Кидик кaрa кaз: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Phalacrocorax pygmeus 1 (Martin Mecnarowski).jpg
1-сап: 1-сап:
[[Файл:Phalacrocorax pygmeus 1 (Martin Mecnarowski).jpg|thumb]]

'''Kидик кaрa кaз''' (Phalacrocorax pygmaeus), (Pallas, 1773):
'''Kидик кaрa кaз''' (''Phalacrocorax pygmaeus''), (Pallas, 1773):
==Жалпы жана өлкөдө таралышы==
==Жалпы жана өлкөдө таралышы==
Алжирдин түндүк-чыгыш жээги, Грециянын, Болгариянын, Румыниянын, мурунку Югославиянын, Албаниянын жээктери жана дарыя бассейндери, Крымдын, Азов деңизинин жээги, Каспий деңизи жана ага куйган дарыялардын ылдый бөлүгү, Арал деңизи, Сырдарыянын өрөөнүнөн жогору карай Чилиге чейин жана ага байланыштуу көл системалары, божомол боюнча Теджен жана Түркмөн, Мургаб өрөөндөрү, Кичи Азия, Кавказ тышынын көл жана дарыя системалары, түштүккө карай Иракка, Түндүк-Батыш Иранга, Индия, Бангладеш, Пакистан, Шри Ланка, Мңянмага чейин . Кыргыз Республикасында көпчүлүк учурда Чүй өрөөнүндө учуп өтүү учурунда кездешет .

18-сап: 18-сап:
==Статусу==
==Статусу==
VI категория, Near Threatened. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун 2 өкүлүнүн бири. Монотиптүү түр.

[[Категория:Зоология]]
[[Категория:Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]]

==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
* [[Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби]] 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2

[[Категория:Канаттуулар‎]]

6 январь 2017, саат 20:44 учурдагы нуска

Kидик кaрa кaз (Phalacrocorax pygmaeus), (Pallas, 1773):

Жалпы жана өлкөдө таралышы

Алжирдин түндүк-чыгыш жээги, Грециянын, Болгариянын, Румыниянын, мурунку Югославиянын, Албаниянын жээктери жана дарыя бассейндери, Крымдын, Азов деңизинин жээги, Каспий деңизи жана ага куйган дарыялардын ылдый бөлүгү, Арал деңизи, Сырдарыянын өрөөнүнөн жогору карай Чилиге чейин жана ага байланыштуу көл системалары, божомол боюнча Теджен жана Түркмөн, Мургаб өрөөндөрү, Кичи Азия, Кавказ тышынын көл жана дарыя системалары, түштүккө карай Иракка, Түндүк-Батыш Иранга, Индия, Бангладеш, Пакистан, Шри Ланка, Мңянмага чейин . Кыргыз Республикасында көпчүлүк учурда Чүй өрөөнүндө учуп өтүү учурунда кездешет .

Жашаган аймактары

Балыкка бай суулуу, саздак жерлер.

Саны

Акыркы учурга чейин түр кокусунан учуп кирүүчү катары эсептелип келген, бир гана экземпляр Милянфан айылынын жанында Чүй дарыясынын боюнда табылган . Беш канаттуудан турган кидик караказдардын топчосу 2005-жылдын жазында белгиленген. Караказдар Бишкектен алыс эмес жайгашкан көлмөнүн кумдуу жээгинде каткырык акчардактардын арасында отурушкан . Касыбеков Э.Ш. жана Остащенко А.Н. 2005-жылдын 22-октябрында Чүй дарыясынын жайылмасы боюнча Жаңыжер айылынын тегерегинде байкоо жүргүзүшкөн. Кечке маал дарыянын агымы боюнча ылдый карай 5-40 канаттуудан турган топчолор менен 200дөй кидик караказдар учуп өтүшкөн. А.Н. Остащенконун маалыматына караганда ушул жерден мындан эки жума мурун 300гө жакын караказдардын учуп өткөнүн байкаган. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Миграциялоочу түр. Сууга чумкуп, өзү кармаган балык менен азыктанат. Кээде кидик караказдардын топтору бирказандар сымал коллективдүү аң уулоону уюштурушат. Жайылган канаттарын кургатып, жээкте көп отурат. Уясын чырпыктардан чоң эмес платформа түрүндө дарактарда салат да, кунастардан жана кытандардан алыс эмес жайгашат. 4-5 көгүлтүр-жашыл түстөгү жумурткаларды басат .

Чектөөчү факторлор

Дарыяларда жана көлмөлөрдө балыктын азайышы. Кээде киши тарабынан кырылуусу.

Көбөйтүү (колдо багуу)

Кыргыз Республикасында колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери

Республикада атайын коргоо чаралары жок. Түр I UCNдин Кызыл Китебине 6-категориясына Near Threatened киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

Бул түрдүн азыктануусуна жана эс алуусуна ылайыктуу жерлерди коргоо зарыл.

Статусу

VI категория, Near Threatened. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун 2 өкүлүнүн бири. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар