Фракия: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

28 февраль 2017, саат 09:39 учурдагы нуска

Фракия - Балкан ж. а-нын чыгыш бөлүгүндөгү - эгей, кара, мрамор деңиздеринин аралыгындагы тарыхый аймак.

Байыркы Фракияны алгач пеласгилер, кийин фракийлер мекендеген. Демокриттин мекени - Авдера белгилүү шаарлардын бири катары эсептелген. Антикалык доордо деңиз жээктеринде грек кыштактары (Византия деп аталган) негизделип, Kapa деңизден Жер ортолук деңизге жана Европадан Азияга өтүү жолундагы маанилүү соода түйүнү болгон. Византия байлыктары римдиктерди кызыктырган. Б. з. ч. 1-кылымда Фракия аймактары Байыркы Римдин контролдугуна өтүп, б. з. 330-ж. Византия ш. Константинополь (император Константиндин урматына) деп өзгөрүп, Рим империясынын борбору болуп калган. 6-кылымда Ф-га славяндар отурукташкан. Фракиянын айрым бөлүгү Биринчи Болгар падышалыгынын (6801018) курамына кирген. 1204-ж. Фракия Латын империясына караган. 15-кылымда Фракияны Осмон империясы басып алган.

Берлин конгресси (1878) боюнча бир бөлүгү Чыгыш Румелияга (1855-ж. Болгар княздыгы менен бириккен) кошулган. Биринчи Балкан согушунан (1912) кийин Лондон тынчтык келишими (1913) боюнча Фракия дээрлик бүт бойдон Болгариянын карамагына өткөн. Экинчи Балкан согушунан (1913 ) кийин Бухарест тынчтык келишими (1913) боюнча Болгария Батыш Ф-нын бир бөлүгүн Грекияга берген. Константинополь тынчтык келишими боюнча Чыгыш Фракия Лозенград (Кирк-Килисе), Люле Бургаз, Адрианополь (Эдирне) менен кошо Түркияга өтүп, Болгарияда Батыш Ф-нын бир бөлүгү гана калган. Биринчи дүйнөлүк согуштан (1914-18) кийин Севр тынчтык келишимине (1920) ылайык Чыгыш Фракия Грекияга өткөн. Лозанна тынчтык келишими боюнча (1923) Чыгыш Фракия (Адрианополь менен кошо) кайра Түркияга өтүп, Батыш Фракия (Ксанти, Комотини жана Эврос) Грекияга, Түндүк Фракия Болгарияга калтырылган.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4