Бизнес: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
2-сап: 2-сап:
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр]]
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр]]
==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы»]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

6 июль 2015, саат 08:50 учурдагы нуска

Бизнес - (англ. business) 1) киреше же башка пайда алып келүүчү экономикалык ишкердик, кандайдыр бир иш-аракет; 2) өндүрүштүк, соода, коммерциялык ишкана; 3) бир ишкердин же бүтүндөй фирманын коммерциялык практикасы же саясаты; 4) жолдуу бүтүм, сатып алуу; 5) «ишкер чөйрө», коммерсанттар чөйрөсү. Активдүү экономикалык ишкердик, коммерциялык иш жүргүзүүчү субъект бизнесмен деп аталат. Ал кандайдыр бир иштин ээси же менежмент, маркетинг, финансы ж. б. чөйрөсүндө жалданма кызматкер болушу мүмкүн. Бизнесмендин зарыл өздүк сапаты: карьера жасоого, өзүн көрсөтүүгө эрки, өз турмушун каалагандай жакшыртууга ж. б. далалаты болууга тийиш. Бизнес бизнесмендин жана коомдун кызыкчылыгын канааттандыруучу көп киреше ала тургандай иш менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биздин өлкөдө чарба жүргүзүүнүн рынок системасына өтүшү менен бизнестин өнүгүшүнө жана ишмердигин кеңейтүүгө жагымдуу шарт түзүлдү.

Колдонулган адабияттар