Адамды тергөө: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кыргыз элинде улуусунун атынан айтпоо - тергөө деп ата¬лат. Жаштар улууларын чоң ата, ата, аке, а..."
 
(Айырма жок)

10 октябрь 2015, саат 05:01 учурдагы соңку нуска

Кыргыз элинде улуусунун атынан айтпоо - тергөө деп ата¬лат. Жаштар улууларын чоң ата, ата, аке, аба, байке, жезде, чоң эне, эне, апа, эже, жеңе дешсе, кичүүлөрүн иним, үкөм, балам сиңдим, карындашым дешет. Демек, өзгөчө улууларды атынан айтпоо жөрөлгөсү байыртадан эле улуттук адеп-ахлакка, ыйман-ызаатка айланган. Бул адепти билген кишинин улуу адамды атынан айтканга оозу да барбайт.
Ал эми жаңы келген келиндер күйөөсүнүн жакындарын, ал түгүл ошол барган айылдагы улуу кишилердин бардыгын тергешкен. Ал гана эмес бир топ мезгилге чейин кайната, кайнагаларына көрүнбөй «качкан». Тергөөдө ата, апа, эже, жеңе, уста аке, мергенчи аке, фермер аке, саймачы жеңе, мугалим эже, уйчу уул, кичине бала, уул, агай, студент кыз ж.б. деп тергегени жөндүү. Бирок, эч качан адамдын жеке кемчилигин айтып терuегенге жол берилбеши керек.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.