Руанда: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап: 1-сап:
'''Руанда''' (Rwanda), Руанда Республикасы – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Уганда, чыгышынан Танзания, түштүгүнөн Бурунди, батышынан Конго Демократиялык Республикасы менен чектешет. Аянты 26,4 миң км<sup>2</sup>. Калкы 10,0 млн (2010). Борбору – Кигали шаары (провинция статусуна ээ). Административдик-аймактык жактан 5 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – руанда франкы.
Руанда - [[Африка]]дагы бир [[мамлекет]].
Бириккен Улуттар Уюмунун (1962), Эл аралык Валюта фондунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996), ЮНЕСКОнун (1962), Африка биримдиги уюмунун (1963) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
{{Африка бирлиги}}
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Руанда – унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-ж. 5-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу (Сенат, Депутаттар палатасы) парламент. Руандада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары – Руанда патриоттук фронту, Социал-демократиялык партия, Либералдык партия ж. б.
==Табияты==
Өлкөнүн аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Чыгыш Африка бөксө тоосу (бийиктиги 1500–2000 м) ээлейт. Четки түндүк-чыгышында жанар тоолуу Вурунга тоосу жатат. Эң бийик жери Карисимби чокусу (бийиктиги 4510 м). Климаты субэкватордук. Айлык орточо температурасы 19–21°С. Жылдык жаан-чачыны 1000–1500 мм. Кургакчылык болбойт. Башкы дарыясы – Кагера (Нилдин башаты). Көлү – Киву (кеме жүрөт). Саванна, Вирунга тоосунда дайыма жашыл, нымдуу токой өсөт. Кагера, Вирунга улуттук парктары уюштурулган.
==Калкы==
Элинин негизин руандалар түзөт. Расмий тилдери – киньяруанда (руанда), француз, англис тилдери. Дини – католицизм, ошондой эле протестанттар да бар. Калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 38 жаш, аялдардыкы – 40. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 48,5), өлүм-житим орточо (1000ге 21,8), балдардын өлүмү өтө жогору (1000ге 138,1). Шаар калкы 18% . Ири шаарлары: Кигали, By-Tape, Рухенгери.
==Тарыхы==
Руанданын жергиликтүү калкы – пигмейлер (тва) аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. Орто кылымдарда Руанда аймагына түштүктөн банту тилинде сүйлөгөн уруулар (хуту) келип, пигмейлерди каратып, жерлерин ээлеп, жергиликтүү калкты чытырман токойлорго сүргөн. 16-кылымда түндүктөн келе баштаган. нилот уруулары (тутси) хутуларга жана пигмейлерге үстөмдүк кылган. 19-кылымда Руанда аймагында жергиликтүү уруулардан борбордошкон королдук мамлекет түзүлгөн. 1890-ж. Руанда аймагы Германия протекторатына өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914–18) бельгиялык аскерлер басып алган (1916). 1918-ж. Улуттар лигасынын чечими боюнча Руанда Бельгиянын протектораты, согуштан кийин Бурунди менен бириктирилип, Бельгиянын Руанда-Урунди мандаттык, 1946-ж. опекалык аймагына айланган. 1950-жылдары улуттук-боштондук кыймылдар күч алган. 1960-ж. Руандада монархия кулап, 1961-ж. 28-январда Руанда республикасы түзүлгөн. 1962-ж. 1-июлда Руанданын көз карандысыздыгы жарыяланган. 2000-ж. апрелде өлкөдө алгачкы жолу президенттик шайлоо өткөрүлүп, президенттикке Поль Кагаме шайланган. 2010-ж. сентябрда экинчи жолку президенттик шайлоодо жеңишке ээ болуп, 7 жылдык мөөнөткө калтырылды.
==Чарбасы==
Руанда – дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 10,13 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы айыл-чарбасынын үлүшү (% менен) 42,6, тейлөө чөйрөсүнүкү 35,2, өнөр-жайдыкы 22,2. Экономикасынын негизин айыл-чарба түзөт (анда эмгекке жарамдуу калктын <sup>9</sup>/<sub>10</sub>у эмгектенет). Кофе, чай өстүрүлүп, пахта, тамеки жана пиретрум (татымал) айдалат. Жайыт мал чарбачылыгы өнүккөн. Азыраак түстүү металл казылып алынат. 2007-ж. 120 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл-чарба азыктары кайрадан иштетилет. Автомобиль жолунун узундугу 14 миң км (анын 20% и гана асфальтталган). Киву дарыясында кеме жүрөт. Сыртка кофе, чай, малдын териси жана калай чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Кения, Уганда, Бельгия, Кытай, Германия.
[[Категория:Мамлекеттер арип боюнча]]
[[Категория:Мамлекеттер арип боюнча]]
==Колдонулган адабияттар==
[[Категория:Африка]]
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9

11 сентябрь 2015, саат 05:44 учурдагы нуска

Руанда (Rwanda), Руанда Республикасы – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Уганда, чыгышынан Танзания, түштүгүнөн Бурунди, батышынан Конго Демократиялык Республикасы менен чектешет. Аянты 26,4 миң км2. Калкы 10,0 млн (2010). Борбору – Кигали шаары (провинция статусуна ээ). Административдик-аймактык жактан 5 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – руанда франкы. Бириккен Улуттар Уюмунун (1962), Эл аралык Валюта фондунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996), ЮНЕСКОнун (1962), Африка биримдиги уюмунун (1963) ж. б. уюмдардын мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):

Мамлекеттик түзүлүшү

Руанда – унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-ж. 5-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу (Сенат, Депутаттар палатасы) парламент. Руандада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары – Руанда патриоттук фронту, Социал-демократиялык партия, Либералдык партия ж. б.

Табияты

Өлкөнүн аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Чыгыш Африка бөксө тоосу (бийиктиги 1500–2000 м) ээлейт. Четки түндүк-чыгышында жанар тоолуу Вурунга тоосу жатат. Эң бийик жери Карисимби чокусу (бийиктиги 4510 м). Климаты субэкватордук. Айлык орточо температурасы 19–21°С. Жылдык жаан-чачыны 1000–1500 мм. Кургакчылык болбойт. Башкы дарыясы – Кагера (Нилдин башаты). Көлү – Киву (кеме жүрөт). Саванна, Вирунга тоосунда дайыма жашыл, нымдуу токой өсөт. Кагера, Вирунга улуттук парктары уюштурулган.

Калкы

Элинин негизин руандалар түзөт. Расмий тилдери – киньяруанда (руанда), француз, англис тилдери. Дини – католицизм, ошондой эле протестанттар да бар. Калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 38 жаш, аялдардыкы – 40. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 48,5), өлүм-житим орточо (1000ге 21,8), балдардын өлүмү өтө жогору (1000ге 138,1). Шаар калкы 18% . Ири шаарлары: Кигали, By-Tape, Рухенгери.

Тарыхы

Руанданын жергиликтүү калкы – пигмейлер (тва) аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. Орто кылымдарда Руанда аймагына түштүктөн банту тилинде сүйлөгөн уруулар (хуту) келип, пигмейлерди каратып, жерлерин ээлеп, жергиликтүү калкты чытырман токойлорго сүргөн. 16-кылымда түндүктөн келе баштаган. нилот уруулары (тутси) хутуларга жана пигмейлерге үстөмдүк кылган. 19-кылымда Руанда аймагында жергиликтүү уруулардан борбордошкон королдук мамлекет түзүлгөн. 1890-ж. Руанда аймагы Германия протекторатына өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914–18) бельгиялык аскерлер басып алган (1916). 1918-ж. Улуттар лигасынын чечими боюнча Руанда Бельгиянын протектораты, согуштан кийин Бурунди менен бириктирилип, Бельгиянын Руанда-Урунди мандаттык, 1946-ж. опекалык аймагына айланган. 1950-жылдары улуттук-боштондук кыймылдар күч алган. 1960-ж. Руандада монархия кулап, 1961-ж. 28-январда Руанда республикасы түзүлгөн. 1962-ж. 1-июлда Руанданын көз карандысыздыгы жарыяланган. 2000-ж. апрелде өлкөдө алгачкы жолу президенттик шайлоо өткөрүлүп, президенттикке Поль Кагаме шайланган. 2010-ж. сентябрда экинчи жолку президенттик шайлоодо жеңишке ээ болуп, 7 жылдык мөөнөткө калтырылды.

Чарбасы

Руанда – дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 10,13 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы айыл-чарбасынын үлүшү (% менен) 42,6, тейлөө чөйрөсүнүкү 35,2, өнөр-жайдыкы 22,2. Экономикасынын негизин айыл-чарба түзөт (анда эмгекке жарамдуу калктын 9/10у эмгектенет). Кофе, чай өстүрүлүп, пахта, тамеки жана пиретрум (татымал) айдалат. Жайыт мал чарбачылыгы өнүккөн. Азыраак түстүү металл казылып алынат. 2007-ж. 120 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл-чарба азыктары кайрадан иштетилет. Автомобиль жолунун узундугу 14 миң км (анын 20% и гана асфальтталган). Киву дарыясында кеме жүрөт. Сыртка кофе, чай, малдын териси жана калай чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Кения, Уганда, Бельгия, Кытай, Германия.

Колдонулган адабияттар