Мамбетакунов, Эсенбек: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
23-сап: 23-сап:
|Сайты =
|Сайты =
}}
}}
'''Мамбетакунов Эсенбек'''
'''Мамбетакунов Эсенбек''' (15.2.1944-ж. т., [[Ат-Башы району]], Жаңы-Күч айылы) — физик, [[педагогика]]лык илимдеринин доктору (1992), профессор (1994). <br>
==Бала чагы==
==Бала чагы==
Мамбетакунов Эсенбек 1945-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. Атасы Шайылда уулу Мамбетакун ушул айылдын уюштуруучусу жана колхоздун башкармасы болуп иштеп жүрүп, 1948-жылы каза болгон.<br>
Мамбетакунов Эсенбек 1944-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. Атасы Шайылда уулу Мамбетакун ушул айылдын уюштуруучусу жана колхоздун башкармасы болуп иштеп жүрүп, 1948-жылы каза болгон.<br>
Эсенбек 1950-жылы Жаңы-Күч башталгыч мектебинин биринчи классына кирип, аны 1954-жылы бүтүргөн. Андан кийин Калинин атындагы мектептен 7-классты, Кара-Суу орто мектебинен 8-классты, Пограничник орто мектебинен 10-классты 1960-жылы жакшы баалар менен аяктаган. Ошол эле жылы ал Кыргыз мамлекеттик университетиндеги физика- математика факультетинин физика бөлүмүнө кирип, аны 1965-жылы физик, физика мугалими адистигин алуу менен бүтүргөн.<br>
Эсенбек 1950-жылы Жаңы-Күч башталгыч мектебинин биринчи классына кирип, аны 1954-жылы бүтүргөн. Андан кийин Калинин атындагы мектептен 7-классты, Кара-Суу орто мектебинен 8-классты, Пограничник орто мектебинен 10-классты 1960-жылы жакшы баалар менен аяктаган. Ошол эле жылы ал Кыргыз мамлекеттик университетиндеги физика- математика факультетинин физика бөлүмүнө кирип, аны 1965-жылы физик, физика мугалими адистигин алуу менен бүтүргөн.<br>
Эмгек жолун 1965-жылы Ат-Башы айылындагы №2-Ленин атындагы окуу орус тилинде жүргүзүлгөн орто мектепте физика мугалими болуу менен баштаган. 5-класста математика, 6-11-класстарда, андан сырткары ошол эле мектептин кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө да физика жана астрономия боюнча орус тилинде сабак берген. Ошол жылдары эле физиканы окутуунун методикасын жакшыртуу маселесине көңүл бөлүп, ал боюнча тажрыйба топтой баштаган. Алсак "Физикалык кээ бир тапшырмалар" деген көлөмдүү макаласы "Мугалимдер газетасынын" 1966- жылдагы эки санына (22.01, 16.08) жарыяланган.<br>
Эмгек жолун 1965-жылы Ат-Башы айылындагы №2-Ленин атындагы окуу орус тилинде жүргүзүлгөн орто мектепте физика мугалими болуу менен баштаган. 5-класста математика, 6-11-класстарда, андан сырткары ошол эле мектептин кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө да физика жана астрономия боюнча орус тилинде сабак берген. Ошол жылдары эле физиканы окутуунун методикасын жакшыртуу маселесине көңүл бөлүп, ал боюнча тажрыйба топтой баштаган. Алсак "Физикалык кээ бир тапшырмалар" деген көлөмдүү макаласы "Мугалимдер газетасынын" 1966- жылдагы эки санына (22.01, 16.08) жарыяланган.<br>

27 сентябрь 2015, саат 11:05 учурдагы нуска

Мамбетакунов, Эсенбек
Файл:Mambetakunov Esenbek.jpg
Туулган жылы:

1945-жыл 15-Февраль

Туулган жери:

Жаңы-Күч айылы, Нарын областы

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Физика, Педагогика, Астрономия, Табият таануу

Иштеген жери:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Илимий даражасы:

педагогика илимдеринин доктору (1992)

Илимий наамы:

профессор (1994)

Альма-матер:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Илимий жетекчиси:

Россия билим берүү академиясынын академиги, Челябинск мамлекеттик педагогикалык университети, академик, профессор, педагогика илимдеринин доктору Усова Антонина Васильевна

