Күкүрт: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ link
→‎Колдонулган адабияттар: + Элементтердин мезгилдик системасы
14-сап: 14-сап:
==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

{{Элементтердин мезгилдик системасы}}


[[Категория:Химия]]
[[Категория:Химия]]

1 июль 2017, саат 21:32 учурдагы нуска

Күкүрт.

Күкүрт (лат. Sulfur) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа элементи, к.н. 16, ат. м. 32,06. Табигый 4 туруктуу изотобу бар 32S, 33S, 34S, 36S. Жаратылышта эркин жана бирикмелер түрүндө кездешет. Эркин түрүндө Туркмөнстандагы Каракум чөлүндө, Өзбекстанда, Россияда Волга дарыясынын жээгинде кездешет, эң ири кендери АКШ, Япония, Италияда табылган. К. ар түрдүү металлдар менен болгон бирикмелери өтө кеңири таралган. Мис., коргошун жалтырагы PbS, цинк обманкасы, жез жалтырагы ж.б. – булар түстүү металл алуунун булагы катары эң баалуу кендер болуп саналат. Табиятта күкүрт кальций жана магний сульфаттары катары да кеңири таралган. К. бирикмелери өсүмдүк жана жаныбар организминде кездешет. Жер кыртышында күкүрт жалпы саны 5×10-2 % түзөт. К. негизинен пирит - темир колчеданынан – FeS2 жана түстүү металлдар күкүрттүү бирикмелери бар полиметаллдык кенден да алууга болот: t

FeS2 ® FeS + S;

2H2S + O2 = 2S + 2H2O;

2H2S + SO2 катализатор 3S + 2H2O.

К. – кадимки шартта 118,9оС балкып эрүүчү, сары, морт кристалл. Ал сууда эрибейт, бирок бензолдо ж.б. орг. суюктуктарда жакшы эрийт. К. мол-сы 8 атомдон (S8) турат. 444,6оС кызыл-саргыч бууну пайда кылуу менен кайнайт. К. буусунда темп-ра жогорулаган сайын молекуладагы атомдор саны улам азаят: S8 ® S6 ® S4 ® S2 ® S,

800о – 1400оС молекула бир гана атомдон турат. К. Cu, Fe, Zn менен түздөн-түз аракеттенип көп сандагы жылуулукту бөлүп чыгарат. Металл эместер менен аракеттенет, металлдар менен болгон реакциясы жеңил жана активдүү жүрөт. Күкүрт эл чарбасында кеңири колдонулат. Резина ө.жа-да каучукту резинага айландыруу үчүн колдонулат. Каучук өзүнүн баалуу касиетине К. менен аралаштырып ысытканда гана ээ болот. Мындай процесс вулканизация деп аталат. К. өсүмдүктүн кээ бир зыянкечтерин жоготууда, ширенкени, ультрамарин боёкторун, көмүртек сульфиди ж.б. бир катар заттар даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар