Кудус: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
44-сап: 44-сап:
|жыштыгы =
|жыштыгы =
|агломерация =
|агломерация =
|улуттук курамы = арабдар, еврейлер ж. б.
|улуттук курамы = арабдар, жөөттөр ж. б.
|диний курамы =
|диний курамы =
|этнохороним = кудустук, кудустуктар
|этнохороним = кудустук, кудустуктар

30 апрель 2016, саат 15:29 учурдагы нуска

Отурукташкан жай
Кудус
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Израиль
Координаттар 31°47′ с. ш. 35°14′ в. д.HGЯO
Мэр Нир Баркат
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 4-миң жылдык б. з. ч.
Биринчи белгиленген XIX-XX к. б. з. ч.
Мурунку аталышы Шалем, Иевус, Сион (Цион), Ир Давид, Элия Капитолина, Аль-Кудс
Аянты 125,156 км²
Борборунун бийиктиги 754 м
Климатынын түрү жер ортолук деңиздик
Убакыт аралыгы UTC+2, жайында UTC+3
Калкы
Калкы 829 863 адам (2013)
Улуттук курамы арабдар, жөөттөр ж. б.
Этнохороним кудустук, кудустуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +972 2

Кудус, Иерусалим - (евр. ירושלים/Иерушалаим, араб. القدس/Аль Кудс) Израилдеги шаар. Административдик жактан аты окшош аймакты түзөт. Жер Ортолук деңизден 60 чакырым чыгышта, Жансыз деңизден 30 чакырым батышта, бөксө тоолуу чөлдө, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудейлердин, христиандардын, мусулмандардын диний («ыйык») борбору. Калкы 743,5 миң (2007); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Темир жана унаа жолдор тоому. Аба майданы бар. Шаар эки (эски жана жаңы) бөлүктөн турат. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%) түзөт. Кудус заманбап жогорку техника өндүрүшүнүн борборлорунун бири. Эл аралык жана израилдик ири концерндер (анын ичинде «Intel» жана «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)), тиричилик электр-техникалары, дары дармек, кездеме, булгаары бут кийим, жыгаччылык (анын ичинде эмерек), курулуш материалдар, ишканалары жана салттуу полигр., тамак-аш өнөр жай иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн. Алгач б. з. ч. 2-кылымдын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, Александр Македонский державасы, Байыркы Рим, Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер жана мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-кылымдын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-ж. декабрда англиялык аскерлер басып алган. 1920-48-ж. Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын административдик борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдынча административдик бирдик болууга тийиш эле, бирок 194849-ж-дагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-ж. январда Израил өкмөтү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-ж. июлдун башында Израиль Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-ж. Иерусалимди бүт Израилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар азыркы Иерусалимдин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Муң дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687-691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11-12-кылымдын чиркөөлөрү, цитадель (14-16-к.), Ыйык Иаков монастыры (12-к.; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-к.; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан курулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусство жана археологиялык эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Галерея

Колдонулган адабияттар