Отко киргизүү, төркүлөтүү: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бул бизге көбүнчө «келинди отко киргизүү» деген ат менен белгилүү. Анткени, жаңы келин кайнат..."
 
(Айырма жок)

10 октябрь 2015, саат 04:59 учурдагы соңку нуска

Бул бизге көбүнчө «келинди отко киргизүү» деген ат менен белгилүү. Анткени, жаңы келин кайнатасынын ага- туугандарынын, кошуна-колоӊдорунун, ымалалаштарынын үйүнө өз алдынча кирип бара албайт. Алар келинди отко кригизип чакырышат. Эшик-төрүн көргөзүп, өздөрүн тааныштырышат. Келин кайын энеси же жеңеси, күйөөсү менен келет. Ал үйгө жүгүнүп кирет. Келин төргө өтпөй ошол үйдүн келини катары ийменип чай куят, тамак-ашка жардамдашат. Үй ээси уул-келинге бата берип, идиш-аяк, көйнөк-көнчөк ыроолойт. Ошондой кийин гана келин ал үйгө тартынбай келип-кетип, аш-той сыяктуу учурларда өз үй-бүлөсү катары кызмат кылат. Акылдуу келиндер тез эле аларга алынат.
Келин келгенден кийин белгилүү убакыт өткөндө өзүнүн ата-энесиникине барышы төркүлөө деп аталат. Кыз төркүлөгөндө түз эле өзү кирип барбай, күйөөсү, кайната-кайненелери менен белгилүү ырым-жырымдарды жасап, шаан- шөкөт менен барат. Бул күйөө баланын отко кириши болот.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.