Гаити: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chaoborus moved page Гаити (Арал) to Гаити over redirect: wrong name, wrong interwiki
map + Flag of Haiti.svg
1-сап: 1-сап:
[[Файл:Haiti (orthographic projection).svg|thumb|Гаити.]]
'''Гаити''', Гаити Республикасы – Вест Индиядагы мамлекет. Гаити аралынын батыш бөлүгү менен ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш жана башка аралдардан орун алган. Аянты 27,7 миң км<sup>2</sup>. Калкы 8,3 млн (2006). Мамлекеттик тили француз жана [[гаити]] (креол) тили. Борбору Порт-о-Пренс шаары Гаити административдик жактан 10 департаментке
'''Гаити''', Гаити Республикасы – Вест Индиядагы мамлекет. Гаити аралынын батыш бөлүгү менен ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш жана башка аралдардан орун алган. Аянты 27,7 миң км<sup>2</sup>. [[Калкы]] 8,3 млн (2006). Мамлекеттик тили француз жана гаити (креол) тили. Борбору [[Порт-о-Пренс]] шаары Гаити административдик жактан 10 департаментке Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006): бөлүнөт. Акча бирдиги гурд. Гаити БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) жана башкалардын мүчөсү.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):
бөлүнөт. Акча бирдиги гурд. Гаити БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) жана башкалардын мүчөсү.


==Мамлекеттик түзүлүшү==
==Мамлекеттик түзүлүшү==
[[Файл:Flag of Haiti.svg|thumb]]
Гаити унитардык мамлекет. Конституциясы 1987-ж. 29-мартта кабыл алынган (1996-ж. 8августта референдумда өзгөртүлгөн). Башкаруу формасы аралаш республикалык. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламенттен турат. (Улуттук ассамблея) Депутаттар палатасы жана Сенат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Гаити христиан-демократиялык партиясы жана Гаити социалдык-христиан партиясы.
Гаити унитардык мамлекет. Конституциясы 1987-ж. 29-мартта кабыл алынган (1996-ж. 8августта референдумда өзгөртүлгөн). Башкаруу формасы аралаш республикалык. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламенттен турат. (Улуттук ассамблея) Депутаттар палатасы жана Сенат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Гаити христиан-демократиялык партиясы жана Гаити социалдык-христиан партиясы.


12-сап: 12-сап:
Калкынын 95%ин негрлер (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери католиктер. Орто жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 51,6, аялдарыныкы 54,3 жашаары Ири шаарлары Порт-о-Пренс, Ле-Ке.
Калкынын 95%ин негрлер (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери католиктер. Орто жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 51,6, аялдарыныкы 54,3 жашаары Ири шаарлары Порт-о-Пренс, Ле-Ке.


[[Файл:Toussaint Louverture - Girardin.jpg|thumb]]
Европалыктар келгенге чейин аралды индей уруулары (аравак-таино жана сибон) жердешкен. Таинолор отурукташып жашашкан, алар маис, гозо өстүрүшкөн, ал эми сибондор аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. 15-кылымдын аягына карата алардын жалпы саны болжол менен бир млнго жеткен. 1492-ж. 6-декабрда X. Колумбдун экспедициясы аралды Эспаньола деп атап, Испаниянын колониясына айландырган. Испандар өзүлөрүнүн бийлигин жана динин тааныгысы келбеген жергиликтүү индей урууларын кырып, калгандарын кул кылышкан. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында Испания, Франция жана Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-кылымдын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 1804-ж. арал Францияга көзкарандысыз деп жарыяланып, кулчулук жоюлган жана ага мурдагы Гаити деген индейче аты кайтарылган. Гаити 1807-ж. Гаити Мамлекети (негрлер көзөмөлдөгөн) жана Гаити Республикасы болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1821-ж. генерал Ж. П. Буайе өлкөнү бириктирип, бирдиктүү Гаити республикасын түзгөн. 1825-ж. Франция анын көзкаранды эместигин тааныган. 1844-ж. аралдын Гаитиден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өзалдынча мамлекет Доминикан Республикасы түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939-45) Гаити АКШнын согуш жана сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Гаитиде демократиялык кыймыл кулач жайды. 1957-ж. АКШнын жардамы менен Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин (диктатура) орнотту. Диктатор дүйнөдөн кайткан соң 1971-ж. анын ордун уулу Ж. К. Дювалье ээлейт, ал өзүн 1985-ж. «түбөлүк президент» деп жарыялайт. 1986-ж. башталган толкундоолордун жүрүшүндө Дювалье өлкөдөн качып кетет. 1990-ж. декабрда Ж. Аристид президент болуп шайланды, бирок 1997-ж. аскердик төңкөрүшгөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. 1994-ж. өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген, Аристид президенттик оркнду ээлеген. 2004-ж. ал кайрадан качкан, анын ордуна Б. Александр шайланган. 2006-ж. 14-майда аны Р. Преваль алмаштырган. Учурда өлкөдө ички саясий абал туруксуз бойдон калууда.
Европалыктар келгенге чейин аралды индей уруулары (аравак-таино жана сибон) жердешкен. Таинолор отурукташып жашашкан, алар маис, гозо өстүрүшкөн, ал эми сибондор аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. 15-кылымдын аягына карата алардын жалпы саны болжол менен бир млнго жеткен. 1492-ж. 6-декабрда [[Колумб Христофор|Х. Колумбдун]] экспедициясы аралды Эспаньола деп атап, Испаниянын колониясына айландырган. Испандар өзүлөрүнүн бийлигин жана динин тааныгысы келбеген жергиликтүү индей урууларын кырып, калгандарын кул кылышкан. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында Испания, Франция жана Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-кылымдын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 1804-ж. арал Францияга көзкарандысыз деп жарыяланып, кулчулук жоюлган жана ага мурдагы Гаити деген индейче аты кайтарылган. Гаити 1807-ж. Гаити Мамлекети (негрлер көзөмөлдөгөн) жана Гаити Республикасы болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1821-ж. генерал Ж. П. Буайе өлкөнү бириктирип, бирдиктүү Гаити республикасын түзгөн. 1825-ж. Франция анын көзкаранды эместигин тааныган. 1844-ж. аралдын Гаитиден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өзалдынча мамлекет Доминикан Республикасы түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939-45) Гаити АКШнын согуш жана сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Гаитиде демократиялык кыймыл кулач жайды. 1957-ж. АКШнын жардамы менен Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин (диктатура) орнотту. Диктатор дүйнөдөн кайткан соң 1971-ж. анын ордун уулу Ж. К. Дювалье ээлейт, ал өзүн 1985-ж. «түбөлүк президент» деп жарыялайт. 1986-ж. башталган толкундоолордун жүрүшүндө Дювалье өлкөдөн качып кетет. 1990-ж. декабрда Ж. Аристид президент болуп шайланды, бирок 1997-ж. аскердик төңкөрүшгөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. 1994-ж. өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген, Аристид президенттик оркнду ээлеген. 2004-ж. ал кайрадан качкан, анын ордуна Б. Александр шайланган. 2006-ж. 14-майда аны Р. Преваль алмаштырган. Учурда өлкөдө ички саясий абал туруксуз бойдон калууда.


==Маданияты==
==Маданияты==

29 март 2018, саат 20:47 учурдагы нуска

Гаити.

Гаити, Гаити Республикасы – Вест Индиядагы мамлекет. Гаити аралынын батыш бөлүгү менен ага жакын жаткан Гонав, Тортю, Ваш жана башка аралдардан орун алган. Аянты 27,7 миң км2. Калкы 8,3 млн (2006). Мамлекеттик тили француз жана гаити (креол) тили. Борбору Порт-о-Пренс шаары Гаити административдик жактан 10 департаментке Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006): бөлүнөт. Акча бирдиги гурд. Гаити БУУнун (1945), ЭВФтин (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) жана башкалардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

Гаити унитардык мамлекет. Конституциясы 1987-ж. 29-мартта кабыл алынган (1996-ж. 8августта референдумда өзгөртүлгөн). Башкаруу формасы аралаш республикалык. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламенттен турат. (Улуттук ассамблея) Депутаттар палатасы жана Сенат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Гаити христиан-демократиялык партиясы жана Гаити социалдык-христиан партиясы.

Табияты

Рельефи тоолуу (бийиктиги 2674 мге чейин, ЛаСель тоосу). Аралдары аскалуу. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орто температурасы 23-29°С. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2000 ммге чейин. Ири дарыясы: Артибонит, анда кеме жүрөт. Кюль-де-Сак ойдуңунда Гаитидеги эң ири көл Соматр (113 км2) жайгашкан. Аймагында көбүнчө жалбырагы күбүлмө тропик токою, түштүгүндө дайыма жашыл баалуу дарактар өсөт. Гаитиде жалпы аянты 7,45 миң га болгон 8 коргоого алынган табигый аймактары, андан ичкери Ла-Визит жана Макая улуттук парктары бар.

Калкы

Калкынын 95%ин негрлер (Африкадан алынып келинген кулдардын укум-тукумдары), 5%ин мулаттар түзөт. Динге ишенгендери католиктер. Орто жыштыгы 1 км2 жерге 300 киши. Шаар калкы 41,8% (2005). Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 51,6, аялдарыныкы 54,3 жашаары Ири шаарлары Порт-о-Пренс, Ле-Ке.

Европалыктар келгенге чейин аралды индей уруулары (аравак-таино жана сибон) жердешкен. Таинолор отурукташып жашашкан, алар маис, гозо өстүрүшкөн, ал эми сибондор аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. 15-кылымдын аягына карата алардын жалпы саны болжол менен бир млнго жеткен. 1492-ж. 6-декабрда Х. Колумбдун экспедициясы аралды Эспаньола деп атап, Испаниянын колониясына айландырган. Испандар өзүлөрүнүн бийлигин жана динин тааныгысы келбеген жергиликтүү индей урууларын кырып, калгандарын кул кылышкан. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында Испания, Франция жана Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-кылымдын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 1804-ж. арал Францияга көзкарандысыз деп жарыяланып, кулчулук жоюлган жана ага мурдагы Гаити деген индейче аты кайтарылган. Гаити 1807-ж. Гаити Мамлекети (негрлер көзөмөлдөгөн) жана Гаити Республикасы болуп экиге бөлүнүп кеткен. 1821-ж. генерал Ж. П. Буайе өлкөнү бириктирип, бирдиктүү Гаити республикасын түзгөн. 1825-ж. Франция анын көзкаранды эместигин тааныган. 1844-ж. аралдын Гаитиден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өзалдынча мамлекет Доминикан Республикасы түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939-45) Гаити АКШнын согуш жана сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Гаитиде демократиялык кыймыл кулач жайды. 1957-ж. АКШнын жардамы менен Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин (диктатура) орнотту. Диктатор дүйнөдөн кайткан соң 1971-ж. анын ордун уулу Ж. К. Дювалье ээлейт, ал өзүн 1985-ж. «түбөлүк президент» деп жарыялайт. 1986-ж. башталган толкундоолордун жүрүшүндө Дювалье өлкөдөн качып кетет. 1990-ж. декабрда Ж. Аристид президент болуп шайланды, бирок 1997-ж. аскердик төңкөрүшгөн кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. 1994-ж. өлкөгө БУУнун аскерлери киргизилген, Аристид президенттик оркнду ээлеген. 2004-ж. ал кайрадан качкан, анын ордуна Б. Александр шайланган. 2006-ж. 14-майда аны Р. Преваль алмаштырган. Учурда өлкөдө ички саясий абал туруксуз бойдон калууда.

Маданияты

Гаити – Латын Америкасындагы эң жакыр өлкөлөрдүн катарындагы агрардык өлкө. Дүң продукция наркынын 30% айыл чарба, 20% өнөржайы, 50% тейлөө кызматы берет. Гаитинин аймагынын 49%и айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр; жайыт - 30% , токой - 25% , айыл чарбага жарактуу жерлер - 0,2%. Тоокен тармагында алюминийдин негизги кенташы боксит иштетилет. Өнөржайы начар өнүккөн, деңизден креветка, краб, омар, балык кармашат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: кофе, агава, сизаль, балкамыш, гозо, цитрус, банан, жүгөрү, таруу, шалы. Мал чарбасы көбүнчө тоолуу райондордо. 2003-ж. 546 млн кВтс электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 4160 км. Негизги деңиз порту Порт-о-Пренс. Эл-аралык ири аэропорттору бар (Порт-о-Пренсте, Кап-Аитьенде). Сыртка негизинен текстиль, кофе, кант чыгарат. Негизги соода шериги АКШААРЫ Билим берүүсү 6 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү түрдө жана акысыз. Порт-о-Пренс шаарында университет, политех институт, бир нече менчик унттар, Гаити-Америка институту, илимий - изилдөө институттары, Улуттук музей, Улуттук китепкана, Гаитинин искусство борбору жана башка бар. Гаитиде жалпы тиражы 35 миң нуска болгон 14 гезит, журналдар чыгат. 1930-жылдан радиоуктуруусу иштейт. Эки телекөрсөтүү станциясы бар. Адабияты негизинен француз, ошондой эле креол тилинде да өнүгүүдө. Архралык эстеликтеринен Порт-о-Пренстеги собор (18-к.), Кап-Антен шаарына жакын Ло-Ферьер цитадели (19-к.) жана Сан-Суси аксарайы (1811-12) бар.

Колдонулган адабияттар