Сыйлыктары


Билим берүүнү гумандаштыруу боюнча эл аралык академиянын анык мүчөсү (1995, Бийск), Кыргызстанда педагогикалык адистигине докторлук диссертация коргоо боюнча атайын Кеңештин төрагасы (1993—95). Кыргыз Республикасынын (1984), СССРдин эл агартуу отличниги (1987)

Мамбетакунов Эсенбек

Бала чагы

Мамбетакунов Эсенбек 1944-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. Атасы Шайылда уулу Мамбетакун ушул айылдын уюштуруучусу жана колхоздун башкармасы болуп иштеп жүрүп, 1948-жылы каза болгон.
Эсенбек 1950-жылы Жаңы-Күч башталгыч мектебинин биринчи классына кирип, аны 1954-жылы бүтүргөн. Андан кийин Калинин атындагы мектептен 7-классты, Кара-Суу орто мектебинен 8-классты, Пограничник орто мектебинен 10-классты 1960-жылы жакшы баалар менен аяктаган. Ошол эле жылы ал Кыргыз мамлекеттик университетиндеги физика- математика факультетинин физика бөлүмүнө кирип, аны 1965-жылы физик, физика мугалими адистигин алуу менен бүтүргөн.
Эмгек жолун 1965-жылы Ат-Башы айылындагы №2-Ленин атындагы окуу орус тилинде жүргүзүлгөн орто мектепте физика мугалими болуу менен баштаган. 5-класста математика, 6-11-класстарда, андан сырткары ошол эле мектептин кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө да физика жана астрономия боюнча орус тилинде сабак берген. Ошол жылдары эле физиканы окутуунун методикасын жакшыртуу маселесине көңүл бөлүп, ал боюнча тажрыйба топтой баштаган. Алсак "Физикалык кээ бир тапшырмалар" деген көлөмдүү макаласы "Мугалимдер газетасынын" 1966- жылдагы эки санына (22.01, 16.08) жарыяланган.
1967-жылдын октябрынан мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары деген кызматтын жаңы киргизилгенине байланыштуу Э.Мамбетакунов ошол орунга дайындалган. Бул иште да үзүрлүү эмгектенүү менен бирге райондук жана республикалык газеталарга "Лекторская группа", "Мүнөздү талбай билёли", "Коомчулук колдоого алса", "Личность учителя", "Улуу юбилейдин урматына", "Илимдин негизинде", "Пусть учитель будет другом родителей", "Ата-энелер менен тыкыз байланыштабыз" деген макалаларды жарыялаган.

