Социалдык конфликт: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 6 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q2672648 (translate me)
1-сап: 1-сап:
'''Социалдык конфликт''' ([[Латын тили|лат.]] сonflict – кагылышуу, тирешүү)– адамдардын жыргалчылык проблемалары, [[статус|статусу,]] бирдиктүү ишмердүүлүгүнө жана ой-пикири боюнча, кызыкчылыктарынын, көз-караштарынын, салт-санааларынын, артыкчылыктарынын жана жүрүм-турум максаттарынын дал келбөөсүнөн улам пайда болгон социалдык-таптык күчтөрдүн кагылышуусун туюнткан түшүнүк. Социалдык конфликт индивиддердин, топтордун, башка социалдык катмарлардын ортосундагы социалдык биримдик менен жалпы коомдун ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө түрү болуп саналат. Социалдык конфликттин генетикалык булагы – социалдык – таптык, [[Этностор|этностук]] жана [[Инсан|инсандар]] ортосундагы карама-каршылыктар. Алар конфликтке түз алып барбайт, аларды өз убагында таап, чечүүгө мүмкүн. Социалдык процесстердин ушундай өнүгүүсү көбүрөөк колдоого ээ, себеби, ал ачык конфликтке жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
'''конфликт''' ([[Латын тили|лат.]] сonflict – кагылышуу, тирешүү)– адамдардын жыргалчылык проблемалары, [[статус|статусу,]] бирдиктүү ишмердүүлүгүнө жана ой-пикири боюнча, кызыкчылыктарынын, көз-караштарынын, салт-санааларынын, артыкчылыктарынын жана жүрүм-турум максаттарынын дал келбөөсүнөн улам пайда болгон социалдык-таптык күчтөрдүн кагылышуусун туюнткан түшүнүк. Социалдык конфликт индивиддердин, топтордун, башка социалдык катмарлардын ортосундагы социалдык биримдик менен жалпы коомдун ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө түрү болуп саналат. Конфликттин генетикалык булагы – социалдык – таптык, [[Этностор|этностук]] жана [[Инсан|инсандар]] ортосундагы карама-каршылыктар. Алар конфликтке түз алып барбайт, аларды өз убагында таап, чечүүгө мүмкүн. Социалдык процесстердин ушундай өнүгүүсү көбүрөөк колдоого ээ, себеби, ал ачык конфликтке жол бербөөгө мүмкүндүк берет.


'''Социалдык конфликт коомдун өнүгүү''' тарыхынын бардык мезгилдерине объективдүү түрдө таандык. Бул азыркы учурдун социалдык бытиесинин да реалдуулугу. Социалдык конфликттер жараткан карама-каршылыктар сыяктуу эле ар түрдүү, алар субъекттери, чыгуу масштабы жана формалары, курчуу даражасы жана чечүү ыкмалары боюнча айырмаланышат. Эреже катары, Социалдык конфликт көп деңгээлдеги мүнөздө болушат да, бул же тигил жол менен коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө өзүлөрү жөнүндө билдирет. Алардын мазмуну, тескөө жана чечүү ыкмалары коомдун жана мамлекеттин тиби, [[экономика]], социалдык чөйрө, [[демократия]], руханий маданияттын өнүгүү деңгээли, ошондой эле конфликттер жана аларды жеңүүнүн ыкмалары жөнүндөгү илим – '''конфликтологиянын''' абалы менен шартталат.
'''Конфликт коомдун өнүгүү''' тарыхынын бардык мезгилдерине объективдүү түрдө таандык. Бул азыркы учурдун социалдык бытиесинин да реалдуулугу. Конфликттер жараткан карама-каршылыктар сыяктуу эле ар түрдүү, алар субъекттери, чыгуу масштабы жана формалары, курчуу даражасы жана чечүү ыкмалары боюнча айырмаланышат. Эреже катары, Конфликт көп деңгээлдеги мүнөздө болушат да, бул же тигил жол менен коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө өзүлөрү жөнүндө билдирет. Алардын мазмуну, тескөө жана чечүү ыкмалары коомдун жана мамлекеттин тиби, [[экономика]], социалдык чөйрө, [[демократия]], руханий маданияттын өнүгүү деңгээли, ошондой эле конфликттер жана аларды жеңүүнүн ыкмалары жөнүндөгү илим – '''конфликтологиянын''' абалы менен шартталат.


Социалдык конфликттин коомдук ролу алардын функцияларында билинет. Социалдык көзөмөлдөнүүчү конфликттер алардын өздөрүнүн субъекттеринин ортосундагы мамилелердин жакшырышына, кадыресе өз ара мамилелердин жаңырышына, коомдук-системадагы социалдык-саясий тең салмактуулуктун калыптанышына жардам берет. Социалдык конфликт социалдык субъекттердин мамилелериндеги карама-каршылыктарды ачуу менен бирге, конфликтешкен тараптардын позициясын, кызыкчылыктарын, максаттарын тереңирээк билүүгө мүмкүндүк берет. Бул болсо алардын позицияларынын жакындоосунун жолун жана ыкмаларын оптимизациялап, мурдагы социалдык багыттарын тактоо, өзгөртүү, оңдоо зарылчылыгын көрсөтөт. Жалданма эмгектин жумушчулары толук же кайсы бир деңгээлде жеңишке жеткен учурда, конфликт алардын материалдык, содциалдык, укуктук абалынын жакшырылышына алып келет. Бул болсо Социалдык конфликт объективдүү түрдө коомдун прогрессивдүү өнүгүүсүн тездетүүгө жөндөмдүү экендигин билдирет.
Конфликттин коомдук ролу алардын функцияларында билинет. Социалдык көзөмөлдөнүүчү конфликттер алардын өздөрүнүн субъекттеринин ортосундагы мамилелердин жакшырышына, кадыресе өз ара мамилелердин жаңырышына, коомдук-системадагы социалдык-саясий тең салмактуулуктун калыптанышына жардам берет. Социалдык конфликт социалдык субъекттердин мамилелериндеги карама-каршылыктарды ачуу менен бирге, конфликтешкен тараптардын позициясын, кызыкчылыктарын, максаттарын тереңирээк билүүгө мүмкүндүк берет. Бул болсо алардын позицияларынын жакындоосунун жолун жана ыкмаларын оптимизациялап, мурдагы социалдык багыттарын тактоо, өзгөртүү, оңдоо зарылчылыгын көрсөтөт. Жалданма эмгектин жумушчулары толук же кайсы бир деңгээлде жеңишке жеткен учурда, конфликт алардын материалдык, содциалдык, укуктук абалынын жакшырылышына алып келет. Бул болсо конфликт объективдүү түрдө коомдун прогрессивдүү өнүгүүсүн тездетүүгө жөндөмдүү экендигин билдирет.Конфликтти чечүү боюнча өз убагында тийиштүү чараларды кабыл албоо анын курчушун тереңдетет. Бул процесс көзөмөлдөн бошонуп, тараптардын өз ара мамилелеринин кризисине алып келүүсү мүмкүн. Кризис стадиясында ал саясий '''кризиске''' өсүп жетилет.Коомдун өнүгүүсү менен социалдык мамилелердин татаалданышы күчөйт.Конфликттин экономикалык жана саясий кризсттер менен өз ара байланыштары көп түрдүү, динамикалык боло баштайт. Калктын бардык катмарынын негизги кызыкчылыктары козголгон коомдук системанын түп-тамырынан бери кайра курулуу мезгилинде, конфликттин масштабы жана курчтугу кескин жогорулайт. Социалдык-экономикалык жана саясий модернизациялоонун татаал этабын башынан өткөрүп жаткан өлкөдөгү бүгүнкү күндөгү кризистик абал социалдык конфронтациянын таркалуу чегин кеңейтип, мүнөзүн өзгөрткөн. Конфликтти коомдук прогресстин кызыкчылыгы үчүн алдын алуу, жеңилдетүү жана аны чечүү актуалдуу маселелерден. Практикада бул проблемаларды чечүүдө мүмкүн болгон саясаттын моделин айтып берүүдө.

Социалдык конфликтти чечүү боюнча өз убагында тийиштүү чараларды кабыл албоо анын курчушун тереңдетет. Бул процесс көзөмөлдөн бошонуп, тараптардын өз ара мамилелеринин кризисине алып келүүсү мүмкүн. Кризис стадиясында ал саясий '''кризиске''' өсүп жетилет.

Коомдун өнүгүүсү менен социалдык мамилелердин татаалданышы күчөйт. Социалдык конфликттин экономикалык жана саясий кризсттер менен өз ара байланыштары көп түрдүү, динамикалык боло баштайт. Калктын бардык катмарынын негизги кызыкчылыктары козголгон коомдук системанын түп-тамырынан бери кайра курулуу мезгилинде Социалдык конфликттин масштабы жана курчтугу кескин жогорулайт. Социалдык-экономикалык жана саясий модернизациялоонун татаал этабын башынан өткөрүп жаткан өлкөдөгү бүгүнкү күндөгү кризистик абал социалдык конфронтациянын таркалуу чегин кеңейтип, мүнөзүн өзгөрткөн. Социалдык конфликтти коомдук прогресстин кызыкчылыгы үчүн алдын алуу, жеңилдетүү жана аны чечүү актуалдуу маселелерден. Практикада бул проблемаларды чечүүдө мүмкүн болгон саясаттын моделин айтып берүүдө.


'''Ага ылайык төмөнкүлөр сунуш кылынат:'''<br />
'''Ага ылайык төмөнкүлөр сунуш кылынат:'''<br />

17 май 2016, саат 06:47 учурдагы нуска

конфликт (лат. сonflict – кагылышуу, тирешүү)– адамдардын жыргалчылык проблемалары, статусу, бирдиктүү ишмердүүлүгүнө жана ой-пикири боюнча, кызыкчылыктарынын, көз-караштарынын, салт-санааларынын, артыкчылыктарынын жана жүрүм-турум максаттарынын дал келбөөсүнөн улам пайда болгон социалдык-таптык күчтөрдүн кагылышуусун туюнткан түшүнүк. Социалдык конфликт индивиддердин, топтордун, башка социалдык катмарлардын ортосундагы социалдык биримдик менен жалпы коомдун ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө түрү болуп саналат. Конфликттин генетикалык булагы – социалдык – таптык, этностук жана инсандар ортосундагы карама-каршылыктар. Алар конфликтке түз алып барбайт, аларды өз убагында таап, чечүүгө мүмкүн. Социалдык процесстердин ушундай өнүгүүсү көбүрөөк колдоого ээ, себеби, ал ачык конфликтке жол бербөөгө мүмкүндүк берет.

Конфликт коомдун өнүгүү тарыхынын бардык мезгилдерине объективдүү түрдө таандык. Бул азыркы учурдун социалдык бытиесинин да реалдуулугу. Конфликттер жараткан карама-каршылыктар сыяктуу эле ар түрдүү, алар субъекттери, чыгуу масштабы жана формалары, курчуу даражасы жана чечүү ыкмалары боюнча айырмаланышат. Эреже катары, Конфликт көп деңгээлдеги мүнөздө болушат да, бул же тигил жол менен коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө өзүлөрү жөнүндө билдирет. Алардын мазмуну, тескөө жана чечүү ыкмалары коомдун жана мамлекеттин тиби, экономика, социалдык чөйрө, демократия, руханий маданияттын өнүгүү деңгээли, ошондой эле конфликттер жана аларды жеңүүнүн ыкмалары жөнүндөгү илим – конфликтологиянын абалы менен шартталат.

