Жамаат: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles *** existing text overwritten ***
No edit summary
 
1-сап: 1-сап:
'''Жамаат''' – адамдардын шериктешүү формасы; өндүрүш каражаты жалпы [[Менчик|менчик]] болуп, чарбаны биргелешип жүргүзүүгө, өндүрүлгөн нерселерди тең бөлүштүрүү негизинде пайда болгон коом. Уруучулук коомдогу жамаат өндүрүштүк, үй-бүлөлүк, тиричиликтик, идеологиялык функцияларды жөнгө салган маанилүү социалдык организм болуп саналган. Коомдошуп жашоосунун бара-бара татаалданышы менен адамдардын топтошуп жашоолору да алардын ири жана чакан топторун жаратты. Айылдык, коммуналдык, конфессиялык, улуттук жана башка жамааттар келип чыкты. Жамааттар карама-каршы функцияларды аткарып келүүдө. Бир жагынан бул өз мүчөлөрүн калкалап алууга жөндөмдүү демократиялык институт болуп саналса, экинчи жагынан жамаат мамлекет жана адамдар тарабынан фискалдуу максаттарга, башкача айтканда жамааттык жумушта ар бир мүчө бири-бирине кепил болуп, алардын жооптуулугу сыяктуу каражаттар катары пайдаланылган. Өнөр жай өндүрүшү менен тикелей байланыштуу жаралган соода-сатык мамилелери элеттик жамааттарды талкалап, алардын ордун фермер чарбалары жана латифундисттер ээлеген. Маркетинг системасынын европалык өнүгүү шарттарында шаардык жамааттар да талкаланып жок болгон. Бирок, Азия, Африка жана Америка континенттеринин айылдык жамааттары азыркыга чейин сакталып, өз жашоосун улантууда. Азыркы кездеги жамааттар өз мүчөлөрүнүн биргелешкен ишмердүүлүгү менен бириктирилген жана жергиликтүү өз алдынча өзү башкарган системага ээ социалдык майда уюм болуп саналат.
'''Жамаат''' – 1) бир тектүү аймактын алкагында жашаган аргандай милдетти аткаруучу организмдердин жыйындысы; 2) Бельгия федерациясында маданий-лингивистикалык автономия принциптеринде түзүлгөн субъектердин аталышы. Бельгияда үч Ж. бар: фламанд-, франко- жана герман тилдүү.

== Колдонулган адабияттар ==
==Колдонулган адабияттар==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
[[Категория:Коом]]

16 июль 2015, саат 07:50 учурдагы соңку нуска

Жамаат – адамдардын шериктешүү формасы; өндүрүш каражаты жалпы менчик болуп, чарбаны биргелешип жүргүзүүгө, өндүрүлгөн нерселерди тең бөлүштүрүү негизинде пайда болгон коом. Уруучулук коомдогу жамаат өндүрүштүк, үй-бүлөлүк, тиричиликтик, идеологиялык функцияларды жөнгө салган маанилүү социалдык организм болуп саналган. Коомдошуп жашоосунун бара-бара татаалданышы менен адамдардын топтошуп жашоолору да алардын ири жана чакан топторун жаратты. Айылдык, коммуналдык, конфессиялык, улуттук жана башка жамааттар келип чыкты. Жамааттар карама-каршы функцияларды аткарып келүүдө. Бир жагынан бул өз мүчөлөрүн калкалап алууга жөндөмдүү демократиялык институт болуп саналса, экинчи жагынан жамаат мамлекет жана адамдар тарабынан фискалдуу максаттарга, башкача айтканда жамааттык жумушта ар бир мүчө бири-бирине кепил болуп, алардын жооптуулугу сыяктуу каражаттар катары пайдаланылган. Өнөр жай өндүрүшү менен тикелей байланыштуу жаралган соода-сатык мамилелери элеттик жамааттарды талкалап, алардын ордун фермер чарбалары жана латифундисттер ээлеген. Маркетинг системасынын европалык өнүгүү шарттарында шаардык жамааттар да талкаланып жок болгон. Бирок, Азия, Африка жана Америка континенттеринин айылдык жамааттары азыркыга чейин сакталып, өз жашоосун улантууда. Азыркы кездеги жамааттар өз мүчөлөрүнүн биргелешкен ишмердүүлүгү менен бириктирилген жана жергиликтүү өз алдынча өзү башкарган системага ээ социалдык майда уюм болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5