалы, Ак-Сай, Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башка. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Жайлоолордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мисалы, ат жайлоолордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу жайлоодон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Жайлоо чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө жайлоолордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Жайлоо чөбүндө иод аз. Жайлоо ар кандай бийиктикте болгондуктан, бийик тоолуу жайлоого кой, бөксө тоолорго уй менен жылкы жаюу сунуш кылынат.
[[File:Pasture.jpg|thumb|200px]]
==Колдонулган адабияттар== “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

'''Жайлоо''' — жайкы конуш, мал жайыты. Жаздоонун оту кайтып, күн ысый баштаганда мал бийик тоолуу жайыттарга которула баштаган. Уруу башчылары, аксакалдар кеңешип, Жайлоого көчүүчү күндү белгилешкен. Жайлоо ички жана сырткы болуп экиге бөлүнгөн. Ички Жайлоо кыштоодон алыс эмес жайгашып, мал кармоого ылайыктуу оттуу, суулуу жер болгон. Сырткы Жайлоо 200—300 км аралыкта бийик тоолуу өрөөндөрдө жайгашкан. Жайлоо кыргыздардын турмушунда зор роль ойногон. Көпчүлүк салтанаттуу окуялар Жайлоодо өткөн. Жайлоодон мал эттенип, азык-түлүк мол болгон. Кыш камылгасы да Жайлоодо көрүлүп, боз үйдүн жабдуулары, идиш-аяк, кийим-кече жана башкалар оңдолуп жаңыланган. Жайлоодо элдин турмуш-тиричилигинин негизин түзгөн карым-катнаш мамилелери, той- тамашалар, оюн-зооктор жана башкалар күчөгөн.


Пайдаланылган адабиятттар:
== Колдонулган адабияттар ==
[http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
[[Category:Кыргызстан]]

25 март 2015, саат 11:18 учурдагы нуска

Жайлоо – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат. Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте орун алган, мисалы, Ак-Сай, Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башка. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Жайлоолордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мисалы, ат жайлоолордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу жайлоодон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Жайлоо чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө жайлоолордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Жайлоо чөбүндө иод аз. Жайлоо ар кандай бийиктикте болгондуктан, бийик тоолуу жайлоого кой, бөксө тоолорго уй менен жылкы жаюу сунуш кылынат. ==Колдонулган адабияттар== “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1