Мамбетакунов Эсенбек 1971-жылдын август айында Фрунзе политехникалык техникумунда физика мугалими болуп иштеген. Анын ой максаты, биринчиден борбордогу илим-билимге жакындоо, экинчиден физиканы окутуу боюнча тажрыйбасын бекемдөө, үчүнчүдөн келечекте физиканын методикасы боюнча аспирантурага кирүү эле. Чындыгында эле бул техникумда ал физиканы окутуу, анын ичинде демонстрациялык иштерди өткөрүү, окутуу процессии автоматташтыруу, программалап окутуу жана текшерүү боюнча жогорку кесиптик билгичтиктерге ээ болду. Ага тажрыйбалуу педагог Е.А. Евдокимов комок берген. Ушул жылдар аралыгында "Мугалимдер газетасынын" беттеринде физика мугалимдерине жардам катары "Лабораториялык жумуштар", "ФИзика жана физкультура", "Физикалык кубулуштарды демонстрациялоонун өзгөчөлүкторү" деген макалалар жарык көргөн. Окутуучулук ишти аткаруу менен бирге атайын курстарга катышып философия жана чет тили боюнча кандидаттык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган.
1973-жылы 18-декабрда Кыргыз педагогика илим-изилдео институтунун физиканы окутуу методикасы боюнча күндүзгү бөлүмдөгү аспирантурасына конкурстук негизде кабыл алынган. Илимий жетекчи катары педагогика илимдеринин доктору, профессор, Челябинск мамлекеттик педагогикалык институтунун физиканы окутуу методикасы кафедрасынын башчысы, Россия билим берүү академиясынын академиги А.В.Усова дайындалган. Мына ушундан баштап Эсенбек Мамбетакуновичтин максаттуу багытталган илим изилдоо иши башталган десек болот. Ошентип 1976-жылы 10-ноябрда "Окуучулардын физикалык түшүнүктөрдү өздөштүрүүсүнүн сапатын жогорулатуу көнүгүүлөр системасын түзүү жана колдонуу методикасы" деген темадагы кандидаттык диссертациясы мөөнөтүнөн мурда аякталып, талкууга коюлган жана 1978- жылы 28-сентябрда Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык институтунда ийгиликтүү корголгон. 1976-жылдын ноябрынан Э. Мамбетакунов Кыргыз педагогика илим- изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, сектор башчысы болуп иштеп, 1982-жылы 2-февралда СССР дин 50 жылдыгы атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы физика жана физиканы окутуу методикасы кафедрасына ага окутуучу болуп которулган. 1985-жылы 25-сентябрда СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы доценттик наам ыйгарган. 1989-1990-жылдары "Окуучулардын табигый илимий түшүнүктөрүн калыптандырууда предметтерди байланыштырып окутуунун дидактикалык функциялары" деген темадагы докторлук диссертациясын бүтүрүү максатында ага илимий кызматкери болуп которулган. Аталган темадагы докторлук диссертациясын Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык институтунда 1992-жылдын 11-июнунда СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы Э.Мамбетакуновго педагогика илимдеринин доктору деген окумуштуулук даражаны 13.00.01-жалпы педагогика адистиги боюнча ыйгарган. Ал эми 1994-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы физиканы окутуу методикасы кафедрасы боюнча профессор наамын берген.

Кыргыз улуттук илимдер академиясы

2000-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспондента болуп шайланган. Гуманитардык илимдерди өнүктүрүү жаатында сиңирген эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы сыйлык ыйгарылган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгы орто жана жогорку окуу жайларына арналып жазылган физика жана табият таануу боюнча окуу китептери үчүн берилген. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы", андан мурда Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл агартуусунун отличниги теш белгилери менен сыйланган.
Э.Мамбетакунов Билим берүүнү гумандаштыруунун Эл аралык академиясынын (Германия, 1995) жана Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын (Москва, 1998) академиги болуп шайланган. Американын автобиографиялык институту Э.Мамбетакуновду "2002-жылдын Адамы" деп таанып, атайын диплом менен сыйлаган.

Кыргыз билим берүү институту

Э.Мамбетакунов 1992-1997-жылдары Кыргыз билим берүү институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1998-2010- жылдары Улуттук университеттин эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун "Окутуунун жаңы технологияларын изилдөө" илимий борборунун башчысы, 1994-жылдан бери университеттин физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келет.
Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча уюштуруучулук иштерди аткарууда да өзүнүн белгилүү салымын кошуп келет. 1993-1995-жылдары Кыргыз билим берүү институтунда уюштурулган докторлук диссертациялык комиссиясынын педагогика адистиги боюнча эксперттик кеңештин торагасы, 2003, 2011-2013-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде уюштурулган докторлук диссертациялык кеңештин мүчөсү, 1997-2010-жылдары Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетиндеги диссертациялык кеңештин мүчөсү болуп үзүрлүү эмгектенип келет. Республикадагы педагогика адистиги боюнча изилдөөчү-окумуштуулардын калыптанышына үзүрлүү салым кошкондугу баарыга маалым.
Э.Мамбетакуновдун илимий иштери окуучулардын физикалык түшүнүктөрүн калыптандыруунун психолого-дидактикалык проблемаларын изилдөөгө арналган. Бул багытта: • Илимий түшүнүктөрүн адамдын ац-сезиминде пайда болушунун психофизиологиялык маселелерин талдоонун натыйжасында илимий түшүнүктөр бир эле учурда таанып-билүүнүн объектиси, түшүнүктүн мазмунун өздөштүрүүнүн каражаты жана предмет менен кубулуштарды таанып-билүүнүн жыйынтыгы катары караларын илимий жактан тастыктаган: Физикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу процесси окуучулардын диалектикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн каражаты экендигин далилдеген. • Окуучулардын физикалык билимдеринин сапаты жана аны окутуунун методикасынын натыйжалуулугу билимдер системасынын элементтерин логикалык жактан аныктоого көз каран ды. Табигый билимдердин логикалык-генетикалык түзүлүшү төмөнкүлөрдөн турат: илимий фактылар, түшүнүктөр, закондор, теориялар, изилдөө методдору, билимдерди практикада пайдалануу ж.б. Мында негизги орун илимий түшүнүктөрдү өздөштүрүүгө таандык. Дидактикада илимий түшүнүк - кубулуштун же предметтин маңыздуу белгилерин билүү деп аныкталат. Илимий түшүнүктөрдү өздөштүрбөй туруп илимий закондорду же теорияларды оздөштүрүү мүмкүн эмес. Анткени, закондор илимий түнгүнүктөрдүн ортосундагы байланыштарды көрсөтсө, теория түшүнүктүн өнүккөн формасы болуп эсептелет. Ошол эле учурда физикалык түшүнүктөрдүн түрлөрүн аныктоо башкы маселе. Ал ар төмөнкүл орден турат: материя жана анын формасы болгон зат жана талаа; заттын жана талаа; заттын жана талаанын касиеттери; физикалык кубулуштар жана чоңдуктар; физикалык куралдар; чоңдуктун бирдиктери; физикалык турактуулуктар; кубулуштардын моделдери жана идеалдык объектилер жөнүндөгү түшүнүктөр. Мындай бөлүштүрүү ар бир түрдөгү түшүнүктү окутуунун натыйжалуу методикасын иштеп чыгууга шарт түзгөн. • Үчүнчү маселе - түшүнүктөрдү өздөштүрүүдө окуучулардын кетирген типтүү каталыктарын аныктоо жана алардын пайда болушунун себептерин психодидактикалык жактан негиздоо. Алардын катарына: алгачкы туура эмес жалпылоо; түшүнүктүн ичиндеги туура эмес жалпылоо; түшүнүктөр аралык туура эмес жалпылоо; түпгүнүккө аныктама берүүдөгү каталар; түыгүнүктү практикада колдонуу жана системалаштыруудагы каталар. Мындай типтүү каталарды билүү аларды жоюунун жана болтурбоонун жолдорун табууга жардам берген. • Төртүнчүсү, илимий түшүнүктөрдү калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн психодидактикалык этаптарын аныктоо жана аларды окуу процессине киргизүү: илимий фактыларды, байкоолордун жана тажрыйбалардын натыйжаларын талдоо аркылуу түшүнүктүн жалпы жана маңыздуу белгилерин аныктоо; түшүнүктүн маңыздуу белгилерин синтездөө, башкача айтканда түшүнүккө аныктама берүү; түшүнүктүн маңыздуу белгилерин тактоо жана окуучулардын эс тутумунда бекемдөө; жаңы түпгүнүктү мурда өздөштүрүлгөн окшош түшүнүктөрдөн айырмалоо; жаңы түшүнүк менен башка түшүнүктөрдүн өз ара байланышын аныктоо; түшүнүктү ар кандай жагдайда маселе чыгарууга колдонуу; түшүнүктөрдү системалаштыруу. • Бешинчиси, түшүнүктү калыптандыруунун ар бир этабында окуучулардын активдүү таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштуруу. Автор физикалык түшүнүктөрдү калыптандыруунун алгачкы этабында колдонулуучу атайын көнүгүүлөр системасын түзгөн жана аны сабакта пайдалануунун методикасын иштеп чыккан. • Алтынчысы, түшүнүктөрдүн мазмунун өздөштүрүүгө коюлуучу конкреттүү талаптарды, башкача айтканда түшүнүктү өздөштүрүүнүн жалпы планы иштелип чыккан. Аны окуучулардын өз алдынча пайдалана билүүсүнө үйрөтүүчү методика түзүлгөн. • Жетинчиси, окуучулардын аң-сезиминде табигый илимий түшүнүктөрдү калыптандыруу максатында тектеш предметтерди (физика, химия, биология) бири-бири менен байланыштырып окутуунун дидактикалык функциялары аныкталып, илимий жактан негизделген. Алар: табигый түшүнүктөрдү өздөштүрүүнүн илимий деңгээлин жогорулатуу; табигый түшүнүктөрдү калыптандыруунун улануучулугу; табигый түшүнүктөрдү өздөштүрүүнүн бекемдигин камсыз кылуу; табигый түшүнүктөрдү өздөштүрүүдө жалпы окуу ыкмаларын калыптандыруу; табигый түшүнүктөрдү системалаштыруу; табигый түшүнүктөрдү маселе чыгарууда комплексттүү колдоно билүүгө үйрөтүү; окуучулардын дүйнөгө болгон коз карашын калыптандыруу функциялары. Буларды мектеп практикасында колдонуунун методдору, каражаттары жана окуучулардын окуу иштерин уюштуруу формалары иштелип чыккан жана алар педагогикалык экспериментте сыналып, тастыкталган. • Сегизинчиси, орто мектептин "Табият таануу", "Физика" жана "Астрономия" боюнча билим берүү стандарты, программасы, окуу китептери, методикалык адабияттар ушул изилдөонүн жыйынтыктарын эске алуу менен түзүлүп, мектеп практикасында жемиштүү колдонулууда. • Тогузунчусу, студенттер үчүн "Окуучулардын илимий түигүнүктөрүн калыптандыруунун психодидактикалык негиздери" темасындагы 28 саатка эсептелген атайын курстун программасы жана мазмуну иштелип чыккан. Бул курс Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин физика жана электроника факультетинде жана физика мугалимдеринин кесиптик даярдыгын жогорулатуу курстарында 1986- жылдан бери окутулуп келе жатат. • Онунчусу, физика мугалимдерин даярдоонун бирдиктүү системасы, ошондой эле окутууну инсандын жөндомүнө багыттап уюштуруунун гумандаштырылган модели иштелип чыгып, илимий жактан негизделген. Алар оз учурунда ар кандай багыттагы прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүго обөлгө болууда. Жогоруда белгиленген изилдөөнүн теориялык жана практикалык жыйынтыктары академик Антонина Васильевна Усованын түздөн-түз жетекчилиги астында алынгандыгын Э.Мамбетакунов ар дайым баса белгилеп, ал Улуу окумуштууга чексиз ыраазычылыгын билгизип келет.

Окуучулары

Профессор Э.Мамбетакуновдун илимий жетекчилиги менен 5 докторлук (Ким B.JL, Уметов Т.Э., Сияев М., Мааткеримов Н.О., Раимкулова А.С.), 18 кандидаттык (Гудимова А.Н., Фатеева А., Чыныбаев P.P., Андюшечкин А.В., СадыковаЖ., Касенова С., Фаизова Л.Х., КурманЬаев е., Келоаев к., ьаоаев М.Д., Токтогулов А., Алиев Т., Байсеркеев А., Мурзаибраимова Б., Абдывалиева К., Абакирова Г., Исмаилова Г.Д., Бугубаева В.) диссертациялар корголгон. ==Эмгектери== 400гө жакын илимий-методикалык эмгектердин автору. 160 илимий-методикалык эмгектин (анын ичинде 5 монография, 2 окуу китеби, 9 окуу-методикалык колдонмо) автору. ).
Алардын негизгилери төмөнкүлөр: 1. Формирование естественнонаучных понятий у школьников на основе межпредметных связей. - Б.: 1991. - 240 с. 2. Физика: 7-8-9-класстар үчүн окуу китеби. - Бишкек, 2003, 2008, 2009. - 1078 б. 3. Физиканы окутуу теориясы жана практикасы. - Бишкек, 2004. - 490 б. 4 Педагогиканын негиздери. - Б.: 2008. - 304 б. 5. Методология и качество педагогических исследований. - Бишкек, 2010. - 102 с.

Сыйлыктары

Билим берүүнү гумандаштыруу боюнча эл аралык академиянын анык мүчөсү (1995, Бийск), Кыргызстанда педагогикалык адистигине докторлук диссертация коргоо боюнча атайын Кеңештин төрагасы (1993—95). Кыргыз Республикасынын (1984), СССРдин эл агартуу отличниги (1987

Интернеттеги шилтемелер

Профессор Эсенбек Мамбетакунов:

Адабият

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.