Каймак: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
6-сап: 6-сап:
[[Категория:Айыл чарба]]
[[Категория:Айыл чарба]]
[[Категория:Кыргыз ашканасы]]
[[Категория:Кыргыз ашканасы]]
[[Категория:Сүт азыктары]]

14 июль 2018, саат 07:48 учурдагы нуска

Каймак – ынак сүттү сүт тартуучу машинада (сепаратордо) тартуу менен алынуучу сүт азыгы; сүгтөн даярдалган байыркы сүт азыгынын бири. Сүт тартуучу машина ойлоп чыгарылганга чейин Каймак алуу үчүн уйдун, койдун жана эчкинин сүтү бышырылып же чийки 12-24 саат коюлуп, үстүңкү катмары калпып алынган. Каймак жасалышы жана даамына жараша айырмаланат. Чийки сүттүн Каймагы камкаймак; бышырылган нак сүттүкү коймо Каймак; чөбөгөсү бөлүнбөй, чала сызгырылып, ага ун чалынып, сүт, бал кошулганы бал Каймак; жылуу сүттү машинада тартып алынганы тартылган Каймак; тартылган Каймакка айран кошуп, бир нече саат муздатылып, ө. ж-да чыгарылганы ачытма Каймак (сметана) деп аталат. Азыр Каймакты массалык чыгаруу атайын сүт заводдорунда жүргүзүлөт. Каймак демейде 10, 20, 35%түү майлуулукта чыгарылат. Каймактын курамында 1035% май, 3,4%тей белок, 4,2%ке жакын сүт канты, минерал заттар 0,3-0,6% болот. Тамак-аш өнөр-жайында кургак Каймак да жасалат. Каймак май, ачытма Каймак бал муздак ж. б. азыктарды алууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар