Геосинклиналь: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
 
1-сап: 1-сап:
'''Геосинклиналь''' (гео... жана синклиналь) – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын платформага карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы тектониканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Геосинклинальдын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын терең катмарлары менен үстүнкү мантиянын өнүгүүсүнө жана тектоникалык терең жаракаларга тыгыз байланыштуу. Геосинклиналдын узуну жүздөгөн км, эни андан куушураак келип, адатта тектоникалык ири терең жаракалар менен чектелет. Геосинклиналда чөкмө тоо тектердин калың (15-25 км) катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, магматизм жана метаморфизм процесстери күчөп, тоо тек катмарлары бүктөлүүлөргө учурайт. Натыйжада, тоо системалары (орогенден) пайда болот. Бир нече Геосинклиналдык циклден турган, байыркы платформалар менен чектеш жер кыртышынын Геосинклиналдуу ири бөлүгү Геосинклиналь кырчоосу жаралат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер ортолук деңиздик, Урал-Моңгол-Охота, Атлантика, Арктика) Геосинклиналь кырчоосу бар. Структуралык планы жана негизги бүктөлүүлөрүнүн жашы менен айырмаланып турган Геосинклиналдуу жерлерде Геосинклиналдык аймак (облус) бөлүнөт. Геосинклиналдык аймактын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона Геосинклиналдык система, тынчыраак абалдагысы ортоңку массив деп аталат. «Геосинклиналь» терминин алгачкы жолу (1873) америкалык геолог. Ж. Дана киргизген, бирок анын илимий түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Франциялык геолог Э. Ог (1900) Геосинклиналды платформага каршы түшүнүк катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Геосинклиналдын өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын немец геологу Э. Краус белгилеген. Америкалык геолог Ч. Шухерт Геосинклиналдардын алгачкы жиктелишин (классификациясын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграциясы жөнүндөгү идеяны айткан. Немец геологу Х. Штилле Геосинклиналдардын өнүгүшү менен магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, Геосинклиналдарды эвгеосинклиналь менен миогеосинклиналга ажыраткан. 20-кылымдын 30-жылдарынан Геосинклиналды изилдөөгө советтик геологдор да активдүү киришет. Алгачкы ирет (1901) Ф. Ю. Левинсон-Лессинг жана К. Богданович тарабынан ишке ашырылган. А. Д. Архангельский (1933) Геосинклиналдын аймак (облус) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938-40) Кавказ тоолорун изилдөөдөн Геосинклиналдын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Теңиртоо, Урал ж. б. Геосинклиналдуу аймактарды изилдеп, Геосинклиналдардын пайда болушуна жана эволюциясында негизги роль ойногон тектоникалык терең жаракалар жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Н. С. Шатский (1947) Геосинклиналдык жана платформалык аймактар Жер мантиясынын терең бөлүктөрүнүн түзүлүшү жана алардын физикалык абалы менен тыгыз байланыштуу экенин аныктап, Геосинклиналдарды өнүгүү тарыхы менен өзгөчөлөнгөн Геосинклиналдык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов менен В. Е. Хаин Геосинклиналдык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, Геосинклиналдын өнүгүү стадияларын такташкан. Кийинки кездерде Геосинклиналга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда америкалык геологдор Ж. М. Кей, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Геосинклиналды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап Геосинклиналь жөнүндөгү окууга (Геосинклиналь теориясына) айланды. Бул окуу жер кыртышынын эволюциясы жөнүндөгү негизги илимдердин бири болуп саналат.
'''Геосинклиналь''' (гео... жана синклиналь) – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын платформага карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы тектониканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Геосинклинальдын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын терең катмарлары менен үстүнкү мантиянын өнүгүүсүнө жана тектоникалык терең жаракаларга тыгыз байланыштуу. Геосинклиналдын узуну жүздөгөн км, эни андан куушураак келип, адатта тектоникалык ири терең жаракалар менен чектелет. Геосинклиналда чөкмө тоо тектердин калың (15-25 км) катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, магматизм жана метаморфизм процесстери күчөп, тоо тек катмарлары бүктөлүүлөргө учурайт. Натыйжада, тоо системалары (орогенден) пайда болот. Бир нече Геосинклиналдык циклден турган, байыркы платформалар менен чектеш жер кыртышынын Геосинклиналдуу ири бөлүгү Геосинклиналь кырчоосу жаралат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер ортолук деңиздик, Урал-Моңгол-Охота, Атлантика, Арктика) Геосинклиналь кырчоосу бар. Структуралык планы жана негизги бүктөлүүлөрүнүн жашы менен айырмаланып турган Геосинклиналдуу жерлерде Геосинклиналдык аймак (облус) бөлүнөт. Геосинклиналдык аймактын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона Геосинклиналдык система, тынчыраак абалдагысы ортоңку массив деп аталат.
«Геосинклиналь» терминин алгачкы жолу (1873) америкалык геолог. Ж. Дана киргизген, бирок анын илимий түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Франциялык геолог Э. Ог (1900) Геосинклиналды платформага каршы түшүнүк катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Геосинклиналдын өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын немец геологу Э. Краус белгилеген. Америкалык геолог Ч. Шухерт Геосинклиналдардын алгачкы жиктелишин (классификациясын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграциясы жөнүндөгү идеяны айткан. Немец геологу Х. Штилле Геосинклиналдардын өнүгүшү менен магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, Геосинклиналдарды эвгеосинклиналь менен миогеосинклиналга ажыраткан. 20-кылымдын 30-жылдарынан Геосинклиналды изилдөөгө советтик геологдор да активдүү киришет. Алгачкы ирет (1901) Ф. Ю. Левинсон-Лессинг жана К. Богданович тарабынан ишке ашырылган. А. Д. Архангельский (1933) Геосинклиналдын аймак (облус) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938-40) Кавказ тоолорун изилдөөдөн Геосинклиналдын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Теңиртоо, Урал ж. б. Геосинклиналдуу аймактарды изилдеп, Геосинклиналдардын пайда болушуна жана эволюциясында негизги роль ойногон тектоникалык терең жаракалар жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Н. С. Шатский (1947) Геосинклиналдык жана платформалык аймактар Жер мантиясынын терең бөлүктөрүнүн түзүлүшү жана алардын физикалык абалы менен тыгыз байланыштуу экенин аныктап, Геосинклиналдарды өнүгүү тарыхы менен өзгөчөлөнгөн Геосинклиналдык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов менен В. Е. Хаин Геосинклиналдык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, Геосинклиналдын өнүгүү стадияларын такташкан. Кийинки кездерде Геосинклиналга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда америкалык геологдор Ж. М. Кей, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Геосинклиналды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап Геосинклиналь жөнүндөгү окууга (Геосинклиналь теориясына) айланды. Бул окуу жер кыртышынын эволюциясы жөнүндөгү негизги илимдердин бири болуп саналат.

