Мазмунга өтүү

Мерв: нускалардын айырмасы

+img
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+img
1-сап:
[[File:17 Старый Мерв (конец XIX в.).jpg|right|450 px]]
'''Мерв''' (фарсыча ﻣﺮو, Марв, кытайча 木鹿 , Mulu) – Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Мургаб дарыясынын жээгинде (Түркмөнстандагы азыркы Байрам-Али шаарына жакын) жайгашкан. Мургаб (байыркы фарсча – Мургаш, Грецримче – Маргиана) дарыясынын боюндагы тарыхый аймак да «Мерв» аталган. 12-кылымда дүйнөдөгү алгачкы чоң шаар болгон деген пикир бар (1145– 53-жылы шаарда 200 миңден ашык адам жашаганы аныкталган). Мервдин урандылары 19-кылымдын 80-жылдарынан изилдене баштаган. Археологиялык казуу убагында ар кайсы доордо курулган бир нече шаарча табылган. Анын эң байыркы бөлүгү – Эрк-Кала шаарчасы Ахемениддердин дооруна (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын орто чени) таандык, аны курчап турган Гяур-Кала эллиндердин тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягы) курула баштап, Сасаниддерге (биздин замандын 3– 7-кылымы) чейин салынган. Эң чоңу Султан-Кала (Soltangala) негизинен арабдардын (8–10-кылым) жана селжуктардын тушунда (11-кылым) курулган. Ал эми Тимуриддердин тушунда курулган шаарча Абдуллахан-Кала (Abdyllahangala) деп аталган. Эрк-Кала (Erkgala) жазма маалыматтарда алгач «Авестанын» түшүндүрмөсүндө жана Бехистун жазмасында эскерилет. Александр Македонский караткандан кийин бир аз убакыт «Александрия» деп аталып, Селевкиддердин тушунда Маргиана аймагы, кийин Парфия, анан Сасаниддердин мамлекеттеринин башкы шаары, Омейяддар жана Аббасиддер династияларынын учурунда Хорасан провинциясынын борбору, халиф ал-Момун убактылуу жашап турганда 813– 818-жылдары мусулмандардын дүйнөлүк борбору болуп калган. 1037-жылы селжуктардын колуна өтүп, Алп Арслан жана анын тукуму Санжар султандын сөөгү Мервге коюлган. 13-кылымда Хорезм шахына баш ийген, андан кийин моңголдор басып алган (1221). 1510–24 жана 1601–1747-жылдары Персиянын карамагында, 19-кылымда урандыга айланган. Мервде Санжар султанга жана Мухаммед ибн Зейдге мавзолей (экөө тең 12-кылым) салынган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
[[Категория:Шаарлар]]
4

түзөтүү