Гарри Поттер: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Шилтемелер: create {{Гарри Поттер}}
18-сап: 18-сап:
== Шилтемелер ==
== Шилтемелер ==


{{Гарри Поттер}}
[[Категория:Китептер]]
[[Категория:Китептер]]
[[Категория:Британия адабияты]]
[[Категория:Британия адабияты]]

30 ноябрь 2018, саат 06:26 учурдагы нуска

"Гарри Поттер" (англ. Harry Potter) — британиялык жазуучу Жоан Роулиңдин калемине таандык фантастикалык романдар сериясы. Романдардагы окуялар Хогвартстагы сыйкырчылар мектебинде билим алган жаш сыйкырчы Гарри Поттер жана анын достору Гермиона Грейнжер менен Рон Уислинин жашоосу тууралуу баяндайт. Негизги окуя Гарринин караңгы күчкө ээ болгон жана өлбөстүккө умтулган сыйкырчы Лорд Волдемортко каршы күрөшүнүн айланасында өнүгөт. Гарри Сыйкыр министрлиги деп аталган бөлүмдү жоюп, бардык сыйкырчылар менен сыйкырчы эмес кишилерди бийликтен кулатууга аракет кылат.

Хогвартс.

"Гарри Поттер жана философтун ташы" аттуу биринчи роман 1997-жылдын 26-июнунда жарык көргөндөн бери китептер дүйнөдө окурмандардын кеңири катмарында популярдуу болуп, сынчылардын оң баасына татыган жана коммерциялык ийгилик жарата алган. Китептер чоң кишилер менен катар жаш окурмандардын да көңүлүн буруп, көбүнчөсү заманбап жаштар адабиятынын пайдубалы катары кабыл алынып келет. Китептер сериясы сын-пикирлерге да кабылган. Сын-пикирлер окуянын өнүгүшү бара-бара күңүрт маанай жана ошондой эле зордук-зомбулуктун коркунучтуу жана графикалык сүрөттөлүшү менен коштолгону боюнча айтылган. 2013-жылдын май айына карата дүйнө жүзү боюнча китептин 500 миллиондон ашык нускасы сатылып, тарыхта китептер сериясындагы эң көп сатылган бестселлерге айланган. Ал эми китеп жетимиш үч тилге которулган. Акыркы төрт китеп биринин артынан экинчиси сатылып олтуруп, тарыхта эң тез сатылган китептер болуп калган. Акыркы бөлүмү басылып чыгаары менен АКШда 24 сааттын ичинде жалпысынан 11 млн нускада сатылган.

Китептер сериясы башында эки ири басмаканалардын, Бириккен Падышалыктагы Bloomsbury жана Америка Кошмо Штаттарындагы Scholastic Press тарабынан англис тилинде басылып чыгарылган. Роулиң кошо жазышкан "Гарри Поттер жана наалатка калган наристе" спектаклинин бет ачары 2016-жылдын 30-июлунда Лондондогу Palace театрында болуп өткөн. Анын сценарийин Little, Brown басмаканасы бул сериянын сегизинчи китеби катары басып чыгарган. Баштапкы жети китеп Warner Bros. Pictures компаниясы тарабынан сегиз тасмага ылайыкташтырылган жана 2015-жылдын август айына карата жалпы жонунан эң көп киреше алып келген тасма сериялар тизмесинде 2-орунга чыккан. 2016-жылы "Гарри Поттер" франшизасы 25 миллиард долларга бааланып, "Гарри Поттер" тарыхта жалпы жонунан эң көп киреше алып келген медиага айланган.

Фэнтези, драма, бойго жетүү, британ мектеп окуялары (сырдуулук, триллер, окуя, коркунуч жана романс элементтери) сыяктуу көптөгөн жанрларды өзүнө камтыган "Гарри Поттер" дүйнөсү бир канча темаларды изилдейт жана анда маданий маанилер менен маалыматтарды табууга болот. Роулиңдин айтымында, башкы тема — бул өлүм. Бул сериядагы башка маанилүү темалар сокур ишенимди, бузукулукту жана акылсыздыкты камтыйт.

Китептер менен тасмалардын ийгилиги "Гарри Поттер" франшизасынын кеңири кулач жайышына өбөлгө түзгөн. Көптөгөн туурама эмгектер жарык көрүп, 2009-жылы Чикагодо көчмө көргөзмөнүн бет ачары өткөн, 2012-жылы Лондондо студиялык тур ачылып, андагы санарип платформада Роулиң бутактама эмгектер жана башка жагдайлар тууралуу жаңы маалыматтарды берип турган. Жакында эле "Гарри Поттердин сыйкыр дүйнөсү" деп аталган тематикалык аттракциондор дүйнө жүзү боюнча Universal Parks & Resorts парктарында курулган.

Сюжети

Каармандары

Шилтемелер