Адаптация (биология): нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
→‎Колдонулган адабияттар: + Категория:Биология
27-сап: 27-сап:
== Колдонулган адабияттар ==
== Колдонулган адабияттар ==
* EKOLOJİ ÇEV-150. 2. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva
* EKOLOJİ ÇEV-150. 2. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva

[[Категория:Биология]]

7 февраль 2017, саат 19:20 учурдагы нуска

Ар түрдүү чөйрө факторлордун жандуу организмдерге таасири жаратылышы (атмосфердик, суу, физиологиялык), таасир этүү күчү (четтөөчү, экстремалдык, леталдык ж.б.), убакыт боюнча айырмаланат. Организмдердин мындай ар кыл таасир эткен факторлордун таасирине жооп берүү реакциясы да ар түркүн. Бирок баардык учурда организмдин жооп берүү реакциясы ыңгайланышуу мүнөзгө ээ. Мындай организмдин ыңгайланышуу реакциялары адаптация деп аталат.

Адаптация (лат – ыңгайланышуу) – организмдердин чөйрөгө ыңгайланышуусу. Алар ар дайым 3 негизги факторлордун таасири астында өөрчүшөт - өзгөргүчтүүлүк, тукум куучулук, жана табигый тандалуу.

Адаптациялар деп эволюциялык түрдө калыптанган жана тукум куучулук аркылуу бекитилген, динамикалык экологиялык факторлордун шартында нормалдуу жашоо тиричилигин камсыз кылган, тирүү организмдердин өзгөчөлүктөрү аталат.

Адаптациялардын типтери

Физиологиялык адаптациялар

Ички чөйрөнүн туруктуулугун сактоого багытталган организмдин чөйрөнүн өзгөрүүсүнө ыңгайланышуусунун негизги физиологиялык реакциялардын жыйындысы.

Бул адаптациянын негизинде организм суукка, жылуулукка, басымдын, кычкылтектин жетишсиздигине ж.б. факторлордун өзгөрүүсүнө туруктуулугу жогорулайт.

Морфологиялык адаптациялар

Бул адаптациялар организмдин түзүлүшүнүн өзгөрүүсү менен коштолот (мисалы, чөл өсүмдүктөрүнүн жалбырагынын өзгөрүүсү).

Морфологиялык адаптациялар өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаны жашоо формаларын түзүлүшүнө алып келет.

Кылык-жорук (этологиялык) адаптациялар

Этологиялык адаптациялар особдордун ошону менен бирге эле түрдүн сакталып калышына багытталган кылык жорук реакциялар.

Мындай реакцияларга:

  • коркунучтан качуу, өзүн өзү коргоо,
  • тукумун багуу,
  • агрессия жана коркутуучу позалар, ж.б.

Колдонулган адабияттар

  • EKOLOJİ ÇEV-150. 2. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva