Мадхья-Прадеш: нускалардын айырмасы
Created page with "'''Мадхья-Прадеш''' - Индиянын борб. бөлүгүндөгү штат. Аянты 444 миң км, калкы 41,6 млн (1971). Админ, бор..." |
(Айырма жок)
|
16 июль 2016, саат 20:04 учурдагы нуска
Мадхья-Прадеш - Индиянын борб. бөлүгүндөгү штат. Аянты 444 миң км, калкы 41,6 млн (1971). Админ, борбору — Бхопал ш. Декан бөксө тоосунун түн. бөлүгүн ээлейт. Климаты тропиктик, муссондук. Жылдык жаан-чачын 700—1000 мм. Жеринин 1/3 бөлүгүн жалбырагын күбүүчү токой каптап жатат, баалуу тик, сал ж. б. жыгачтар кездешет. М.-П.— өнөр жайы тез өнүгүп барат- кан агрардык штат. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү — шалы, жовар (таруу), буудай, тех. өсүмдүктөрдөн — пахта ж-a май алынуучу өсүмдүктөр. Жибекчилпк өнүккоп. Марганец ж-a темир рудаларын, боксит, көмүр, отко чыдамдуу чопо казып алуу б-ча Индияда алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө жалгыз ушул штатта алмаз казып алынат. Кебезден кездеме токуу е. ж. өнүккөн. СССРдин жардамы м-н Бхилаи шаарында ири металлургиялык комбинат курулган.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979