Хордалуу: нускалардын айырмасы

Википедия дан
мNo edit summary
м ImeNtrav moved page Хордалуулар to Хордалуу
(Айырма жок)

25 июль 2018, саат 10:18 учурдагы нуска

Хордалуулар (лат. Chordata) - экинчи ооздуу жаныбарлар тиби.

Аларга ичеги үстүндө жаткан скелет огу - хорда мүнөздүү. Бардык Хордалууларда хорданын үстүндө өмүр бою сакталуучу арка нерв түтүгү болуп, андан мээ жана жүлүн пайда болгон. Сууда жашоочулардын колкосунда метомердүү бакалоор жылчыкчалары өмүр бою сакталат, ал эми кургакта жашоочу (өпкөсү менен дем алуучулар) омурткалууларда өөрчүүнүн алгачкы стадиясында - онтогенезинде гана болот.

Алардын 3 типчеси - баш хордалуулар, челдүүлөр, омурткалуулар, 40 000дей түрү, анын 3800дөйү омурткалуулар. Алар ар түрдүү шарттарда (сууда, чөлдө, тоодо ж. б.) жашайт. Бардык Хордалуулардын түпкү теги бир болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4