Геологиялык карталар: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ image
 
7-сап: 7-сап:
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4


[[Категория:География]]
[[Категория:Геология]]

30 ноябрь 2017, саат 21:42 учурдагы соңку нуска

Геологиялык карта.

Геологиялык карталар – жер бетиндеги белгилүү бир аймактын геологиялык түзүлүшү чагылдырылып, кагаз бетине түшүрүлүшү. Геологиялык карталар геологиялык съёмка жүргүзүүнүн жана геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында түзүлөт. Геологиялык карталарда түрдүү шарттуу белгилер (түстүү боёк, сызыкча, тамга, сан ж. б.) менен тоо тектердин жайгашуусу, таралышы, түрлөрү, курамы, жашы, кен байлыктар ж. б. көрсөтүлөт. Геологиялык карталардын жанына геологиялык кесилиш, стратиграфиялык колонка, шарттуу белгилер жана алардын түшүндүрмөлөрү берилет.

Геологиялык карталар мазмунуна карай накта Геологиялык карталар жана антропогендик (төртүнчүлүк) чөкмөлөрдүн, тектоникалык, литология-фациялык, палеогеографиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык карталар, ошондой эле кен байлыктарды, кендерди божомолдоочу жана геохимиялык карталар деп, ал эми масштабы боюнча кичине масштабдуу (1:1000 000, 1:500000), орто масштабдуу (1:100 000, 1:200 000), ири масштабдуу (1:50 000, 1:25 000) жана дыкат (1:10 000, 1:5000, 1:2000) карталар деп бөлүнөт. Геологиялык карталар боюнча жер кыртышынын түзүлүшү, өнүгүп-өөрчүшү, андагы кен байлыктардын таралуу закон ченеми жөнүндө маалыматтар алынат. Ал маалыматтар геологиялык издөө-чалгындоо жумуштарын долбоорлоого, калкты суу менен камсыз кылууга, инженердик геология жана мелиорация боюнча изилдөө жана курулуш иштерин жүргүзүүгө негиз болот. Көпчүлүк Геологиялык карталар жеринде геологиялык карта түзүү иштеринин натыйжасында жана атайы жобонун (инструкциянын) негизинде жасалат. Картага адатта шарттуу белгилер (легенда) жана түшүндүрүү тексти менен кошо тоо тектердин пайда болушунун ыраатуулугу көрсөтүлгөн стратиграфиялык колонка, ошондой эле тоо тек катмарларынын, кен-таш тулкуларынын, тектоникалык жаракалардын жайгашуу абалдары, калыңдыгы, курамы ж. б. чагылдырылган геологиялык кесилиш берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]