Көлн: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м fix box
3-сап: 3-сап:
|кыргызча аталышы = Көльн
|кыргызча аталышы = Көльн
|расмий аталышы = Köln
|расмий аталышы = Köln
|сурөтү = [[Сүрөт:Sepulcher of Poblicius Römisch-Germanisches Museum Cologne 2.jpg|330px]]
|сүрөт = Sepulcher of Poblicius Römisch-Germanisches Museum Cologne 2.jpg
|сүрөт ачыктамасы =
|баш ийгени =
|баш ийгени =
|өлкө = Германия
|өлкө = Германия

24 ноябрь 2018, саат 00:40 учурдагы нуска

Көльн
Köln
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Германия

Облус түрү

Германия жерлери|Жер

Облус

Түндүк Рейн-Вестфалия

Таблицадагы облус

Түндүк Рейн-Вестфалия

Район түрү

Германиянын райондору|Район

Таблицадагы район

Линденталь (район)|Линденталь

Ички бөлүнүшү

9 ички район

Юрген Ротерс

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

405,15

Бийиктиктиги

37,5-118,04

Калкы
Калкынын саны

1007119 (2010)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

Телефон коду

02 21 ,0 22 03,0 22 32,0 22 33

Почта индекси

50441-51149

Автоунаа коду

K

http://www.stadt-koeln.de/

Көльн (нем. Köln) — Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бирдик). Көльн административдик округуна карайт. Линденталь районуна кирет.

Калкы 1,0 млн киши (2010);[1] калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург жана Мюнхенден кийин). Болжолдуу аянты - 405,15 км². Мамлекет ичинде бекитилген расмий коду05 3 15 000. Мэр — Юрген Ротерс.

Шаар административдик курамы боюнча 9 шаардык районго бөлүнөт.

Рейн дарыясындагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Ага жакын жайгашкан шаарспутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Германиянын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбору. Машина куруу (транспорт, айыл чарба, оор, электртехникалык, радио-электроника ж. б.), нефть ажыратуу, нефть-химиялык, текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки өнөр-жай ишканалары иштейт. Көльн – дүйнөлүк маанидеги автомобиль өнөр жай борбору. Америкалык «Ford Motor Company» жана япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб-квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Метрополитен иштейт. Университеттер (анын ичинде Көльн), китепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык музей (анын ичинде көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Вальраф-Рихарц-Людвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия искусствосу ж. б.) бар. Көльн – Европанын музыкалык театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (анын ичинде опера жана балет), Мамлекеттик жогорку музыка мектеби, филармония, ири концерт залдары иштейт. Б. з. ч. 1-кылымдан белгилүү. 785–1273-жылдары архиепископтуктун борбору. Орто кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири болгон. 1475-ж. эркин империя шаар статусун алган. 1946-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин курамында. Роман (10–13-кылымдар) жана барокко (17–18-кылымдар) стилиндеги чиркөөлөр, готика стилиндеги собор (13–19-кылымдар), ратуша (14–15-кылымдар), турак жайлар (13-кылым), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-кылымдар) сакталган. Эл аралык музыка фестивалдары жана бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботан. багы (экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.

Колдонулган адабияттар

Шилтемелер

Тышкы шилтемелер

Калып:Германия:Линденталь Район:Шаарлар