Альпы: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
2-сап: 2-сап:
Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар:
Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар:



{| style="border-spacing:0;"
| style="background-color:#ffffff;border-top:0.5pt solid #00000a;border-bottom:none;border-left:0.5pt solid #00000a;border-right:none;padding-top:0cm;padding-bottom:0cm;padding-left:0.018cm;padding-right:0.018cm;"| Ашуунун аты
| style="background-color:#ffffff;border-top:0.5pt solid #00000a;border-bottom:none;border-left:0.5pt solid #00000a;border-right:none;padding-top:0cm;padding-bottom:0cm;padding-left:0.018cm;padding-right:0.018cm;"| Деңиз деңг. бийиктиги (м)
| style="background-color:#ffffff;border-top:0.5pt solid #00000a;border-bottom:none;border-left:0.5pt solid #00000a;border-right:none;padding-top:0cm;padding-bottom:0cm;padding-left:0.018cm;padding-right:0.018cm;"| Жайгашкан
| style="background-color:#ffffff;border-top:0.5pt solid #00000a;border-bottom:none;border-left:0.5pt solid #00000a;border-right:0.5pt solid #00000a;padding-top:0cm;padding-bottom:0cm;padding-left:0.018cm;padding-right:0.018cm;"| Транспорттук мааниси
==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

7 июль 2015, саат 03:38 учурдагы нуска

Альп тоолору - (кельт тилинде alp - бийик тоо) - Европадагы эң бийик тоо системасы. Франция, Италия, Швейцария, Германия, Австрия, Югославия, Лихтенштейн мамлекеттеринин аймагында. Жер ортолук деңизден Орто Дунай түздүгүнө чейин түндүк-батышка ийилген дого сымал созулган кырка тоо менен тоо массивдеринин татаал системасы. Узундугу 1200 кмдей (догонун ички чети боюнча 750 кмдей). Туурасы 260 кмге чейин. Боден жана Комо көлдөрүнүн аралыгында Альп тоолорун кесип өткөн өрөөн аркылуу кыйла бийигирээк Батыш Альп тоолоруна (мында тоонун эң бийик жери 4807 мге чейин жетет, Монблан чокусу) жана жапызыраак, жазы келген Чыгыш Альп тоолоруна (4049 мге чейин, Бернина чокусу) бөлүнөт. Бүктөлүү структурасы негизинен альп тектоникалык кыймылынан пайда болгон. Альп тоолорунун кыр зонасы кристаллданган (гнейс, слюдалуу сланец), метаморфизмделген (кварц-филлиттүү сланец) байыркы тоотектерден турат, мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары жана азыркы мөңгүлөр (жалпы аянты 4 миң гсм2ден ашык 1200дөй мөңгү бар) мүнөздүү. Мөңгү менен түбөлүк кардын этеги 2500-3200 мге чейин түшөт. Капталдарындагы туурасынан жана узатасынан созулуп жаткан көптөгөн өрөөндөрдүн төрлөрүндө өтүүгө ыңгайлуу ашуулар бар, алар аркылуу автомобиль жана темир жолдору өтөт. Кыр зонасынан түндүк-батыш жана түштүктү карай мезозойдук акиташ тектүү жана доломитүү тоолор, андан кийинчерээк пайда болгон флиш жана молас формацияларынан турган орто бийик жана жапыз тоолуу Альп өндүрү созулуп жатат. Альп тоолору - Европанын климатын айырмалап туруучу негизги тоскоол. Андан түндүк жана батыш тарапка мелүүн климаттуу аймак, түштүк тарапка субтропиктик жер ортолук деңиз климаттуу ландшафт мүнөздүү. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү батыш жана түндүк-батыш айдарым капталдарында 1500-2000 мм, айрым жерлеринде 4000 ммге чейин. Альп тоолорунан Рейн, Рона, По, Адиже дарыясы, Дунайдын оң куймалары башталат. Мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон көлдөр (Боден, Женева, Комо, Лаго-Мажоре ж. б.) көп. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. 800 м бийиктикке чейинки аймактын климаты мелүүн, жылуу, түштүк капталдарыныкы-жер ортолук деңиздик; жемиш бактары, айдоо аянттары көп, жерортолук деңиз бадалдары жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 800-1800 м бийиктикте климаты мелүүн жана нымдуу; эмен, бук ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой жогорулаган сайын ийнежалбырактуу токой менен алмашат. Мында мал жайытта багылат; төмөн жагында дыйканчылык өнүккөн. 2200-2300 м бийиктикке чейин суук субальп климаты өкүм сүрөт; кар көпкө жатат. Бадал жана өскүлөң шалбаа басымдуу, жайкы жайыт. Андан жогору түбөлүк кар чегине чейин климаты катаалдап, кыска чөптүү альп шалбаасы өсөт, жылдын көп мезгилинде кар жатат. Кыр зонасын кар, мөңгүлүү нивалдык алкак ээлейт; тоо капталдары корум таштуу. Альп тоолору - Европанын рекреациялык ресурстарга бай региону; анда эл аралык альпинизм, туризм жана тоо лыжа спорту өнүккөн. Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар:


Колдонулган адабияттар