Конфликттин коомдук ролу алардын функцияларында билинет. Социалдык көзөмөлдөнүүчү конфликттер алардын өздөрүнүн субъекттеринин ортосундагы мамилелердин жакшырышына, кадыресе өз ара мамилелердин жаңырышына, коомдук-системадагы социалдык-саясий тең салмактуулуктун калыптанышына жардам берет. Социалдык конфликт социалдык субъекттердин мамилелериндеги карама-каршылыктарды ачуу менен бирге, конфликтешкен тараптардын позициясын, кызыкчылыктарын, максаттарын тереңирээк билүүгө мүмкүндүк берет. Бул болсо алардын позицияларынын жакындоосунун жолун жана ыкмаларын оптимизациялап, мурдагы социалдык багыттарын тактоо, өзгөртүү, оңдоо зарылчылыгын көрсөтөт. Жалданма эмгектин жумушчулары толук же кайсы бир деңгээлде жеңишке жеткен учурда, конфликт алардын материалдык, содциалдык, укуктук абалынын жакшырылышына алып келет. Бул болсо конфликт объективдүү түрдө коомдун прогрессивдүү өнүгүүсүн тездетүүгө жөндөмдүү экендигин билдирет.Конфликтти чечүү боюнча өз убагында тийиштүү чараларды кабыл албоо анын курчушун тереңдетет. Бул процесс көзөмөлдөн бошонуп, тараптардын өз ара мамилелеринин кризисине алып келүүсү мүмкүн. Кризис стадиясында ал саясий кризиске өсүп жетилет.Коомдун өнүгүүсү менен социалдык мамилелердин татаалданышы күчөйт.Конфликттин экономикалык жана саясий кризсттер менен өз ара байланыштары көп түрдүү, динамикалык боло баштайт. Калктын бардык катмарынын негизги кызыкчылыктары козголгон коомдук системанын түп-тамырынан бери кайра курулуу мезгилинде, конфликттин масштабы жана курчтугу кескин жогорулайт. Социалдык-экономикалык жана саясий модернизациялоонун татаал этабын башынан өткөрүп жаткан өлкөдөгү бүгүнкү күндөгү кризистик абал социалдык конфронтациянын таркалуу чегин кеңейтип, мүнөзүн өзгөрткөн. Конфликтти коомдук прогресстин кызыкчылыгы үчүн алдын алуу, жеңилдетүү жана аны чечүү актуалдуу маселелерден. Практикада бул проблемаларды чечүүдө мүмкүн болгон саясаттын моделин айтып берүүдө.

Ага ылайык төмөнкүлөр сунуш кылынат:

1) кризис алдындагы кырдаалды, конфликттин себептерин системалуу анализдөө, анын мүнөзүн, конфликтеги тараптардын жана алардын социалдык потенциалын табуу, аныктоо; кризистин жайылуусуна таасирин тийгизген башка факторлорго баа берүү (салт, дин, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын позициялары).

2) конфликттин өсүшүнүн жана кесепеттеринин, кризистен кийинки анын катышуучуларынын жүрүм-турумунун мүмкүн болгон варианттарын жана аны тескөө боюнча болжолдуу аракеттерди алдын-ала аныктоо.

3) Анын өзгөчөлүктөрү, мүмкүндүктөрү жана каршылаш тараптардын ресурстарын эске алуу менен Социалдык конфликттин максатын жана чечүү жолдорун негиздөө.

4) Конфликтти чечүү боюнча ишмердүүлүктүн түрдүү варианттарын колдонуу: коргонуучу (конфронтациядан кетүү, баш тартуу); басып алуучулук (артыкчылыгын пайдаланып, эркин таңуулоо, алдын-ала аракеттерди жасоо); кызматташтык (келишимдерди, компромисстерди, өз ара макулдашуунун негизинде колдонуу); үчүнчү тарап, ортомчуну колдонуу (көз карандысыз комиссия, аткаруучу, мыйзам чыгаруучу бийликтердин, соттун, арбитраждын өкүлдөрүн).

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8