Томук жашырмай: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Томук жашырмай'''- түрк элдеринин ичинен кыргыз элине гана тийиштүү мелдеш оюндарынын бири. <br>..."
 
(Айырма жок)

19 октябрь 2015, саат 12:18 учурдагы соңку нуска

Томук жашырмай- түрк элдеринин ичинен кыргыз элине гана тийиштүү мелдеш оюндарынын бири.
Койдун же эчкинин кашка жилигинин башындагы кичинекей томпок сөөк томук деп аталат. Томукту таза мулжуп, эки адам (көбүнчө жаштар: кыз менен жигит, кайниси менен жеңеси ж.б.) аны жашыруу шартын сүйлөшуп, мөөнөтун белгилешет.
Мөрөй алдын ала бычылат. Ал күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Бири жашырат, экинчиси доочу болот. Томук көбүнчө каткан адамдын сол колунун баш бармагынын астында болушу керек. Томукту колуна жип менен байлап алууга болбойт. Доочу томукту каткан адамдан өзү каалаган учурда үч жолу «Томук кана?» - деп сурашы керек. Ал доочу сураганда шак алаканын ачып, буйдалбай көрсөтүүгө тийиш. Ал үч жолу тең томукту шартташкан колунан көрсөтсө утат. Бирөөндө эле көрсөтө албай калса утулат. Утканы бычылган мөрөйдү алат. Илгери тогуздап байге сайып томук жашырмай ойногондор да болгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.