Баланы «сатып алуу»: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Үй-бүлөдө бала токтобой (наристе кезинде эле чарчап калып) же жубайлар узак мезгил балалуу болб..."
(Айырма жок)

10 октябрь 2015, саат 05:09 учурдагы нуска

Үй-бүлөдө бала токтобой (наристе кезинде эле чарчап калып) же жубайлар узак мезгил балалуу болбой жүрүп бала көргөндө, баланын өмүрүн сактоо үчүн бир катар иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Жаңы төрөлгөн баланы эмчектеги баласы бар башка үй-бүлөгө берип, белгилүү мезгил өткөндөн кийин баланы кайра «сатып алышкан». Анын дагы бир варианты бар. Ал боюнча бала төрөлөр замат киндик энесине беришкен. Кин¬дик энеси эски-жаңы кездеме өөндөрүнөн көйнөк тигип же кичинекей баштыкча жасап ийнине кадап койгон. Он кулагын көзөп, сөйкө таккандар да болгон. Белгилүү убакыттан кийин өз энеси баланы улпакка «сатып алган». Ал үчүн баланы таразанын бир табагына, улпакты экинчи табагына салып тартып, баланын салмагына барабар улпакка аны сатып алган. Киндик энеге белек-бечкек берилген. Мындай балдарга Кебекбай, Сатыбалды, Сурабалды ж.б. аттар коюлган. Кээде баланы тестиер кезинде берген учурлар да болгон. Бул «Манас» эпосунда кеңири сүрөттөлгөн. Манастын токтоно албаган мүнөзүнөн жана жылдап эмес, күн санап өсүп келе жаткан боюнан, кара күчүнөн шектенишкен душмандарынын көзүн жазгыруу үчүн атын Чоң жинди коюп, Жакып аны өзүнүн койчусу Ошпурга тарбиялоого берет. Анын мааниси - Манастын өмүрүн сактоо, душмандардан коргоо. Экинчи жагынан эмгектенгенге үйрөтүү.

Адабият

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.