Жалал-Абад облусу: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
43-сап: 43-сап:
==Окуу жайлары==
==Окуу жайлары==

- Жалал-Абад мамлекеттик университети
- Жалал-Абад мамлекеттик университети

- Жалал-Абад медицина окуу жайы
- Жалал-Абад медицина окуу жайы

- Кыргызстан эл аралык университети Жалал-Абад институту
- Кыргызстан эл аралык университети Жалал-Абад институту

- Экономика жана ишкердик Университети
- Экономика жана ишкердик Университети

- Жалал-Абад маданият техникуму
- Жалал-Абад маданият техникуму

- Жалал-Абад педагогика окуу жайы
- Жалал-Абад педагогика окуу жайы

==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==

16 июль 2015, саат 05:21 учурдагы нуска

Жалал-Абад облусу - Кыргызстандын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. 1924-26-жылдарда округ, 1926-28-жылы кантон болгон; 1928-жылы Ош округуна бириктирилген. 1939-жылы 21-ноябрда облус катары уюшулган; 1959-жылы 27-январда жоюлуп, Ош облусуна кошулган, 1990-жылы 14-декабрда кайра өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облустары, түштүк-батышынан жана батышынан Өзбекстан менен чектешет. Административдик-аймактык жактан 8 районго (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал), 68 айыл өкмөткө бөлүнөт. Анда 7 шаар, 7 шаарча, 414 айыл бар. Аянты 33,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 16,9%и). Калкы 993,8 миң (2009; республиканын калкынын 18,7%и).

Табияты

Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик жана жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр жана тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон районунун аймагында). Облустун түн.-батыш, түн. жана чыгыш чет жакалары боюнча Батыш жана Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор Чаткал (бийикт. 4503 м), Суусамыр-Тоо, Молдо-Тоо (түштүк капталдары) созулуп жатат. Облустун борб. бөлүгүн Фергана (түн.-батышын), Кочкор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түштүк-батышты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү жана салыштырмалуу бийикт. 100-400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көгарт (мында облустун борбору Жалал-Абад ш. жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бука өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына о. Эле обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөндөр Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Чаткал ойдундары да кирет. Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана жана Ат-Ойнок, Чаткал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бөлүнүп турат.

Арстанбап шаркыратмалары

Waterfall

Бабашата кырка тоосундагы Арстанбап ( караүңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Арстанбап кыштагына жакын, тоонун этек жагындагытик аскадан агып түшөт. Мында эки( Чоң жана Кичи Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң шаркыратманын бийиктиги 80м дей , үч баскычтан турат. Суу аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш шаңшаар пайда кылат. Кооздугу жагынан айрыкча кичи шаркыратма көңүлдү бурат. бийктиги 20м дей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Аскалардын бети жашыл энилчектер менен капталган.Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун ( мөмө-жемиш токою ж. б. ) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын суйгөн жайына айланган.

Жалал-Абад облусттук мамлекетик администрациясы

Zhalal-Abad Administration

облустук мамлекеттик бийлик органы. 1991-жылы уюшулган. Кыргыз республикасынын конституциясынын, мыйзамдарынын, президенттин указдары менен буйруктарынын Өкмөттүн токтомдорунун, Жогорку кеңештин палаталарынын чечимдеринин негизинде иш жүргүзүлөт. Мамлекеттин социалдык-экономика саясатын ишке ашырат; облусттун аймагында мамлекеттик жана коомдук тартипти көзөмөлдөйт; мал чарбасын өнүктүрөт; облустун негизги тармагы болгон дыйканчылыкты өркүндөтөт. биргелешкен ишканаларды, кызматтарды түзүү жолу менен облустун экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кенейтет. Жалалабат облусун админ башчысы- губернатор жететктейт. Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак , Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондук администрациялары Каракол, Таш-Көмур, Майлы-Суу, Жалал-Абад шаарларынын мериялары баш ийет.

Арстанбап айыл өкмөтү

Arstanbap

Базар-коргон районундагы администрациялык аймактык бирдик. Бабашата тоосунун түш.-чыгыш этегинде, Арстанбап өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1400-2000м бийиктикте жайгашкан.Түндүгүнөн Токтогул району, чыгышынан Кызылүңкүр , батышынан Талдыбулак айыл өкмөттөрү жана Ноокен району, түштүгүнөн могол айылы менен чектешет. Райондун борбору Базаркоргон кыштагынан 53км, Жалал-Абад темир жол бекетинен 87км аралыкта. Ага Арстанбап, Белтерек, Гүмкана, Жайтерек, Жарадар, Дашман кыштыктары карайт. Борбору- Арстанбап кыштагы. Аймагында Арстапбапата токой чарбасы жайгашкан. Жеринин жалпы аянты 25048га. Калкы 13830 (2001); негизги чарбасы токойчулук (жаңгак,алма , алча ж.м мөмө-жемиш жыйноо), эле дыйканчылык , мал чарбалары. Айыл өкмөтүндө 5 орто мектеп , 2 бала бакча, оорукана, 3 фельдшер-акушердик пункт, 2 маданият үйү, клуб,3 мончо , 2 байланыш бөлүмү, а.ч сырьёсунун кайра иштетүүчү 24 ишкана бар. Айыл өкмөтүндөгү суу куурунун жалпы уз.7км, ички автомобиль жолунун узундугу 65км.

Кара-Алма токой чарбасы

Karaalma
Karaalma1
Karaalma1

Караалма токой чарбасы (кеңсеси Сузак районундагы Караалма кыштагында) 1945-жылы токой-мөмө жемиш заказниги катары Сузак районунун аймагында уюлушкан. 1948-жылы ал «Саты» жаңгак совхозу менен биригип , Караалма токой чарбасы болуп түзүлгөн. Аймагы деңиз деңгээлинен 700-300 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 4.6 км2. Токой чарбанын түн.-бөлүгүндө Согонташ, түндүк-чыгышында Акташ тооолору жайгашкан. Чарбанын аймагы аркылуу Көгарттын куймалары – Караалма, Үрүмбаш, Кызыл-суу суулары агат. Токой чарбанын негизги максаты – анын аймагында өскөн жаңгак-мөмө-жемиш токоюн жана ал токойдогу мекенндеген жаныбарларды сактоо жана сарамжалуу пайдалануу. Чарбанын аймагында жапайы жаңгак, алма, алча, ак чечек, бадам, мисте, шилби, карагат, катмы жаңгак жана башка өcөт. Анда аюу, түлкү, карышкыр, кашкулак, каман, элик, аскаларда кийик, илбирс мекендейт; түрдүү куштарга бай. Караалма токой чарбасы Караалма (аянты 10084 га), Үрүмбаш (10581 га), Көгарт (13518 га), Жергетал (741 га), Көкжаңгак (1220 га), Сузак (4428 га) токойчулуктарга бөлүнөт. Табияты жөнүндө к. Каралма өрөөнү макаласын.Караалма токой чарбасы (кеңсеси Сузак районундагы Караалма кыштагында) 1945-ж. токой-мөмө жемиш заказниги катары Сузак районунун аймагында уюлушкан. 1948-ж. ал «Саты» жаңгак совхозу менен биригип , Караалма токой чарбасы болуп түзлгөн. Аймагы деңиз деңгээлинен 700-300 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 〖4.6 км〗^2. Токой чарбанын түн.-бөлүгүндө Согонташ, түн.-чыгышында Акташ тооолору жайгашкан. Чарбанын аймагы аркылуу Көгарттын куймалары – Караалма, Үрүмбаш, Кызыл-суу суулары агат. Токой чарбанын негизги максаты – анын аймагында өскөн жаңгак-мөмө-жемиш токоюн жана ал токойдогу мекенндеген жаныбарларды сактоо жана сарамжалуу пайдалануу. Чарбанын аймагында жапайы жаңгак, алма, алча, ак чечек, бадам, мисте, шилби, карагат, катмы жаңгак жана башка өсөт. Анда аюу, түлк, карышкыр, кашкулак, каман, элик, аскаларда кийик, илбирс мекендейт; түрдүү куштарга бай. Караалма токой чарбасы Кара-Алма (аянты 10084 га), Үрүмбаш (10581 га), Көгарт (13518 га), Жергетал (741 га), Көкжаңгак (1220 га), Сузак (4428 га) токойчулуктарга бөлүнөт. Табияты жөнүндө к. Караалма өрөөнү макаласы

Окуу жайлары

- Жалал-Абад мамлекеттик университети
- Жалал-Абад медицина окуу жайы
- Кыргызстан эл аралык университети Жалал-Абад институту
- Экономика жана ишкердик Университети
- Жалал-Абад маданият техникуму
- Жалал-Абад педагогика окуу жайы

Колдонулган адабияттар

• “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Шилтемелер

Жалал-Абад областы
Жалал-Абад областы
Жалал-Абад областы
Негизделген: 1939
Борбору: Жалал-Абад шаары
Аянты: 33,7 миң км²
Калкы: 920,6 миң адам
Административдик бөлүүнүсү: 6 шаар, 8 район