Пакистан: нускалардын айырмасы

Википедия дан
link + template
м Beka777Z moved page Пакистан to Пакыстан
(Айырма жок)

12 декабрь 2017, саат 10:53 учурдагы нуска

Пакистан.

Пакистан, Пакистан Ислам Республикасы (Ислами Жумхурие Пакистан) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Афганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Индия менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км2 (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 190,3 млн (2012; калкынын саны боюнча дүйнөдө 6-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупийи.

Пакистан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык атом энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

Пакистан федерациялык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш демократиялык республика. Мамлекет башчысы – президент. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011) Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент. Ал эки палатадан турат: төмөнкү (Улуттук ассамблея) жана жогорку (Сенат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт. Пакистанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Пакистан мусулман лигасы, Пакистан элдик партиясы, Пакистан коммунисттик партиясы ж. б.

Колдонулган адабияттар