Ксенон: нускалардын айырмасы
Automated import of articles |
+ {{Элементтердин мезгилдик системасы}} |
||
3-сап: | 3-сап: | ||
==Колдонулган адабияттар== |
==Колдонулган адабияттар== |
||
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6 |
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6 |
||
{{Элементтердин мезгилдик системасы}} |
|||
[[Категория: Химия]] |
[[Категория: Химия]] |
7 сентябрь 2017, саат 12:40 учурдагы нуска
Ксенон (лат. Xenon, грек. Xenos - чоочун),– Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 5-мезгилинин VIIIА группа элементи, асыл газдарга кирет, к.н. 54, ат. м. 131,30. 1898-ж. У.Рамзай менен М.Траверс ачкан, ал эми алгачкы хим. бирикмесин XePtF6 Н.Бартлет алган. Табигый К. туруктуу 9 изотоп аралашмасынан турат: 124Xe (0,096 % көлөмү б-ча), 126Xe (26,98 %), 128Xe (10,44 %), 129Xe (0,090 %), 130Xe (1,92 %), 131Xe (24,44 %), 132Xe (4,08 %), 134Xe (21,18 %), 136Xe (8,78 %). Уран минералынан жана ядролук жарылууда бөлүнгөн К. изотоптору (133Xe, 135Xe) b нурларын бөлүп чыгарат. Окистенүү даражалары +2, +4, +6, +8. Иондошуу энергиясы: Xe0 ® Xe+ ® Xe2+ ® Xe3+ ® Xe4+ (эВ м-н) 12,13; 21,21; 32,13; 46,62 барабар. Полинг б-ча терс электрдүүлүгү 2,6; ат. радиусу 2,18, коваленттик радиусу 1,30. Атмосфера курамында 8,7×10-6 % (көлөм б-ча), жалпы запасы 1,6×1011 м3 түзөт. Жер кыртышында ураны бар кендерде кездешет. К. мол-сы бир атомдон турган түссүз, жытсыз газ; кайноо темп-расы 108оС; катуу абалындагы тыгызд. 2,700 г/см3 (133о К), суюк – 2,987 г/см3 (165о К), газ – 5,85 кг/см3 (273оК, 0,1 МПа). Катуу К. кубдук кристаллдык торчого ээ: a=6,197Е (58оК); z=4. Сууда эригичтиги 0,242×10-3 м3/кг - 0,1 МПа, 273о К жана 0,097×10-3 м3/кг - 0,1 МПа, 298о К. К. суу жана башка орг. заттар менен клатраттар, галогендер менен эксимердик бирикмелер XeF, XeF4, XeF6, XeO4, Xe×6H2O ж.б. пайда кылат. Перксенаттары да белгилүү: Na4XeO6× XeO4 балкып эрүү темп-расы 5,80С; FХeOClO3, Xe(OClO3), FХeSO3F, XeCl2, XeCl4, XeClF, XeBr2 ж.б. К. абадан алышат. Электр-вакуумдук техникада, жарык берүүчү лампада газ разрядын жана импульстук кубаттуу жарык берүүчү булактарын алууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | |||||||||||||||||||||||||
1 | H | He | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Li | Be | B | C | N | O | F | Ne | ||||||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Na | Mg | Al | Si | P | S | Cl | Ar | ||||||||||||||||||||||||||||||||||
4 | K | Ca | Sc | Ti | V | Cr | Mn | Fe | Co | Ni | Cu | Zn | Ga | Ge | As | Se | Br | Kr | ||||||||||||||||||||||||
5 | Rb | Sr | Y | Zr | Nb | Mo | Tc | Ru | Rh | Pd | Ag | Cd | In | Sn | Sb | Te | I | Xe | ||||||||||||||||||||||||
6 | Cs | Ba | La | Ce | Pr | Nd | Pm | Sm | Eu | Gd | Tb | Dy | Ho | Er | Tm | Yb | Lu | Hf | Ta | W | Re | Os | Ir | Pt | Au | Hg | Tl | Pb | Bi | Po | At | Rn | ||||||||||
7 | Fr | Ra | Ac | Th | Pa | U | Np | Pu | Am | Cm | Bk | Cf | Es | Fm | Md | No | Lr | Rf | Db | Sg | Bh | Hs | Mt | Ds | Rg | Cn | Nh | Fl | Mc | Lv | Ts | Og | ||||||||||
|