12 ачуулу киши: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
42-сап: 42-сап:


== Шилтемелер ==
== Шилтемелер ==

[[Категория:АКШ тасмалары]]
[[Категория:АКШ тасмалары]]
[[Категория:Кинолор]]
[[Категория:1957-жыл]]

2 декабрь 2018, саат 12:31 учурдагы нуска

12 ачуулу киши
Режиссеру Сидней Лүмет
Продюсер
Сценарийи Режиналд Роуз
Оператору Борис Кауфман
Тартылгандар
Музыкасы Кеньон Хопкинс
Редактору Карл Лернер
Студия Orion-Nova Productions
Жайылтуучу United Artists
Чыккан жылы
  • апрель 13, 1957 (1957-04-13)
Узактыгы 96 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $340,000[1][2]
Киреше $1,000,000 (rentals)[3]

"Ачуулу 12 киши"(англ. 12 Angry Men, орус. 12 разгневанных мужчин) — Режиналд Ростун ушундай аталыштагы телефильминин негизинде 1957-ж. тартылган америкалык сот драмасы жанрындагы фильм. Фильмдин сценарийин Рос өзү жазган жана тартууга катышкан. Сидней Люметтин режиссерлугунда тартылган, 12 кишиден турган сот арачылары тобу негиздүү шектенүү менен айыпталуучуну күнөлүү же күнөсүз деп тапкан талкууну чагылдырган сот фильми. Америка Кошмо Штаттарында көпчүлүк сот процесстеринде сот арачылары тобунун өкүм-чечими бир добуштан болушу керек. Фильм бир сценаны дээрлик толук пайдаланганы менен айырмаланат: көрсөтүлгөн 96 мүнөттүн ичинен үч мүнөт гана сот арачылары бөлмөсүнөн сырткары орун алган.

"Ачуулу 12 киши" - консенсуска жетүүнүн көп ыкмаларын, процессте пайда болгон конфликтер жана чыңалуу катышуучулардын жеке өзгөчөлүктөрү менен шартталаарын ачып берет. Сот арачыларынын экөө тасманын эң аягында таанышканга чейин бир дагы кишинин аты колдонулбайт. Соттолуучуга "бала", күбөлөргө "Карган киши" жана "Жолдун аркы бетинде жашаган айым" деп кайрылышат.

2007-жылы, тасма Конгрессинин китепканасы тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын улуттук кино реестринде "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуулугу" үчүн сактап калууга тандалып алынган. АКШ кино институтунун топ 10 тизмесин (AFI's 10 Top) түзүүдө, фильм бардык убакыттагы экинчи эң мыкты сот драмасы жана Rotten Tomatoes' Top тарабынан эң мыкты сот драмасы деп таанылган.

Сюжет

Тартылгандар

Шилтемелер

  1. Box Office Information for 12 Angry Men. The Numbers. Retrieved April 14, 2012.
  2. Anita Ekberg Chosen for 'Mimi' Role Louella Parsons:. The Washington Post and Times Herald (1954-1959) [Washington, D.C] 08 Apr 1957: A18.
  3. "Top Grosses of 1957", Variety, 8 January 1958: 30