[[Категория:Жаратылыш]]
== Дагы караңыз ==
* [[Геоантиклиналь]]

==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

[[Категория:География]]
[[Категория:Геология‎]]

28 декабрь 2017, саат 10:38 учурдагы соңку нуска

Геосинклиналь (гео... жана синклиналь) – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын платформага карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы тектониканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Геосинклинальдын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын терең катмарлары менен үстүнкү мантиянын өнүгүүсүнө жана тектоникалык терең жаракаларга тыгыз байланыштуу. Геосинклиналдын узуну жүздөгөн км, эни андан куушураак келип, адатта тектоникалык ири терең жаракалар менен чектелет. Геосинклиналда чөкмө тоо тектердин калың (15-25 км) катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, магматизм жана метаморфизм процесстери күчөп, тоо тек катмарлары бүктөлүүлөргө учурайт. Натыйжада, тоо системалары (орогенден) пайда болот. Бир нече Геосинклиналдык циклден турган, байыркы платформалар менен чектеш жер кыртышынын Геосинклиналдуу ири бөлүгү Геосинклиналь кырчоосу жаралат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер ортолук деңиздик, Урал-Моңгол-Охота, Атлантика, Арктика) Геосинклиналь кырчоосу бар. Структуралык планы жана негизги бүктөлүүлөрүнүн жашы менен айырмаланып турган Геосинклиналдуу жерлерде Геосинклиналдык аймак (облус) бөлүнөт. Геосинклиналдык аймактын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона Геосинклиналдык система, тынчыраак абалдагысы ортоңку массив деп аталат.

«Геосинклиналь» терминин алгачкы жолу (1873) америкалык геолог. Ж. Дана киргизген, бирок анын илимий түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Франциялык геолог Э. Ог (1900) Геосинклиналды платформага каршы түшүнүк катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Геосинклиналдын өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын немец геологу Э. Краус белгилеген. Америкалык геолог Ч. Шухерт Геосинклиналдардын алгачкы жиктелишин (классификациясын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграциясы жөнүндөгү идеяны айткан. Немец геологу Х. Штилле Геосинклиналдардын өнүгүшү менен магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, Геосинклиналдарды эвгеосинклиналь менен миогеосинклиналга ажыраткан. 20-кылымдын 30-жылдарынан Геосинклиналды изилдөөгө советтик геологдор да активдүү киришет. Алгачкы ирет (1901) Ф. Ю. Левинсон-Лессинг жана К. Богданович тарабынан ишке ашырылган. А. Д. Архангельский (1933) Геосинклиналдын аймак (облус) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938-40) Кавказ тоолорун изилдөөдөн Геосинклиналдын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Теңиртоо, Урал ж. б. Геосинклиналдуу аймактарды изилдеп, Геосинклиналдардын пайда болушуна жана эволюциясында негизги роль ойногон тектоникалык терең жаракалар жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Н. С. Шатский (1947) Геосинклиналдык жана платформалык аймактар Жер мантиясынын терең бөлүктөрүнүн түзүлүшү жана алардын физикалык абалы менен тыгыз байланыштуу экенин аныктап, Геосинклиналдарды өнүгүү тарыхы менен өзгөчөлөнгөн Геосинклиналдык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов менен В. Е. Хаин Геосинклиналдык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, Геосинклиналдын өнүгүү стадияларын такташкан. Кийинки кездерде Геосинклиналга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда америкалык геологдор Ж. М. Кей, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Геосинклиналды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап Геосинклиналь жөнүндөгү окууга (Геосинклиналь теориясына) айланды. Бул окуу жер кыртышынын эволюциясы жөнүндөгү негизги илимдердин бири болуп саналат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]