Чикит: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Чикит''' - Уул балдардын оюну.
Узундугу 100-120 см, диаметри 3-4 см жумуру таяк жана узундугу 15-30 см..."

No edit summary

3-сап: 3-сап:
Жерге диаметри 3-4 м болгон айлана чийилет. Айлананын ортосуна таяктын учу бата турган, узундугу 20 см чуңкур казылат.

Оюнду эки бала же жаатташып ойносо болот. Оюн башталаар алдында чек сан белгиленет. (Мисалы, 100 таяк.) Оюн таяк кармоо менен башталат. Таяктын учун кармап калганы (жаат) чикит чабат, экинчиси тосот.
Чабуучу бала айланадагы чуңкурдун үстүнө чикитти туурасынан коюп, чикиттин астына таякты киргизип, чикитти өйдө көтөрүп ыргытып жиберет да, чикит ылдый түшүп келатканда таяк ме¬нен чабат. (Чикитти өйдө көтөрүп чапканда таягы чикитке тийбей калса же тийсе да чикит айлананын ичине түшсө, оюн өнөгүнө өтөт.) Чикит канчалык алыс кетсе, чабуучу үчүн ошончолук жакшы. Тосуучулар чикитти жерге түшүрбөй тосуп алса, оюнчулар орун алмашат. Ал эми тосо албаса чикит түшкөн жерден тосуучулардын бири кайра ыргылып, айлананын ичине түшүрүүгө аракеттенет. Чикит айланага келип түшсө, анда жааттын экинчи оюнчусу чабат. Айланага ыргытылган чикитти денеси менен тосууга болбойт, таяк менен гана тосуш керек. Ыргытылган чикит айланага түшпөй калса, чаап жаткан бала чикит түшкөн жерге барып, чикиттин бир учунан чаап, чикит ыргып өйдө көтөрүлгөндө, алыстатып чабат. Үч жолу ушинтип чабат. Чикиттин акыркы түшкөн жеринен айлананын четине чейинки аралыкты таяктын узуну менен ченеп санап келет да, чикит чабууну улантат. Биринчи жааттын оюнчулары бүткөндө кезек экинчи жаатка келет. Ушул тартипте оюн улантылып, кай¬сы жаат белгиленген санга мурда жетсе ошол жаат жеңүүчү болот.

Жеңген жааттын бир оюнчусу таяк менен чикитти жерге түшүрбөй элейт. Элегенде таяк чикитке канча жолу тийсе, анда чикитти ошончо жолу түшкөн жеринен алыстатып чабат. Акыркы түшкөн жерден жеңилген жааттын бир оюнчусу чикитти колуна кармап, айланага чейин ырдаган боюнча чымылдап чуркап келиши керек. Эгер жолдо тынып калса, ошол тынган жеринен чикитти кайра чабышат. (Бир гана жолу чабууга уруксат берилет). Чикиттеги ырдалуучу ыр: Ак бай, Ток бай
Уяттары жок бай
Катуу жорго, кашка тай,
Кадик болгон башка тай.
Катуу чапса чарчаба,
Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетсе аскага,
Чабалекей чам-чум,

Жеңген жааттын бир оюнчусу таяк менен чикитти жерге түшүрбөй элейт. Элегенде таяк чикитке канча жолу тийсе, анда чикитти ошончо жолу түшкөн жеринен алыстатып чабат. Акыркы түшкөн жерден жеңилген жааттын бир оюнчусу чикитти колуна кармап, айланага чейин ырдаган боюнча чымылдап чуркап келиши керек. Эгер жолдо тынып калса, ошол тынган жеринен чикитти кайра чабышат. (Бир гана жолу чабууга уруксат берилет). Чикиттеги ырдалуучу ыр:
Ак бай, Ток бай
Уяттары жок бай
Катуу жорго, кашка тай,
Кадик болгон башка тай.
Катуу чапса чарчаба,
Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетсе аскага,
Чабалекей чам-чум,

Чабалекей чам-чум, - деп акыркы муунду деминин жетишинче созуу керек.

==Адабият==
==Адабият==

19 октябрь 2015, саат 12:26 учурдагы соңку нуска

Чикит - Уул балдардын оюну.
Узундугу 100-120 см, диаметри 3-4 см жумуру таяк жана узундугу 15-30 см, эки башы учталган кесинди (чикит) менен ойнолот.
Жерге диаметри 3-4 м болгон айлана чийилет. Айлананын ортосуна таяктын учу бата турган, узундугу 20 см чуңкур казылат.
Оюнду эки бала же жаатташып ойносо болот. Оюн башталаар алдында чек сан белгиленет. (Мисалы, 100 таяк.) Оюн таяк кармоо менен башталат. Таяктын учун кармап калганы (жаат) чикит чабат, экинчиси тосот.
Чабуучу бала айланадагы чуңкурдун үстүнө чикитти туурасынан коюп, чикиттин астына таякты киргизип, чикитти өйдө көтөрүп ыргытып жиберет да, чикит ылдый түшүп келатканда таяк ме¬нен чабат. (Чикитти өйдө көтөрүп чапканда таягы чикитке тийбей калса же тийсе да чикит айлананын ичине түшсө, оюн өнөгүнө өтөт.) Чикит канчалык алыс кетсе, чабуучу үчүн ошончолук жакшы. Тосуучулар чикитти жерге түшүрбөй тосуп алса, оюнчулар орун алмашат. Ал эми тосо албаса чикит түшкөн жерден тосуучулардын бири кайра ыргылып, айлананын ичине түшүрүүгө аракеттенет. Чикит айланага келип түшсө, анда жааттын экинчи оюнчусу чабат. Айланага ыргытылган чикитти денеси менен тосууга болбойт, таяк менен гана тосуш керек. Ыргытылган чикит айланага түшпөй калса, чаап жаткан бала чикит түшкөн жерге барып, чикиттин бир учунан чаап, чикит ыргып өйдө көтөрүлгөндө, алыстатып чабат. Үч жолу ушинтип чабат. Чикиттин акыркы түшкөн жеринен айлананын четине чейинки аралыкты таяктын узуну менен ченеп санап келет да, чикит чабууну улантат. Биринчи жааттын оюнчулары бүткөндө кезек экинчи жаатка келет. Ушул тартипте оюн улантылып, кай¬сы жаат белгиленген санга мурда жетсе ошол жаат жеңүүчү болот.
Жеңген жааттын бир оюнчусу таяк менен чикитти жерге түшүрбөй элейт. Элегенде таяк чикитке канча жолу тийсе, анда чикитти ошончо жолу түшкөн жеринен алыстатып чабат. Акыркы түшкөн жерден жеңилген жааттын бир оюнчусу чикитти колуна кармап, айланага чейин ырдаган боюнча чымылдап чуркап келиши керек. Эгер жолдо тынып калса, ошол тынган жеринен чикитти кайра чабышат. (Бир гана жолу чабууга уруксат берилет). Чикиттеги ырдалуучу ыр:
Ак бай, Ток бай
Уяттары жок бай
Катуу жорго, кашка тай,
Кадик болгон башка тай.
Катуу чапса чарчаба,
Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетсе аскага,
Чабалекей чам-чум,
Чабалекей чам-чум, - деп акыркы муунду деминин жетишинче созуу керек.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.