Жорж Вашингтон: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Бот: автоматизированный импорт статей
 
м Абдырашит Сатылганов moved page Вашингтон Жорж to Жорж Вашингтон
(Айырма жок)

22 февраль 2017, саат 06:50 учурдагы нуска

Вашингтон Жорж

Жорж Вашингтон

(22.2.1732, Виргиния штаты, Уэстморленд 14.12.1799, Виргиния штаты, Маунт-Вернон) - АКШнын мамлекеттик ишмери, Түндүк Америкада көз каранды эместик үчүн болгон согушта (1775-83) америкалык армиянын башкы командачысы, АКШнын туңгуч президенти (1789-97). Ири плантатордун үй-бүлөсүндө туулган. 1751-жылы майор, 1756-63-жылы Жети жылдык согуш учурунда полковник наамын алып, Виргиния штатынын милициясынын (ыктыярдуу бөлүк) командачысы болгон. 1759-жылы отставкага чыгып, Виргиниянын гражд. палатасынын мүчөсү жана Фэрфакс графтыгынын судьясы кызматын аткарган. 1774-75-жылдарда Континенттик конгресске Виргиниянын атынан шайланган. 1775-жылы Континенттик армиянын башкы командачысы болуп дайындалган, жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун көрсөтүп, эл арасында бедели көтөрүлгөн. 1776-жылы Бостонду курчоодо, Нью-Йоркту коргоодо, Йорктаунду алууда таланттуу аскербашчы катары таанылган. 1783-жылы ага таажы кийүү сунуштаган, монархиялык түзүлүштү жактаган офицерлердин чыгуусун колдоодон баш тарткан. 1787-жылы Вашингтондун жетекчилиги менен АКШнын Конституциясы иштелип чыккан, кийин киргизилген бир кыйла өзгөрүүлөрү менен ал бүгүн да күчүндө. Конституция штаттар тарабынан ратификациялангандан кийин, 1789-жылы шайлоочулар аны бир добуштан АКШнын президенттигине шайлашкан (1792-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланган). Үчүнчү жолу шайлоого баруудан баш тартуу менен, Вашингтон конституциялык прецедент түзгөн. Вашингтон күчтүү федералдык бийлик органдарын түзүүнү ишке ашырган, өлкөнү башкарууда президенттин ролун жогорулаткан. Эл аралык аренада Вашингтон бейтарап саясатты жактаган. 18-кылымдагы Франциядагы ревяны колдогон, бирок Людовик XVI өлтүрүлгөндөн кийин, ага карата мамилесин өзгөрткөн. 1793-жылы Америка-Франция келишиминдеги (1778) союздаштык милдетти аткаруудан баш тарткан. 1793-жылы президенттиктен кетип жаткандагы кайрылуусунда президент амер. жарандарды кимдир бирөөнү колдоп, эл аралык чатактарга катышпоого чакырган. Вашингтон кулчулукту барабара жоюуга тарапкер болгон, керээзи менен өз менчигиндеги кулдарга азаттык берген. Вашингтондун урматына АКШнын борбору жана бир штат аталган.

Колдонулган адабияттар