Алай району: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 7 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q2574782 (translate me)
No edit summary
1-сап: 1-сап:
'''Алай району''' - [[Ош облусу|Ош облусунда]]. Район 1928-ж. Алай-Гүлчө району болуп уюшулган; 1936-ж. андан эки район бөлүнгөн - Алай району жана Чоң Алай району; 1959-ж. алар кайра биригип, Алай району болгон. 1992-ж. кайра эки районго - Алай жана Чоң Алай районуна бөлүнгөн. Район облустун эң түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Кара-Кулжа жана Өзгөн, батышынан жана түндүк-батышынан Кара-Суу, Ноокат жана Чоң Алай райондору, түшгүгүнөн Тоолуу Бадакшан облусу (Тажикстан) менен чектешет. Аянты 7,6 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 26,0%). Калкы 70,1 миң (2003). Борбору Гүлчө кыштагы. Район 12 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Райондо 1 шаарча (Сарыташ), 57 кыштак бар.
==''Алай району''==
Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) менен Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түндүк бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоң Алай кырка тоосу (эң бийик жери - 7137 м, Ленин атындагы чоку) менен курчалган. Райондун деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөң, мрамор, курулуш материалдары, минералдуу жана ысык булактар ж. б.
==Климаты==
Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы Гүлчө өрөөнүндө -7,5°С, Алай өрөөнүндө -14,4°...-17,5°С, июлдуку Гүлчөдө 18,9°С, Алайда 9-15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300-500 мм. Ири мөңгүлөрү: Корженевский, Ленин ж. б. Суу тармактары жыш; ирилери: Гүлчө, Кызыл-Суу, Көк-Суу ж. б. Райондун түндүк чыгыш бөлүгүн ж-а орто бийиктиктеги тоолордун түн. капталдарын карбонаттуу күрөң топурак ээлеп, буудайыктуу ж-а шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Ушул эле бийиктиктеги тоо капталдарынын чыгыш экспозицияларын майда дүңгөлүү, бетегелүү ж-а бетеге-дүйүм чөптүү талаа ээлейт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа алкактары бийиктеген сайын токой ж-а шалбаа алкактарына өтөт. Тоо капталдарынын түндүк ж-а чыгыш экспозицияларынын тескей беттеринде (күңүрт-коңур тоо-токой топурагында) арча ж-а сейрек токой өсөт. Тоо-талаа топурактуу субальп ж-а альп алкактарында субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Кууш капчыгайларда бадал (итмурун, табылгы, изирик ж. б.), суу жайылмаларында чычырканак, тал, терек ж. б. кездешет. Нивалдык алкакта рихтерия, мамыры чөп ж. б. өсөт. Баалуу айбанаттарды коргоо ж-а көбөйтүү максатында Куршаб суусунун жайылмасында Гүлчө заказниги уюшулган.
==Калкы==
Райондо облустун калкынын 6,9%и жашайт (2003). Төрөлүүнүн деңгээли 20,3ү, өлүм-житим - 41,1ү, табигый өсүш - 16,2ү түзөт. Калкынын 44,7%и эмгек жашына чейинкилер, 47,5%и эмгек жашындагылар, 7,8%и - эмгек жашынан өткөндөр. Калктын орточо жыштыгы 1 км жерге 9,0 киши.
==Чарбасы==
Алай районунун экономикасынын негизин мал чарбасы жана дыйканчылык түзөт. Райондо 2003-ж. 116,3 миң кой-эчки, 17,2 миң бодо мал, 9,4 миң жылкы, 20,7 үйкушу болгон. 2003-ж. 6,9 миң о эт (облуста өндүрүлгөн эттин 10,3%и), 17,5 миң о сүт (7,5%и), 342 о жүн (13,3%и), 1,3 млн даана жумуртка (3,9%и) өндүрүлгөн. Жалпы жер фонду 7582,0 миң га (2004), анын а. чга жарактуу жери 409,0 миң га (жеринен 53,9%). Анын басымдуу бөлүгү (387,9 миң га) жайыт. Айдоо аянты 5,0 миң га, анын 1,3 миң гасы сугат жер; 38 га көп жылдык өсүмдүк, 7,9 миң га чабынды. Дан (4,4 миң га, а. и. буудай - 3,2 миң га), картошка (0,5 миң га), май алынчу өсүмдүктөр (227 га), жашылча (244 га) айдалат (2003).
Райондо 5 өндүрүштүк (макарон, самын чыгаруучу, жыгач иштетүүчү, көмүр казып алуучу) ж-а дан эгиндерин кайра иштетүүчү 38 кичи ишкана иштейт. Район облуста өндүрүлгөн өнөржай продукциясынын 0,8%ин берет.
Негизги транспорту - автомобиль. Анын аймагынан эзелтен эле Орто Азия өлкөлөрүн Кытай, Индия, Пакистан, Афганстан м-н байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн. Негизги автомобиль жолдору: эларалык маанидегилери ОшХорог, Сарыташ - Дарооткоргон - Дүйшөмбү (Тажикстан), Сарыташ - Эркештам - Кашгар (Кытай). 2003-ж. автомобиль транспорту м-н 226,6 млн о жүк, 23,5 млн жүргүнчү ташылган. 2003/04-окуу жылында 38 орто, 4 толук эмес орто, 6 башталгыч мектеп, 1 кесиптик-тех. лицей болгон. Райондо 1 борб. ж-а 3 участкалык оорукана, 25 ФАП, 10 үйбүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 аптека, мад-т үйү, 11 клуб, 1 райондук, 30 айылдык китепкана, 1 тарых музейи бар.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1


Алай району областтын борбору [[Ош (шаар)|Ош]] шаарынан 80 км алыстыкта жайгашкан.


Чектелген райондору: [[Чон-Алай |Чон-Алай]], [[Кара-суу району|Кара-Суу]], [[Кара-кулжа району|Кара-Кулжа району]]. Алай районунун жалпы аянты 205274 гек. Калкынын саны 70258 адам. Борбору [[Гүлчө]] айылы.

Алай району 1928-жылдын 10-декабрында Алай – [[Гүлчө]] деген наам менен түзүлүп, азыркы Алай, Өзгөн, Совет райондорунун бир бөлүгүн камтыган. Бул райондон 1936 – жылы өз алдынча Чон-Алай жана Гүлчө райондору түзүлөт. 1956-жылы алар бириктирилип, азыркы Алай району түзүлөт. Район дениз денгээлинен 600дон 4 мин метрге чейинки бийиктикте жайгашкан.




'''Гүлчө эмне себептен Гүлчө деп аталган'''?

Илгери –илгери кара Кытай элине да өзгө журтка таанымал, адилет,акылман хан болгон экен. Кудайга канча заарлап какшаса да артында туягы жок,перзент көрбөптүр. Күндөрдүн бир күнүндө, айлардын бир айларында ошол кара Кытай ханы жер кыдырып, эл кыдырып, кыргыз жерине Алайда эс алып жүргөндө, тоо арасындагы гүл талаада айперидей кыз перзенттуу болуптур. Кудайдан мин ирет жалынып суранса да, перзент көрбөй бала жытына зар болгон хан , көз жашы төгүлө суйунуп, чон той өткөрүп, кызынын атын «Тоо – Гүлү» же »Гулшань» деп коюптур. Татынакай наристеге арнап, Кытай хан кызы төрөлгөн жерине гүл талаага ак сарай курдуруп, айланасын коргондоп, сарай ичин тайгылткан гүлбакчага айлантат.Кызы бойго жетип, артараптан жуучу келе баштайт. Бирок Гүлшанга ылайыктуу күйөө чыкпайт. Гүлшандын сулуулугу бут дүйнө жүзүнө таркайт да кыргыз элинин аксаклдары кенешип олтуруп, кызды кайда тарттырып жиберебиз деп, кытай ханына келишет. Ханга кыргыз элинин меймандостугу,кен пейилдиги, [[Алай]]дын жери, суусу, таза абасы жагып, Кызына тендеш, акылман, айкол батырын ала келишет. Гулшань ал жигитти бир көрүп жактырып калат. Кара Кытай ханы терен ойлонуп, насаатчы кенешчилери менен жалгыз кызынын оюна макул болушат. Ошентип, тогуздап токту толо мал айдап күйөө кыз ордого келет. Той күнү дасторкон жайылып, түркүн даамдар менен толот. Ошол учурда Гулшань дасторкондогу мейизден уучтап алып, оозуна салат. Мейиздин арасында уулу каракурт болгон. Каракурттун уусунан кыз заматта коз жумат. Ааламды карангылык каптап, не кытай ханы, не кудаалар эмне кылаарын билбей, оозунан алдырган куштай абдырап, ичтеринен кайгынын зили каптап олтуруп калган дешет.
Гулшань мекендеген көк булуң анын атынан, тилдеги орфографиялык өзгөрүүлөрдөн кийин Гүлчө деп өзгөргөн.

== Колдонулгон адабият ==
[http://www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo *Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил
жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004.] ISBN 9967-14-006-2


[[Category: Кыргызстан]]
[[Category: Кыргызстан]]
[[Category: Азия]]
[[Category: Азия]]
[[Category: География]]
[[Category: География]]
[[Category: Райондор]]


дшм

24 июнь 2015, саат 09:35 учурдагы нуска

Алай району - Ош облусунда. Район 1928-ж. Алай-Гүлчө району болуп уюшулган; 1936-ж. андан эки район бөлүнгөн - Алай району жана Чоң Алай району; 1959-ж. алар кайра биригип, Алай району болгон. 1992-ж. кайра эки районго - Алай жана Чоң Алай районуна бөлүнгөн. Район облустун эң түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Кара-Кулжа жана Өзгөн, батышынан жана түндүк-батышынан Кара-Суу, Ноокат жана Чоң Алай райондору, түшгүгүнөн Тоолуу Бадакшан облусу (Тажикстан) менен чектешет. Аянты 7,6 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 26,0%). Калкы 70,1 миң (2003). Борбору Гүлчө кыштагы. Район 12 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Райондо 1 шаарча (Сарыташ), 57 кыштак бар. Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) менен Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түндүк бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоң Алай кырка тоосу (эң бийик жери - 7137 м, Ленин атындагы чоку) менен курчалган. Райондун деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөң, мрамор, курулуш материалдары, минералдуу жана ысык булактар ж. б.

Климаты

Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы Гүлчө өрөөнүндө -7,5°С, Алай өрөөнүндө -14,4°...-17,5°С, июлдуку Гүлчөдө 18,9°С, Алайда 9-15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300-500 мм. Ири мөңгүлөрү: Корженевский, Ленин ж. б. Суу тармактары жыш; ирилери: Гүлчө, Кызыл-Суу, Көк-Суу ж. б. Райондун түндүк чыгыш бөлүгүн ж-а орто бийиктиктеги тоолордун түн. капталдарын карбонаттуу күрөң топурак ээлеп, буудайыктуу ж-а шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Ушул эле бийиктиктеги тоо капталдарынын чыгыш экспозицияларын майда дүңгөлүү, бетегелүү ж-а бетеге-дүйүм чөптүү талаа ээлейт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа алкактары бийиктеген сайын токой ж-а шалбаа алкактарына өтөт. Тоо капталдарынын түндүк ж-а чыгыш экспозицияларынын тескей беттеринде (күңүрт-коңур тоо-токой топурагында) арча ж-а сейрек токой өсөт. Тоо-талаа топурактуу субальп ж-а альп алкактарында субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Кууш капчыгайларда бадал (итмурун, табылгы, изирик ж. б.), суу жайылмаларында чычырканак, тал, терек ж. б. кездешет. Нивалдык алкакта рихтерия, мамыры чөп ж. б. өсөт. Баалуу айбанаттарды коргоо ж-а көбөйтүү максатында Куршаб суусунун жайылмасында Гүлчө заказниги уюшулган.

Калкы

Райондо облустун калкынын 6,9%и жашайт (2003). Төрөлүүнүн деңгээли 20,3ү, өлүм-житим - 41,1ү, табигый өсүш - 16,2ү түзөт. Калкынын 44,7%и эмгек жашына чейинкилер, 47,5%и эмгек жашындагылар, 7,8%и - эмгек жашынан өткөндөр. Калктын орточо жыштыгы 1 км жерге 9,0 киши.

Чарбасы

Алай районунун экономикасынын негизин мал чарбасы жана дыйканчылык түзөт. Райондо 2003-ж. 116,3 миң кой-эчки, 17,2 миң бодо мал, 9,4 миң жылкы, 20,7 үйкушу болгон. 2003-ж. 6,9 миң о эт (облуста өндүрүлгөн эттин 10,3%и), 17,5 миң о сүт (7,5%и), 342 о жүн (13,3%и), 1,3 млн даана жумуртка (3,9%и) өндүрүлгөн. Жалпы жер фонду 7582,0 миң га (2004), анын а. чга жарактуу жери 409,0 миң га (жеринен 53,9%). Анын басымдуу бөлүгү (387,9 миң га) жайыт. Айдоо аянты 5,0 миң га, анын 1,3 миң гасы сугат жер; 38 га көп жылдык өсүмдүк, 7,9 миң га чабынды. Дан (4,4 миң га, а. и. буудай - 3,2 миң га), картошка (0,5 миң га), май алынчу өсүмдүктөр (227 га), жашылча (244 га) айдалат (2003). Райондо 5 өндүрүштүк (макарон, самын чыгаруучу, жыгач иштетүүчү, көмүр казып алуучу) ж-а дан эгиндерин кайра иштетүүчү 38 кичи ишкана иштейт. Район облуста өндүрүлгөн өнөржай продукциясынын 0,8%ин берет. Негизги транспорту - автомобиль. Анын аймагынан эзелтен эле Орто Азия өлкөлөрүн Кытай, Индия, Пакистан, Афганстан м-н байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн. Негизги автомобиль жолдору: эларалык маанидегилери ОшХорог, Сарыташ - Дарооткоргон - Дүйшөмбү (Тажикстан), Сарыташ - Эркештам - Кашгар (Кытай). 2003-ж. автомобиль транспорту м-н 226,6 млн о жүк, 23,5 млн жүргүнчү ташылган. 2003/04-окуу жылында 38 орто, 4 толук эмес орто, 6 башталгыч мектеп, 1 кесиптик-тех. лицей болгон. Райондо 1 борб. ж-а 3 участкалык оорукана, 25 ФАП, 10 үйбүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 аптека, мад-т үйү, 11 клуб, 1 райондук, 30 айылдык китепкана, 1 тарых музейи бар.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1